Мэр "мээримин" төгүп жатса…
Балыкчыдагы "бардакты" ким тыят?
Өткөн аптанын соңу менен өлкөбүздөгү төрт шаар башчысын шайлоо баш мыйзамдын негизинде кайрадан болуп өттү. (Чолпон-Ата, Балыкчы, Кара-Балта, Кочкор-Ата) Бул сапар Балыкчы шаарынан башка калааларда шайлоо өтүп, багы ачылбаган Балыкчыда кайрадан бир ууч саясий топтун жеке кызыкчылыгынын айынан шайлоо болбой калды. Тагыраагы, аталган шаардык кеңештин 25 депутатынын 12си гана мэр шайлоо үчүн келишип, калган 13 депутатка шаардын жана анда жашаган карапайым калктын тагдыры "түккө да арзыбайбы" айтор, шаардыктар үчүн маанилүү окуяга басып да келишкен жок. Келбеген көпчүлүк депутаттардын тизмесине көз жүгүртсөңүз өңчөй шаардын бюджеттик сферасында эмгектенгендер болуп чыкты. Ошондой эле аталган депутаттар шаардык кеңешти мөөнөтүнөн мурун таркатууга жан-алы калбай аракет кылгандардан. Алтургай дал ушул бюджеттик сферада эмгектенген шаардык кеңештин депутаттарын Балыкчы шаардык кеңешинин жакында эле ээрден ыргыган төрагасы Алмаз Жаликов баш, Балыкчы шаарынын учурдагы "милдетин аткаруучу" деген "илен-салаң" жарлыгы менен иштеп жаткан Мирлан Бообековдор төш болуп, ар кандай ыкма менен айрымдарын коркутуп-үркүтүүгө алып, кандай жол менен болбосун шайлоону өткөрбөштүн аракетин кылышып, жыйынтыгында андай "таттуу тилектерине" жетип олтурушат.
Балыкчы шаардык кеңешинин экс-төрагасы Алмаз Жаликов бюджеттик сферадагы иштеген депутаттар менен биргеликте саясий саботаж уюштуруп, шайлоону өткөрбөшкө эбегейсиз салым кошуп, губернатор М.Асанакунов , мэр М.Бообековдордун алкышына арзып турган кербези. Ал эми мэр М.Бообеков шайлоону өткөрүүгө тикелей жоопкер экенине карабай, дал ушул күнү, "жинди суудан" жакшы эле соккон абалында, болгондо да жумуш учурунда, күндүзгү саат 11-15 де өзүнүн кол астында иштеген келин менен шаар четинде, өзүнүн жеке унаасынын ичинде "ой-да" чартаңбай тээп, тиги суйкайган сулуу кызматкерине "мээримин" төгүп чардап жаткан жеринен шаардык кеңештин айрым депутаттары кармап алышкан. Көрдүңөрбү, килейген шаардын тагдырын чешчү адамдын кылган кылыгын!.. Буга жетиштүү далилдер да, күбөлөр да бар. Ошентип, бул Бообеков деген эргулуң шайлоону бузганы аз келгенсип, моралдык нраваны да бузуп, оюна келгенин кылууда. Мындай ээнбаш чиновникке мыйзам, адамкерчилик алтургай шарыяттын алкагы менен караганда да катаал жаза колдонулушу кажет.
Эске сала кетчү жагдай, Балыкчы калаасында буга дейре да, тагыраагы, август айында мэр шайлоо дал ушул жолкудай саясий саботаждар менен коштолуп, так ошол Балыкчылыктардын тагдыры чечилчү күнү шаардык кеңештин 8-9 депутатын Чолпон-Атадагы "Ала-Тоо" эс алуучу пансионатында губернатордун көрсөтмөсү менен мэр М.Бообеков менен төрага А.Жаликов алып кетип эс алдырышып, жыйынтыгында шайлоо болбой калган. Ушундан улам кандай болбосун кайра-кайра шайлоо өткөрбөштүн камын жеген губернатор М.Асанакунов менен мэр М.Бообеков, А.Жаликовдорду мыйзам менен тескеп, алардын мамлекеттик башкаруудагы "былтыйтма-кылтыйтма" иштерин ашкерелеп коюууга эч кимдин күчү жетпейби деген суроо туулат? Баарынан да кызыгы дал ушул эки "берендин" кызмат абалындагы былгытма иштери буга дейре бир катар ММК булактарына жарык көргөнүнө карабай, эчтеме болбогонсуп, эл тагдыры менен ойноп жатканы кайсы акылга сыят?
Жогорудагыдай фактылар кашкайып билинген соң, дегеле бул эргулдардын моралдык, этикалык жактан мам.кызматка олтурууга акысы барбы? Башкасын албаганда да губернатордун Көл аймагындагы ишти эптей албагандыгынын натыйжасында, кыргызга-кыргыз душман болуп, Жети-Өгүз менен Сары Камыштагы массалык кагылышуулардын келип чыгышы, Кумтөрдөгү чатак сындуу иштер эле анын бүтүндөй Көл аймагын көзөмөлдөй албагандыгынан кабар берет. Мындай кыжырдануулардын катарын эми Балыкчылык карапайым тургундар да толуктап, жергиликтүү бийлик башчыларына шайлоодо саботаж жасашкандары үчүн кыжырданышууда. Же буларың дагы "бармак басты, көз кысты" саясаты менен алпурушууга өткөнбү? Айтор, суроолор көп, жооп жок… Эң куру дегенде губернатор М. Асанакунов, мэр М.Бообековдор президент менен премьер-министрдин "Жергиликтүү кеңештер менен калаа башчыларын демократиялык эрежелердин негизинде татыктуу, таза жана адилет өткөрүп алуу жалпыбыздын милдетибиз" - деген чакырыктарын ишке ашырышты уруп ойнобой, мамлекет башчыларынын иш-аракеттерине көлөкө түшүрүп, алардын саясатына каршы иш жүргүзүп жаткандыгы таң калтырууда.
(Уландысы бар)

