Актоо эмес, тактоо
Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаманбы?
"Учур" жана "Алиби" гезиттеринин өткөн санында "Аламан kg" сайтынан алынган көөлөмөй материал бир мезгилде көчүрмөлөнүп чыкты. Бир эле тексттин бир учурда жарыяланышынан улам аны ким "заказ кылып", эмне максатты көздөп жатканы айтпаса да түшүнүктүү болду. Өлкөнүн экономикасына жан тарткансыган түр көрсөтүмүш эткен белгисиз автордун бир нече убакыттан бери мени жана биздин "Сезим" борборун ой- боорунча каралаганына териккен деле жокпуз, анткени "Сезим" борбору чын дилден көрсөтүлгөн жардам, чыныгы адисттик колдоо менен социалдык маанилүү маселелерди натыйжалуу чече алган, адистешкен уюм катары эл арасына эчак эле белгилүү болгон. (2011-жылда уюм аткарган иштердин отчетун Интернеттеги Дизель форумуна жарыялаганбыз.) Коюлуп жаткан негизсиз дооматтарга ошондо эле жооп кайтарганбыз. Ошого карабастан гезиттерге жарыша жарыяланып жаткандыктан кайра баштан кайталоого аргасызмын.

Бизди өкүндүргөнү -кумарчылыктын курмандыгынан (демек - жүздөгөн энелердин көз жашынан, жүздөгөн балдардын ырыскысынан ) куралуучу каражатты айрым адамдардын (алардын ичинде урматтуу депутаттарыбыз да бар) экономикалык омоктуу киреше катары санап жатышкандыгы болуп жатат. Акыл -эстүү коомдо мал кайгы менен жан кайгынын айрымасы билинип туруш керек го дейбиз.
Ырас, кумарчылыктын үй-бүлөөгө тийгизип жаткан кесепеттери туурасында коомчулукка "Сезим" борбору коңгуроо кагып чыкты. Бул демилге уюмдун каалоосунан же оппоненттерибиз айткандай чет элдик буйрутмалардын шилтөөсүнөн эмес, бизге жардам сурап күн куру эмес келип жаткан кумарчылыктан жабыркагандардын муң зарынан жаралды. Зомбулуктун кесепетин жоюш үчүн адегенде анын тамырын табуу зарыл. Азыркы күндө кыйынчылыкка дуушар болуп кыйналган үй бүлөлөрдүн басымдуу көпчүлүгүнүн азабы дал ушул кумарчылыкка байланышкан. Элге карата жасалып жаткан диверсия так мына ушунда жатат. Кумарчылык менен элдин башын маң кылып, үй жайынан ажыратып, үй-бүлөөлөрдү ажыраштырып, энени балага душман кылып, кул кылып тентитүүгө жасалган апааттуу диверсияны капчыгы калыңдар атайын ойлонуштуруп, пландуу түрдө ишке ашырып, акыры эл буга каршылык көрсөткөндө кандай да болсо сактап калыштын амалын колдонуп, өздөрүндө иштеген карапайым адамдарды көчөгө чыгарып, кыйкыртып жатышканы кимге болсо да көрүнүп турбайбы.
Андан -мындан чүргөгөн маалыматтагы дооматтардын айрымдарына тактоо киргизе турган болсок:
1. Америкалык "Ганси" жүк ташуучу транзиттик борборунун Кыргызстандан кетишин же кетпешин "Сезим" борбору чечпейт,бул мамлекеттик деңгээлдеги маселе.
2. Зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган аялдар убактылуу баш калкалоочу жай узак убакыттан бери ремонтту талап кылган тар жерде жайгашкандыктан, "Ганси"жүк ташуучу транзиттик борбору эгерде ылайыктуу муниципалдык имарат табылса аны ремонт кылып , жабдып берүү туурасында сүйлөшүүлөр болгон. (Шопоков шаарындагы Аялдар Конгрессине тиешелүү имаратты алар материалда көрсөтүлгөндөгүдөн алда канча көп каражатка ремонттоп, жабдышкан). Бул сүйлөшүүлөр аягына алигиче чыга элек, 500 миң доллар түгүл бир сом да берилген эмес.
3. Мага тиешелүү Абай көчөсүндөгү №59 үйдөгү эки бөлмө эски хрущевка квартираны Сокулуктагы мында он жыл мурда алынган 4 бөлмө квартирабызды сатып туруп алдык. Башка квартира алганым жок.
4. "Сезим" борборунун кызматы акысыз, өткөн жылы февраль айында ачылган социалдык үйдө зомбулуктан жабыркап, реабилитациядан өткөн жашоочулар жумушка орношуп, өздөрү жашаган үйдүн майда ремонтуна жана кийинки жашоочулардын күнүмдүк керектөөлөрү үчүн айына 600 сомдон төлөшөт. Буга жашоочулардын эч бири кусамат кылган эмес.
5. Зомбулуктун курмандыгы болгон корей улутундагы келиндин өлүмүнө "Сезимдин" эч кандай тиешеси жок, ал келин биздин уюмга жардам сурап кайрылган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь ИИБнен маалымат алсаңар болот.
6. "Сезим" борборунун тутунган озуйпасы "Үйдүн куту учпасын". Бизге келип үй-бүлөлүк консультация алган жүздөгөн үй-бүлөлөр жарашып, жетелешип кетип жатышат.Тилекке каршы ажырашып жаткандар да жок эмес, бирок алардын чечими бизге байланышкан эмес.
7. "Бүбүсара динди өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат" деген доомат бери дегенде адамдын күлкүсүн келтирет. Анча мынча маалыматы бар адам мусулман дининде болобу, же башка динде болобу, кумарчылыкты "шайтандын иши" деп катуу жерий турганын билет да? Ар ким өз кызыкчылыгына колдоно бергидей диний түшүнүктөр кол жоолук эмес го?
8. Батыштагы өнөктөштөр тууралуу: Кыргызстанда 7 миңден ашуун бейөкмөт уюмдары он жылдан ашуун убакыттан бери чет элдик гранттардын жардамы менен өлкөдөгү социалдык бир катар меселелерди чечип келе жатышат. Биздин мамлекет да чет элдик колдоодон пайдаланат. Минтип эл аралык донорлорду каралоо менен элибиздин пайдасына кызмат кыла турган мүмкүнчүлүктөрдөн кол жууйбуз. Биздин социалдык инвесторубуз зомбулуктан жабыркагандарды колдоочу программаларды гана каржылайт, алар эч качан "Сезимге" кумарканаларды жапкыла деп акча берген эмес,бул биздин атуулдук парзыбыз. Кат аркылуу биз аларга жасап жаткан ишибиз тууралуу гана билдиргенбиз.
Акырында айтаарым - ак ийилет, бирок сынбайт. Учурдагы курч маселени көтөрүү менен эч ким пайда көздөп жаткан жери жок. Бул иште утуш элдики, келечектики гана болот. Азыркы каралоолордун чын төгүнүн мезгил ,турмуш өзү аныктайт.

