Аттиң, "аппак мраморлор"
Жогорку Кеңеш - Акционердик коомбу?
(Уландысы. Башы 3-бетте)
"Конпенсациялоо - деп аталган түшүнүк КРнын Эмгек, граждандык кодекстеринде жана башка мыйзамдарда ачык жана даана жазылып турбайбы, кайсы учурда мамлекет тарабынан тигил же бул тараптарга компенсация төлөнөөрү жөнүндө. Бирок, депутат же башка "аяк бошотоор" мамлекеттик унаадан баш тартса, компенсация төлөнөт деп жазылган эмес. Ошол депутаттардын "мотуракайларын" айтпаганда, беркилеринин эсинде болсо керек, 1990- жылы "Павловдук реформа" деп аталган кылмыштуу иште миңдеген жарандардын сактык кассаларындагы маңдай тери менен тапкан акчалары миң эсе арзандап, күйүп кеткен. Элдин 1990-жылдагы адал эмгек, маңдай тери менен тапкан, күйгөн акчаларын азыркы мамлекет ошол Советтик Социалисттик Кыргыз Республикасынын мураскору катары компенсациялап бериши керек, качандыр бир кездерде байып, мүмкүнчүлүк болгон учурда. Мына ушундай жагдайлар чындыкка, логикага жакын, жанагы компенсациялоо жөнүндөгү маселени сүйлөсөк, эгер.
Кыскасы, канчалык жаап-жашырайын десең "нысапсыз кашык салса беш ууртайт" - деген макалдай, депутаттардын өздөрү нысапсыздыгын кылыктары менен көп эле далилдеп келе жатат. Кыргыз эмес, дүйнөнүн илимий чөйрөсүнө таанымал академиктер мисалы, Апас Бакиров, Иляс Ботбаев, дүйнөнүн искусство чөйрөсүндөгү СССРдин эл артистери Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтоакунова, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары Уран Сарбагышев, Рейна Чокоева, кино ишмерлер Болот Шамшиев, Нуртай Борбиев жана башкалар: "биз кыргыз мамлекетинин илимин, көркөм өнөрүн чет элдерге таанытканбыз, эмгегибиздин убайын эл, мамлекет көргөн, ошондуктан бизге айына 30 миң сомдон стипендия чектеп бергиле" - деп догун артышкан жок го. Эгер анте турушкан болсо, жогорудагы депутат Бокоевдин "догурунганына" салыштырганда бул ишмерлердики окшошмок. Ал ишмерлер чынында мамлекет менен доолашса деле жарашмак, бирок андайга барышкан жок. Себеби, алар башка маданияттуу, акчадан абийирди туу туткан нысаптуу инсандар. Аттиңдики, депутаттар эле эмес, башка атка минерлер да ушул адамдардан үлгү алышса кем же кемтик болуп калмак эмес. Дегеним, акча адамды даңазалабайт, абийир даңазалап, ажарын ачып тураарын бизге чейинки нечен акылмандар айтып өткөн....

