Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Суталинов "сүф, сүф, сүф!" - деп жатабы?
Кыргыз тарыхында өз жеринде 1916-1938-жылдан кийин топ - тобу менен кыргынга учурашы,
2010-жылдын 7-апрелине чейин болгон эмес
Ошол кандуу окуяга түздөн-түз катышы бар, ошол кездеги УКМКнын төрагасы М. Суталинов 1 жыл 8 ай белгисиз жактарда жүрүп, өткөн жылдын декабрь айында эч нерсени билмексен, көрмөксөн болуп, кандуу окуяга байланышкан сот процесси жүрүп жаткан кезде пайда болуп, эл ызы чуу болуп, оболу үй түрмөсүнө, андан соң "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген айып менен кайрадан 2 ай мөөнөт менен УКМК абагына камалган. Бирок, М. Суталиновго 7- апрель иши боюнча жактоочу О. Жамансариедин "камакка алынсын" деген өтүнүчү судья Д. Оңолбеков тарабынан четке кагылып келген. Башкы Прокуратура Аскер Сотунун коллегиясына кассациялык жолдомо берген. Башкы прокуратуранын кассациялык жолдомосу боюнча (21. 01. 2012-жылы) иш Акер Сотунун коллегиясында Закирбек Мамытовдун төрагалыгы менен каралып, 20. 12. 2011-жылдагы Бишкек Аскер Сотунун коллегиясынын чечимин күчүндө калтырды. Бул ишти жөнөкөйлөштүрүп айтканда М. Суталинов "чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн" 2012-жылдын 15-апрелине чейин УКМКнын абагында "отуруп" чыгат, бирок, 7- апрель окуясы боюнча "үй түрмө" - деп аталган квалификация менен үйүндө жылуу "домашнийи" менен жылуу халатын кийип алып, диванында чалкалап олтуруп, телевизор көрүп, эркин жүрө берет. (Мындай кырдаалда ал тергөөчүлөр, ишти караган судья менен сүйлөшүп, келишип албайт деп ким кепил боло алат?)
Кылмышка шектүү деп таанылган адам сот ишти караганча эмне үчүн камакка алынат? Ошол шектүү адам тергөө иштеринде тергөөчүлөр менен келишип кетип, фактыларды бурмалабасын, сотту сатып албасын же коркутуп ишти бурмалабасын… дагы ушул сыяктуу амалдарга барбасын деген максатта абака камайт. Эсиңиздердеби, 2009 - жылы, ошол кездеги курулуш жана архитектура агенттигинин директору Ишенбай Кадырбеков экономикалык кылмыштуулук үчүн бир жыл абакта отурган. Кечээ жакында Аскер Сотунун коллегиясы (М. Суталиновду камакка алуудан баш тарткан күнү) Жумгал райондук прокуратурасынын кызматкери Э. Шаршеев дегенди 10 миң сом пара алгандыгы үчүн Бишкек шаардык 1- май райсоту 2 ай мөөнөткө абакта камаганга чечим чыгарды. Экономикалык кылмышка И. Кадырбековдун, Э. Шаршеевдин ишине караганда М. Суталиновго коюлган айып 100 эсе оор. Бирок, аны Аскер Сотунун коллегиясы "Суталинов өз-үйү, өлөң-төшөгүнө барып жатышы керек" - дегендей мамиле кылып жатат. Дагы бир парадокс, М. Суталинов "Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деген айып менен, 2 ай "абакта" жатат, ушул азыр. М. Суталиновдун чек арага карата болгон мыйзам бузуусу 7-апрель окуясы боюнча ага карата коюлган оор айыпка караганда 100 эсе жеңил. Сот бийлиги М. Суталиновду жеңил иш боюнча камап жатса, ошол эле учурда оор кылмыш иши боюнча камакка алгандан баш тартып жатат. Бул неси? Же соттор юридикалык квалификацияны каалагандай калчап жатат дегендикпи? Ушул жерде "итиңдики кызарып көрүнүп жатпайбы"! Бул баягы эле көнүмүш болуп бүткөн "дүжүр" соттордун жоругу эмей эмне? Сыягы, "ушундай кыл" деп бийликтин бийлик сересиндегилер буйрук берип жаткандай. Болбосо алар М. Суталиновго жан тартпайт болчу. Тескерисинче, сот реформасы болуп калса, соттор ошол электен өтүп кеткенге аракет кылып, адилет чечим чыгарышмак. Бул жерде дагы бир күмөндүү маселе - 7- апрель ревлюциясынын күчү менен бийликке келишкен президент А. Атамбаев, демейде чечекейи чеч болуп, элге күйгөн болушуп, микрофонду ооздорунан бир карыш алыстатпай жүрүшкөн депутаттар И. Исаков, Ө. Текебаев, Б. Мамырова, Д. Ниязалиева жана башкалар эмне үчүн үн катпайт, "айт- уйт!" - дегенге жарашпайт, мыйзамдар тепселип жатса, же Суталинов буларды да "сүф, "сүф, "сүф!" деп койгонбу, "алтын шилекейин чачыратып". Айтор, бул дагы көпчүлүккө күмөн...
Бакиевдин башкы желдеттеринин дагы бири, 7- апрелден башка да көп кылмыштуу иштерге тиешеси бар делип келген, анын ичинде журналист Сыргак Абдылдаевдин мыкаачылык менен сабалышына, Медет Садыркуловдун жанындагы үчөөнүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө түз болбосо да каймана тиешеси бар Молдомуса Конгантиев болсо ММК беттеринде улак тартып жүрөт. Мына ушундай жагдайлар көпчүлүктүн 7- апрель иши боюнча сот иштеринин адилеттүү болооруна күмөндөрүн күчөтө баштады. Аскер сотунда бир жыл 8 айдан бери ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбековдун соттук мөөнөтү өткөн декабрь айында аяктаган. Демек, Оңолбеков эми сотторду тандоо кеңешинин, жана да Жогорку Кеңештин элегинен өтүшү керек. Сотторду тандоо жөнүндөгү мыйзамы али жок. Ал мыйзам ишке кириши үчүн кыйла убакыт өтөт. Өткөндө парламенттин төрүндө президенттин ал жактагы өкүлү, президент А.Атамбаевдин атынан айтып жатпайбы "бул маселени 2015-жылга чейин кое туралы, жакшылап талкуулайлы" деп. Муну кандайча түшүнсөк болот?
Ал эми 7-апрель окуясы демекчи, өйдөкүлөр канчалык кууланышса да, эгер кандайдыр бир амалдар менен 7- апрель ишин Д. Оңолбеков уланта турган болсо, акыры ал эч бир юридикалык күчкө ээ болбой калат. Мүмкүн бийликтегилер мыйзамга көз жуумп, ишти Д. Оңолбековго эле калтыраар. Себеби, бул судья бийликке өтө ишеним жаратып бара жатпайбы...

Токо Мамбетов







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Яндекс.Метрика