Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Кечээки кыялдар бүгүн жок…
"Төкөр бийлик"
же "Бишкек арак заводу" канчага, кимге сатылды?
Гезитибиздин өткөн санында "К менен Анын чабуулу" деген макалабыз кеткен эле. Анда К.Ташиевдин арак заводун КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракция башчысы Чыныбай Турсунбеков текейден арзан баада сатып алды деген маанайдагы оюу камтылган эле. Андагы айткан ойлорду кайрадан улап жатканыбыз бул - "Бишкек ликер-арак заводунун чырынын чекеси чындап чыга баштады. Анткенибиз, Жогорку Кеңешке келип, бул заводдун акционерлеринин бири Александр Ким аттуу адам "заводдун жер аянты эле 3 миллион долларга барабар, бул заводду жеке менчикке чыгарыш үчүн кайсы бир кызыктар тараптар атайлап банкрот кылышкан" - деп чыкты. Чынында А. Ким айткандай эле заводдун жери эң баалуу жер, эгер көп кабаттуу үй куруучуларга сата турган болсо укмуштай акчага ляппай деп эле сатылат. (Заводдун жабдуулары, имараттарын эсепке албаганда жер аянтын сатканда эле А. Ким айткандай 3 миллион доллар болсо, бул деген 138 миллион сом болмок. Ал эми завод алгач 133,6 миллион сомго бааланып, анан эмнегедир 50%га арзандатылып, 66 миллион сомго гана сатылган. Заводдун уставдык капиталы болсо 53 миллион сом болгон. Демек, сатып алган адам бул иште уставдык капиталга (53 миллион сомго) кошо ээ болуу менен бул жерде 66 миллион сом эмес, 13 миллион сом эле төлөнгөн болот. Депутат К. Ташиев "арак заводунун парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси Ч. Турсунбеков алган" деген маалыматты таратып жибергендей, чынында эле бул заводду кара таман сатып алганга, бийликтегилерге "шапкесин" бергенге каражаты жетмек эмес. Демек, завод 50% арзантатылганына караганда бийлик чөйрөсүндөгүлөрдүн бирөөсү алган - деп шарт эле тыянак чыгарса болот. Анын үстүнө дүйнө жүзүндө арак чыгаруу эң кирешелүү тармак. Ушундай кирешелүү тармактын банкрот болушу бул жомок. Буга акыл эстери эпкиндегендер эле ишенбесе, башы көзү соо адамдар түк ишене бербейт.
Деги эле бизде бийлик алмашкан сайын мүлктү бөлүштүрүү кайра башталган адат болуп калды. Бул кыргыз бийлигинин өнөкөт оорусуна да айланып бараткандай. Бараткандай эмес эле баратат.
Азыр "Бишкек ликер арак" заводунун күмөндүү иши боюнча депутат А. Келдибеков баш болгон жумушчу да топ иштей баштады. Келдибеков баштаган топ эми чыныгы былыктардын бетин ачаар бекен же "казино" болуп кетээр бекен? Эгер, Келдибековдун тобу бул ишке сыпаа мамиле кыла баштаса эле алар "казинодон" утуп чыкканы деп түшүнө берсеңер болот. Сыягы, казинодо жалаң акча утаарын көп эле адамдар түшүнсө керек.
Сөзүбүздүн соңунда - адамдардын кулк мүнөзүн бир сөз менен камтыган кыргыздын бир макалында "ат мертинип аксайт, азамат жутунуп аксайт" деп айтылгандай "азат" деп аткандардын баары эле бийликке келээр замат жутунуп жатып аксашат. Бир кезде А.Атамбаев оппозицияда жүргөн кезинде Ала-Тоо аянтында он миңдеген ага ишенүү менен карап турган адамдардын алдында, "Ак үйгө киргендердин баары ажыдаарга айланып кетеби" деп, колун Ак үй тарапты көздөй кезеп, Бакиев бийлигин ашкерлөө менен, жалгыз байпагын да өлгөндө өзү менен кошо көр түбүнө алып кете албай калган карыя жөнүндөгү икаяны айтып, "биз бийликке барсак эл байлыгын уурдабайбыз, башкаларга да уурдатпайбыз" деген эле. Азыр ошол мырза бийликтин эң бийик чокусунда. Анын айланасында болсо революционерлер эмес, кайсы бийлик болсо да ийилип берчү "чыныбайлар" толуп алган. Айтор, азыр бийликте соо азамат жок. Баары эле жутунуп жатышып, "төкөр" болушуп, сылтып басып жүрүшкөндөй. Жалаң "аксактардан" түзүлгөн бул бийликтин аягы эмитен эле туман боло баштады, канчалык биз аны каалабасак да…

