"Тарыхый билдирүүсү" ордун таба албай калды
Газ кымбаттады
Өткөн жылдын октябрь айында Казакстан жаратылыш газын арзанга сатып баштаганда, ошол кездеги өкмөттүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов өзүнө упай топтош үчүнбү же чын эле жетине албай кеттиби, айтор "Кыргызстандын 20 жылдык тарыхында газ биринчи ирээт арзандады" деп жарыя кылып жиберген эле. Ушул "тарыхый билдирүүдөн" көп өтпөй газ калк үчүн 3%га кымбатады эле, эми дагы 11%га көтөрүлүп, керектөөчү эл бир куб газ үчүн 14,5 сомдон төлөшө турган болду. Ошентип, өткөн жылкы президенттик шайлоо алдында А. Атамбаевдин пенсия, пособиелерге кошуп берген акчасы азыркы газдын жартысына да жетпей калды…
Ногойбай Султанов




Пайшамбада, тоесть бейшембиде
Өмүрбек Бабанов Аскарбек Шадиевди "сокту"
19-январь, бейшемби күнү өкмөт жыйынында өзүнүн партиялашы, ошол партиянын атынан 2010-жылы энергетика министрлигине көтөрмөлөгөн, жакында аны кайра министр кылып бекиткен Аскарбек Шадиевди "энергетика тармагындагы реформаңыз кана? Бул тармакты Бакиевдин жолунун бет ачаары кылып жатасыз" - деп катуу айтыптыр да, ага сөгүш жарыялады. Сыягы, Ө. Бабанов "бей своих, чтобы чужие боялись" деп, орустар айткандай кылса, кыргыздын бир бечера келини мындай деп айткандай кылыптыр. Ошол келин жөнүндөгү окуя мындай: Бир келин кошуна келинге барып, "күйөөм кечээ ичип келип, алдына жаткызып тизеси менен төшүмдү басып алып, аябай сабады" - деп даттанат экен. Анда угуп отурган тигил келин - я ботом, ошентип сабап жатса деле унчукпай жата бердиңби, бетин тытып албайсынбы, ал акмактын - деп ачууланат дейт. Токмок жеп, даттанып келген келин "мен деле оңой кылган жокмун, алдында жатсамда күйөөмдү акшыя үч жолу карадым" - деп эрдемсинип коет дейт. Анын сыңарындай электр энергиясы өлкө боюнча тынымсыз өчүрүлүп, ортодо эл азап чегип жатса да Ө. Бабанов А. Шадиевди кекете сүйлөп, акшыя карап, анан сөгүш бериптир. Оо, бул оңой эмес да, Ө. Бабановдун сөгүш "бергени".
Энергетика жана өнөр жай министри эмнеге сөгүш алды экен дебейсиңерби? Өткөн 2011-жылы өлкө боюнча 12 миң электр өчүрүүлөрү болуптур. Бул албетте А. Шадиев энергетика менен кошо тейлеген өнөр жайга өтө терс таасирин тийгизүүдө. Башканы айтпаганда да, өнөр жай тармагынын флагманы болгон тигүү цехтери "тыным албай токтоп калууда" - деп даттанып чалышууда, редакциябызга тигүүчүлөр. Ушул жерде мындай бир кызык суроо туулат. Энергетиканы бөлүштүрүүчү тармактар "өткөн жылдарга салыштырмалуу азыркы учурларда энергия ашыкча лимитте колдонулуп жатат" дешип, байма-бай сводка беришүүдө. Бирок, бизди таң калтырганы жогоруда айтылгандай бир жылда 12 миң ирээт өчүрүлүү болуп жатса кайдагы ашыкча лимит? Тескерисинче, бир өчүрүүнү минималдуу 2 сааттан алганда 24 миң кв. саат электро энергия үнөмдөлүп жатпайбы. Эми муну биз эмес эсепчилер эсептеп, тактап көрөөр. Биз аларга тек ойлогонго жем таштап койгонубуз болсун. Айтмакчы, Бишкектеги эскилиги жеткен узундугу 1000 киллометр электр кабелдерин жаңыртыш үчүн 1 миллиард 590 миң сом каражат керек экен. Бул маселе деле көп жетпей турган чексиз мейкиндик эмес. Бийлик бутактары 2 эле жыл белдерин, тамактарын бек бууп, өздөрүнө бөлүштүргөн акчаларын аз сарптап койсо эле бүтүрүлүүчү, аткарылуучу иш. Бирок, бул ишти аткарганга өзүбүздүн адистерге, жумушчуларга ыраа көрбөй, дагы эле баягы кытайларга ыйгарганы турушат дейт, бийликтегилер.

