Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Аттиң, "аппак мраморлор"
Жогорку Кеңеш - Акционердик коомбу?
Өткөн жылы эле 2012-жылдын тартыштыгы 20 миллиард сом болоорун депутаттар жакшы билишип, ооздорунан түшүрүшпөй, өкмөткө дооматын коюп келишкен. Быйылкы жылдын бюджетинде кайсы тамактарга канча каражат кетээрин ары калчашып, бери калчашып, (Австралиянын жунглисинде жашашкан аборигендер эмес) дагы эле ушул депутаттар бекитишкен. Ошентсе да, Жогорку Кеңеш эки аптадан бери азыр аппаратта, иш башкармалыгында иштеп жаткан кызматкерлердин канчасы кыскарат, канча акча үнөмдөлөт - далай убакыттарын ушул маселеге кетиришти.

Аталган маселени өткөн жылы эле бюджеттин тартыштыгын билип туруп, ошого жараша парламенттин бюджетин неге туура түзүшпөдү десең. Бирок, 19- январдагы талкууда "Ата-Мекенчил" депутат Ө. Абдракманов "парламенттин чыгашасын 250 миллион сомго кыскартып, мындан ары жылдык керектөө 600 миллион сомдон ашпаш керек" деп туура кеп айтты. Атаганат, Ө. Абдракманов мырзанын оозунан "Жогорку Кеңешке 300 миллион сом эле жетет" - деген сөз чыкса андан да туура болмок. Себеби, депутаттар - "эл үчүн иштейбиз", керек болсо эл үчүн "жан" беребиз!" - дешкендей болушкан, шайлоо алдында. Бул, бул болду дейли.
Ошол эле күнү "Ар-Намысчыл" депутат Абдракман Маматов "кызматкерлерди 16%га кыскартуу керек" деп чыкты. Бул депутаттын "оптималдуу" варианты боюнча азыркы парламентте иштеп жатышкан 611 кызматкердин 94 кызматкери иштен кыскарып, иште "болгону" 517 адам калат экен. Депутат Абдракмандын оозунан "кыскартууга 200 кызматкер туш келиш керек, парламентте 411 адам эле ишти толук алып барат" - десе туура болмок беле. Чын-чынында, кыскартуу маселесин масилеттешкени менен, депутаттар жардамчы, кеңешчи - дегендеринен кол жуугулары келбей жатышат. Жардамчысы демекчи, өткөн жылы "чиновниктердин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап жүргөн" деп, Улуу Британияда чуу болуп басылган, ал чуунун автору Рупорт Мердок деген Австралиялык Медиа - магнат бар. Өзү Австралиялык болсо да, Батыштагы ММКлардын 60%ы ушул адамга таандык. Ушул Р. Мердок иши канчалык көп жана татаал болсо да, эч качан жардамчы, секретарь күтпөптүр, Баардык ишти, иш кагаздарын өзү жазып, өзү кызматкерлерине тапшырма берип, өзү көзөмөлдөйт экен. Бирок, өлүп кеткен жок. Тескерисинче, жашы улгайып калса да, али чыйрак, чарчап, чаалканы эч билинбейт. Миллиардер Рупорт Мердоктун байлыгына Кыргызстандын бюджетин салыштырганда мамлекетибиз "бечара" эле болуп калат. Ошентсе да, биздин атка минерлерибиз "чоорчу", "сурнайчысыз", "ат кошчусуз" (жардамчы, кеңешчи, секретарь дегеним.) иш кыла албайт. Бул кадыресе жалкоолук, мажирөөлүүлүк, же болбосо куру чирендик.
Баса, баарыдан да, Жогорку Кеңештин кызматкерлерин кыскартуу боюнча "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өзгөчө, адамдын акылына сыйбаган мындай ой айтып чыкты: "Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусундагы каражаттын 70%ы ар бир депутатка теп-тең бөлүштүрүш керек. Ал каражатты депутаттар өздөрү билиши керек кайда жумшаарды, балдар интернатына береби, же Таласка, же Америкага барабы. Азыр 120 депутатын 76сы гана кызматтык авто унаа колдонушат, кызматтык авто унаанын ордуна айына 30 миң сомдон компенсация төлөнүшү керек" десе болобу. Ой, тобоо! Мына сага, "эл өкүлдөрүнүн" түшүнүгү, ой жүгүртүүсү, нысабы! Э, кокуй, бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Кеңеш акционердик коом эмес да, акциямдан тышкары компанияга иштеп жаткан жеке менчик техникамдын аммертизациясы үчүн "компенсациясын төлөп бергиле", же болбосо менин дивидентимди бергиле, ал акча менен Таласка же Америкага барамбы мен өзүм билем дегендей. Депутаттар Жогорку Кеңешке каралган акча десе эле, өзүлөрүнүн ата-бабаларынан мураска калган акчадай көрүп атышкандан сообу деги...