Темирбек Асанакунов,
Балыкчы шаары

Редакциядан: Эгер экинчи тараптын "андай эмес, мындай" деген айта турган ойлору болсо ММК мыйзамына ылайык гезит бетинен орун берүүгө даярбыз.




"Аппак", "таптаза"
"Думана" ооруканада
2010-жылкы апрель революциясынан кийин жашырынып, илгерки Кокон, Маргалаң, Наманган, Анжияндын базарларында жүрчү думана сыяктанып, кеп сакал тагып алып эл аралап жүрүп колго түшкөн канкор Курманбектин үкасы Акмат Бакиевге укук коргоо органдары "массалык баш аламандыкты уюштургандыгы", "мыйзамсыз куралдуу топторду түзгөндүгү" жана "мыйзамсыз мүлккө ээ болгондугу үчүн" деген оор айып коюп, "акыйкат" соттор жогорудагы 3 статьяга 7 жыл коллонияда жаза өтөөгө өкүм чыгарып, анан ага амнистия колдонушуп, бирок, бийликтеги "боорукерлер" сүргүнгө( колония поселение ) чыгарып коюшкан. Азыр ошол "думана" сүргүндө жүрүп, өпкөсүнө суук тийип, ооруп ооруканда жаткан экен. Жаза өткөзүү мамлекеттик маалымат кызматы А. Бакиев кайсы ооруканага жатканын айтышпайт. Биздин болжолубузда ал катардагы ооруканага жатпайт эле. Сыягы, президенттин иш башкармалыгына караштуу оорукананын (спец больница) люкс палатасында жатса керек, суткасына 1400 сомдон төлөп коюп.
Тамерлан Кылыч




Шумдугуң кур!
Жакында эми эшектин этин жейбизби?
Өткөн жылдан бери шылуундар Индиядан буйволдун этин ташып базарларга "уйдун эти" катары саттырышып жаткандары кечээ жакында белгилүү болду. Бул алдамчылыктын башында Ветеринардык кызматтар турушкандай. Алардын үстүндө кимдер турганы али белгисиз. Ветеринарларды калкалаган "мыйзам өтпөс" адамдар болбосо алар бул ишке барышы толук күмөндүү иш. Бул маселеге мамлекеттик масштабдагы алдамчылык катары баа бериш керек. Буйволдун этин "уй эти" катары сатылып жатса, ага мамлекеттик ветеринариялык кызмат макул - деп жол берип жатса, мамлекеттик алдамчылык эмей эмне?
Эскерте кетсек, Индияда элдер жашайт. Ошол элдердин айрымдары буйволдун этин жешет экен. Ветеринарлар болсо "буйволдун эттери текшерүүдөн өткөрүлгөн, эч кадай зыяндуу нерселер табылган эмес" деп жатышат. Андай болсо эмне үчүн "уй эти" катары базарга чыгарганга жол берилет? Маселенин төркүнү ушунда жатпайбы. Өткөн жылы Казакстандын Кулан карьеринен Бишкекке радиоактивдүү көмүр тартылып келгенде тиешелүү эксперттер "эч зыяны жок көмүр" деп чыгышкан. Натыйжада кайра текшерүүдө зыяндуу көмүр экени далилденди. Демек, буйвол эти боюнча да көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүү керек. Болбосо улуттун чыккынчылары - эшектин этин алып келишип, туздап, ыштап "жейрендин эти деп сата беришет. Антип туурап коюшка акча болсо ветеринарлардын бир барак кагазы, мөөрү дайым даяр. Эл азыркы бийликке карата:
Тандашып келип семизден,
Буйволдун этин жегизген.
Жоругун менен куруп кал,
Кыргызды "лохтор" дегизген деп ырдай башташты.
"Айгай-пресс"