Ногойбай Султанов




А-уу, МЧС шаарды суу каптап кетти
Же өзгөчө кырдаалдар министри болгон Кубатбек Боронов алигиче кызматын жууп, майлап бүтө албай, өзүндө "өзгөчө кырдаал" болуп жатабы?

Бишкекти аралай кесип өткөн Ала-Арча каналындагы суу аралашкан шыргалаң 2 күн катары көтөрүлүп отуруп, акыры 2012-жылдын 24-январында жээке чыгып кетип, Малдыбаев көчөсүндөгү үйлөрдү, ал жерде жайгашкан гараждарды каптап кетти. Ал жакта жашаган эл, ошол тарапка каттап жатышкан жүргүнчүлөр кыйла кыжаалатты баштарынан өткөзүшүп, Бишкек мэриясын, Өзгөчө кырдаалдар министрин ашата сөгүп жаткандарына кабарчыбыз күбө болду.
Бул каналдын музун жакында эле "тазалашкан" экен, сыягы түзүк тазалабай коюшса керек. "Каналды тазалоого сарптадык" деп канча акчаны сол чөнтөккө урду болду экен, эргулдар? Республика партиясынан Өзгөчө кырдаалдар министри болгон Кубатбек Боронов алигиче кызматын жууп, майлап бүтө албай, өзүндө "өзгөчө кырдаал" болуп жатканбы же партиялашы Ө. Бабановго таянып, мурдун балта кеспей жатабы - борбордогу үйлөрдү, көчөлөрдү муз аралаш суу каптап жатса кыймылдабаганына караганда.
Республикачыл дагы бир "көзүр" А. Шадиевдин энергиясы болсо тынымсыз өчүп жатат "жалп, жалп" этип тигинтип (төмөн жагыңызды карсаңыз).

"Айгай-пресс"




Соксо дагы, "сөксө" дагы
Жарык жок!
В Бишкеке жители вышли на акции протеста из-за отключения электричества
В Бишкеке из-за отключения электричества на акции протеста вышли жители. Так, вечером 23 января жители Рабочего городка перекрыли улицу Чапаева…
По их словам, уже несколько дней в их домах вновь нет света. Обращения в энергокомании и мэрию, как они заявили, не дают результатов.
Кроме того, на митинг вышли и жители Кызыл-Аскера, которые также жалуются на перебои с энергоснабжением. Недовольные перекрыли на некоторое время улицу, заблокировав движение транспорта.
Ранее жители этих двух районов уже выходили с митингами.
Как ранее поясняли энергетики, электроснабжение в некоторых районах города прерывается из-за аварийных отключений. Они отмечают повышенное потребление электроэнергии населением из-за стоящих в последние несколько дней морозов.

Редакциядан: Кечээ борбордун ортосу болгон Чыгыш 5 кичи районунда да жарык "оптом" өчтү. Борбордун дагы далай жерлеринде жарык жок. Ал эми ишемби күнү борбордогу Улуттук госпиталда жарык 2 саат өчүп, операция столунда жаткандар фонарик, кытай чырактары менен жасалды, бул не деген шумдук!