(Уландысы 5-бетте)




Коррупциянын торунда
Чабактар колго түшүп, киттер бийлик деген океанда ээн эркин сүзүп жүрүшөт
Бийлик коррупция менен "катуу күрөшүп жатат". Жакында пара алгандарды кармоо боюнча "укмуштуудай сенсациялуу окуялар болду". Уга элек болсоңор жакында Жайыл районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын бир кызматкерин 5 миң сом пара алып жатканда кармалса, Ош шаарынын судмедэксперти миң сом, Бишкектин Ленин районунун РИИБнин кылмышты иликтөө кызматкери (уголовный розыск) 500 доллар, ушул эле шаардын Свердлов районунун РИИБнин кылмышты иликтөө боюнча кызматкери 10 миң сом пара алып жатканда, прокуратура тарабынан кармалды. Жумгал районунун прокуратура кызматкери дагы 10 миң сом пара алып жатканда, милиция тарабынан кармалган. Кыргызстанды "ушулар эле курутуп жатыптыр" көрсө. Бирок, бул иштерди прокуратура менен милициянын ортосундагы кармаш - деп баа беришүүдө айрым билермандар. Ошентсе да, жогорудагы пара алуу менен кармалгандар паракорлордун чабактары эле. Паранын киттери бийлик деген океанында ээн-эркин сүзүп жүрүшөт, чабактарды, башка балыктарды жутуп коюшуп.
Дагы бир эки чоң атка минерге Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, анын бири Жогорку Соттун төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Монбеков экен. Кыргызстандын "адилет" сотун өткөрүүгө ушул К. Монбеков эбегейсиз жолтоо болуп жүрүптүр. Бул адам болбогондо сотторго эч ким нааразы болмок "эмес" экен. Сыягы бул экс-соттон азыркы бийликтегилердин кимдир бирөөсүнүн кетпес кеги болсо керек. Болбосо, Убактылуу Өкмөт 2010-жылы Конституциялык Соттун мүчөлөрүнүн баарына иш козгоп, ошол бойдон козголгон иш тамам болду.
Баса, Башкы прокуратура учурда ИИМдин орун басары Кашкар Жунушалиевге карата кылмыш ишин козгоп турат. Бул "кызыл жака, кайкалак шапке" өткөн жылдары алып сатарлык менен иш кылышкан кызы менен күйөө баласынын фирмасына курал - жарак, ок дарыларды сатып алып, кайра сатканга мыйзамсыз лицензия берген экен. Мындай ишти бийликтин ар бир "кирген буурасы" жасай берээри жаңылык эмес. Ошентсе да, коррупциялык "күрөштүн" эпкинине К. Жунушалиев туш келиптир. Бул жерде кеп лицензияда эмес кеп, анын кызмат ордунда болуп жатса керек. Бул иш боюнча айта кетүүчү сөз - мыйзамсыз иштер менен күрөшө турган министрликке мыйзам бузган К. Жунушалиевди ким кызматка дайындады болду экен?
Ногойбай Султанов





Отургула, соттор "жок"!
Ак үйдүн жарыгы Ала-Тоого тийеби?
Бийликтин азыркы кадамдарына аңдоо салсак "Соттук реформа" - деп, ооз көптүрүп, элдин аң сезимин алдаган менен, Кыргызстанда жакынкы жылдары адилет сот бийлиги түзүлө тургандай болбой калды окшойт. Дегенибиз, кечээ жакында "Апрель байрагы" деп аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү парламеттин спикери А. Жээнбеков менен жолугушуптур. Бул жолугушууга Башкы прокурор А. Салянова, Жогорку соттун башкы соту Ф. Жамашева (башкы сот дегенибиздин жөнү, "төрайым" деп атоо туура эмес. Феруза Жамашева төрөнүн жубайы болсо төрайым - деп аталмак) дагы башка депутаттар катышыптыр. Жолугушууда "Апрель байрагы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Маматкеримов "сотторду тандоо кеңешинин курамын баарын кайра түзүү керек, себеби, сотторду тандоо кеңешиндеги айрым судьяларга эл тарабынан нааразы пикирлер болууда" деп айтса, депутат, конституциялык мыйзамдуулук, мамлектеттик түзүлүш, адам укугу боюнча комитеттин төрагасы Эркинбек Алымбеков "соттоду тандоо кеңешин баарын алмаштырбай эле, эл нааразы болгон ошол судьяны гана алмаштырыш керек" - дептир. Демек, бул "кеңешке" парламенттеги 5 партиянын атынан кирген адамдар ошол бойдон кала берет дегендик.
Конституцияда "парламенттеги партиялык фракциялар сотторду тандоо боюнча кеңештин курамын түзөт" - деген норма жок. "Парламент ошол кеңештин курамын гана бекитет" - деп гана жазылган, Баш мыйзамда. Жогоруда айтылгандай депутат Э. Алымбеков реформанын кызыкчылыгын эмес, партиялык кызыкчылыкты коргоо аркылуу өз кызыкчылыгын көздөп жатканы сокурга деле көрүнүп тургандай. Анын үстүнө президент А. Атамбаев сотторду тандоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну Ө. Текебаевге тапшырган. Бул долбоор деле Э. Алымбековдун көздөгөнү менен төп келишээри турган нерсе. Акыры келип эле парламентти фракциялар соттордун курамын түзүп, ошолор аркылуу судьяларды дайындашып, "казыл жабар" болушаары алыс эмес, эгер парламентти эл аман койушса.
Бабабыз Жусуп Баласагын "акча үчүн баары иштейт, адилет үчүн ким иштейт?" - деген экен, кезегинде. Биз айтаар элек, карапайым калк жан багыш үчүн Ала-Тоо эмес, чет жерлерде иштеп жүрүшөт, бийлик болсо адилет үчүн эмес, акча үчүн "иштеп" жаткан кези эмеспи деп. Же туура эмес айтып жатабызбы?

"Айгай-пресс"








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Яндекс.Метрика