Күлчоро Кабылов




Көрөрмандын таразасында
Мэрдин
иши начар
Өткөндө "5-каналдын" "күн деми" көрсөтүүсү "Бишкек мэриясынын ишине канааттанасызбы?" деген суроо менен респонденттерге кайрылган көрсөтүүсүн көрөрмандарга тартуулады. Ал көрсөтүүгө Бишкек мэри Иса Өмүркулов да катышты. Соңунда эки миңден ашуун респонденттерден жооп түшүп, алардын 1105и мэрдин ишине канаатангандарын билдирсе, 1127си "канааттанбайбыз" деген жообун беришти. Бул жыйынтыкка ага чейин асман-айды сүйлөп жаткан Иса мырза "Д-аа, иштеш керек, дагы иштешибиз керек" деген жообу менен оозу жап болду.





Кой ай деген кожолор кайда?
Кыргызстандагы "Кейптаун"
Учурда Кыргыстандын абактарында жатышкандар болуп көрбөгөндөй акция жасашып жатышат. Алардын арасында ачкачылык жарыялаганы, 7000 кишиге жетип, венасын кыйганы, оозун тиккендери бар. Аргасыз чарага ооздорун тиккендердин саны миңден ашты. Абактагылар мындай чарага баргандыгынын себебин, жазык өткөзүү боюнча кызматы абакта жаткандар бизди "обьшактан" кутулткула, өкмөт бизге көңүл бөлбөй жатат - деп билдиришүүдө. Ошондой эле ооз тиккендерге буйрук бергендер чет элдерде жүрүшкөн криминалдардын ана башчылыры экен дешүүдө.
Абактагы ушундай абал өткөн кылымда АКШ-да болгон трагедияга окшоп кетет. Анда, 1978-жылы Түштүк Африкага көчүп барышкан Американын граждандары турмуштун оордугунан арга издешип, (көбү негрлер) бир сектага киришип, ошонун таасири менен миңден ашык адам өзүн-өзүлөрү өлтүрүшкөн. Бул иш АКШнын тарыхында "Кейптаундагы иш" - деп аталат. Ушул иш боюнча ошол кездеги президент Джим Картер кыматынан кетүүгө аргасыз болгон. АКШ сенаты жана конгресси негрлердин өлүмүнө Д. Картерди "Президент өзүнүн элин тентитип, өлүмгө дуушар кылды" деп күнөөлөшкөн. Биздикилер демократияны ооздорунан түшүрүшпөгөнү менен өз улутунун кордолушуна жол берип жатышат.

"Айгай-пресс"

P.S. Кызыгы, түрмөлөрдө жогоркудай абал болуп жатса да, кыргызда "балык башынан сасыйт" дегенди биздин өкмөт башчыбыз аңдай албай жатабы же башка себеби барбы, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын төрагасы Ш.Байзаковду кызматтан алуунун ордуна, кайра аны бекитип, андан кийинкилерин кызматтан оодарууда. Мындайча айтканда, "сасыган балыктын" башын кеспей, куйругун кесип жаткандай иш болууда. Мисалы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча департаментинин начальниги да алмашылды. А эмне себептен Ш.Байзаков жөнүндө маселе көтөрүлбөйт десең. Абактарда болсо абал тигиндей.
Айтмакчы, аталган маселе акыры келип Жогорку Кеңештин талкуусуна чейин чыкты. Кечээ, пленардык жыйында "Ата Журт" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков абактагы окуялар боюнча Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковду убактылуу ишинен бошотуп турууну сунуштады. "Абактагы окуялар боюнча азыр комиссия иштеп жатат. Буга байланыштуу Ш.Байзаковду убактылуу ишинен четтетип коюуну сунуштайм, иликтөө акыйкаттуу жүрүү үчүн", - деди ал.
Бул туурасында спикер Асылбек Жээнбеков аталган маселе боюнча өкмөткө атайын сунуш айтаарын билдирди. Кыскасы, Байзаковдун маселесин Бабанов гана чече ала тургандай болуп турган кез. Өкмөт тараптан кандай "шамал" согот, ага жакынкы учурда жалпы журт өзү күбө болоор...






Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript

кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Яндекс.Метрика