Жолдошбек Токоев




Биздин мекен "жарыкка бай, шаңга бай"
Топозчу скрипкада, кесиби тракторист виоленчелде, бухгалтер литаврда,
чач тарач габойдо, сантехник саксофондо ойноп жатса,
оркестрден жакшы музыка жаралабы?
23-январь, дүйшөмбү күнү Өкмөттүн вице-премьери Жоомарт Оторбаев оболу бизнес чөйрөсүнүн жана атуулдук коомдун өкүлдөрүн чакырып анан жыйынга, 2 саат калганда журналисттерге кабар айттырып, (атайын болсо керек) өкмөттүн "100 күн" аталган иш пландарын кобурап берди. Бирок, кандай эч жаңы ачылыш ачканын көрө албадык, финполициянын кадрларын конкурстук жол менен тандап алуудан башка. Андан да бул "конкурска" өзү жетекчилик кылат экен. (конкурс өткөргөндө эле акча жыттанып калчу эле-ред.) Кыскасы, "100 күн" деп аталган өкмөтүн иш пландын "эң эле олутту өзгөчүлүгү" ушунда экен. Бирок, Ж. Оторбаевдин өзү цифраларды алып кошуп, көбөйтүп, анан да бөлгөндү айтор, алгебрадагы төрт амалды жакшы билсе билгендир, бирок, коомдун демин, өзгөчөлүгүн, элет жериндеги калктын муктаждыгын, дагы толгон токой нерселерди билээр бекен десең.... Себеби, бул жигит турмуштун кайнап жаткан, онтоп жаткан жеринде, анын ысык-суугун көргөнүн деле укпаптырбыз. А. Акаевдин жердеши катары бийликте бир аз иштеп кеткенин билебиз. Мүнөзү жагынан деле коррупцияга чабуул жасоого эрки жетээрине деле күмөнбүз. А чынында эле Өкмөт 100 күндө эмнени бүтүрөт? Бул жөн эле иштеп жатат - болуп, элге көрүнүп коюу. Бир эле учурда Чүй областынын 4 району электр энергиясыз калып жатса, ушул төрт райондун эли 3 саатта канча деген түйшүктөргө кабылды дейсиз. Муну сөз менен айтуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө өкмөттүн курамынын көбү, деги эле аткаруу бийлигиндегилер өз тармактарындагы жетекчилер кесипкөй адамдар эмес. Бул боюнча нечен ирээт жазган менен бийлик чиркей чаккандай көрбөйт. Кантсе да, ал сөздөр, маалыматтар элге жетип жатат. Топозчу скрипкада, кесиби тракторист виоленчелде, бухгалтер литаврда, чач тарач габойдо, сантехник саксофондо ойноп жатса, оркестрден жакшы музыка жаралабы? Аткаруу бийлиги дал ушундай абалда болуп жатса, Жоомарт Оторбаев кайдагы реформа, кайдагы "100 күн" жөнүндө сүйлөп жатат. Алгебрадагы төрт амал менен эсеп чечиле берет, бирок кургак цифра, кургак сөз мамлекеттин алга жылуусу, элдин оор турмушундагы маселелер эч чечилбейт, вице-премьер мырза!
Россияда өткөн 90-жылдардын башында өкмөт башына Егор Гайдар деген келип, ал да "500 дней" деген программа менен чыгып, өлкөнү дал ошол адам кризиске такап, таштап койгон. Кыргызбайчылыктын "100 күн" дегени, саны жагынан аз болгон менен, ошол нерсеге окшоп турат. Бирок, таң берүүчү нерсеси - биздикилер Е. Гайдардан ашып түшүшүп, 500 күндө жасачу ишти биз "100 эле күндө" жасап коебуз" - деп жаткандыгында болуп жатпайбы.
Баса, өкмөттүн вице-премьери Жоомарт Оторбаевдин ою боюнча өндүрүштөрдө, ишканаларда мамлекеттин эч бир пайыз үлүшү болбош керек экен. Жеке менчикте гана таанышчылдык, коррупция болбойт имиш. Эгер мамлекет жаман менеджер болсо анда Ж. Оторбаев бийликке эмнеге келди? Жеке менчикке сатылган завод-фабирика, комбинаттар эмне үзүр берип жатат? "Ата-Мекенчил" Ж. Оторбаев жеке менчик компанияларда, ишканаларда иштеп жаткандардын укуктары чексиз бузулуп, феодалдык доордогудай абалы менен таанышып көрүп, анан айтса болмок, мындай сөздү. Бул виценин жогорудагы айткан ою "Америкен боин!" эмеспи? Батыш мамлекетеринде компаниялардын 40%дан кем эмеси мамлекетке таандык. А бизде 10%га да жетпейт. Деги эле бийликтегилер рынок, баалуу кагаз - эмне экенин түшүнө беришпейт окшобойбу. Буга бир эле мисал келтирели. "Кыргыз алтын" компаниясынын, "Кыргызстан" авиа компанияснын 100% акциясы мамлекетке тиешелүү деп айтылат. Мамлекетке тиешелүү эмес башка кайсы пайызы бар бул компаниялардын? Демек, бул эки компания мамлекеттик компаниялар болуп эсептелет. Ушундай болгон соң эмне үчүн алар "Ачык акцонердик коом" болуп аталышы керек? Жок дегенде 1% үлүшү кимдир бирөөлөрдө же эмгек жамаатында болсо да "акционердик коом" деп аташка ооз барат эле. Ушул нерсени түшүнбөгөн кыргыз бийлиги эмнени түшүнөт дейсиз, окурман!

Ногойбай Султанов




Ордуңуз кут болсун!
Эмил ээрге минди
Кыйла жыл саясатта жүрсө да кызматка жанталашпай, умтулбай жүрүп Эмил Алиев эми келди кызматка. Өкмөт башчысынын тескемеси менен ал Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Эмил мырза чынында өтө салмактуу, салабаттуу, тарбиялуу инсан. Бийликке умтулса Ф. Кулов 3 жыл премьер-министр болуп турганда эле майлуу кызматка учкашмак. Ал болсо тескерисинче өзү мүчө болгон "Ар-Намыс" партиясынын ишин эч кимге доомат кылбай эле ишин жүргүзүп, партиянын жүгүн тартып жүрө берди…
Башкалардан айырмаланып, Алиев (сойку саясатчылар сыяктуу болуп) башка партияларга, топторго да кире качпай, бир гана партияда жүрдү. Нечен ирээт Акаевдин куугунтугун да көрдү. Бирок, "Ар-Намыс" менен Ф. Куловду саткан жок.
Өткөн парламенттик шайлоодо керек болсо башкы тизмеде болуп, азыр депутат болуп олтурмак, "эшиктен кирип, төр меники деген" азыркы "Ар-Намыстын" мандатын алып, парламентке келгенде чыныгы жүздөрү ачылып, "ар-намысын" көрсөткөн "шылуундарга" салыштырмалуу.
Анын туруктуу адам экенин ушундан билсе эле болот. Бул адамдын байлыгы деле жок. Бизнес, бийлик менен аралашкан да эмес. Минип жүргөнү, 1985-жылкы, 123-кузовдогу "Мерседес-Бенц" авто унаасын кылдыраса да, кылдыратып жүргөнүнөн көрсөңөр болот. Бирок, муну кемтик көрбөйт. Тескерисинче, ушундай жупунулугу менен көп адамдардын сый-урматында жүрөт. Эми Эмил мырза мамлекеттик атка минерлерге тазалыктын үлгүсүн көрсөтөөр деп ишенип турабыз, "Айгай-пресс" гезитинин жамааты. Буга чейинки калыбыңыздан жазбаңыз Эмил мырза, сиз чыныгы мырза адамсыз!




"Ар-Намыс" демекчи...
Бөдөш айымды
бөктөрө албады
Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырованы вице-спикердин кызматынан чакыртып алуу маселеси каралып, ал маселе өтпөй калды.
Натыйжада спикер А.Жээнбеков чакыртып алуу маселесин добушка коюп, аны 41 депутат гана колдоп, 42 депутат каршы чыгышты. Ошентип, Б.Мамырованы вице-спикердик кызматтан чакыртып алуу маселеси өтпөй калды.