Бүбүсара Рыскулова




Күн турмуш
68- жаштагы байбичеден эмне аласаңар же өчүңөр бар, эргулдар?
Редакциядан: Офиси Бишкекте жайгашкан, жабыр тарткан адамдарга психолгогиялык жардам көрсөтүүчү "Сезим" борборунун жетекчиси Бүбүсайра Рыскулова кумар оюндары адамдын психологиясына тескери таасир этип, мунун кесепети менен үй-бүлөөлөр чексиз жабыркаарына турмуштук тажрыйбасынан көрүп, буга толук көзү жетип, кумар оюндарына каршы күрөшүп келет. Жыл баштагандан "мыйзам аткарылбай кумар оюндарынын жайлары жабылбай жатат" - деп коомчулукка, бийликке коңгуроо кагып да келет. Бул байбиченин ушундай адал иштери кимдир бирөөлөргө жакпай, кыжырын кайнаткан белем, жакында анын тегерегинде "детективдүү окуялар" башталыптыр. Б. Рыскулованын офисиндеги компютерди талкалап, анын электрондук почтасын бузуп таштаса, ошол эле учурда белгисиз адамдар бул эже жашаган үйүнүн дареги боюнча "башка өлкөгө шашылыш кетип жатканга байланыштуу, шашылыш үй сатылат" - деген жарыя берилип, ал жарыя боюнча тынымсыз белгизис адамдар келип эжени, анын үй-бүлөөсүн беймаза кылып жатышыптыр. Кумар оюн жайларында иштегендер Б. Рыскуловага жолуккан жерден же офисине барышып, "бизге иш таап бериңиз" - деп тытмалашып да жаткан кез. Бул факт боюнча Б. Рыскулова УКМКга арыз менен кайрылган экен. Коомдун барометри депутат же министр же акча эмес ириде бул абийир. Мына ушул көрүнүштөн эле, 68 жаштагы байбиче Б. Рыскуловага асылып жаткандан эле ачык көрүнүп турган жокпу, биздин бийлик, бизнес чөйрөсү канчалык ыплас экендиги...




Ой, тобоо!
"Эмоция" дегени эмнеси, кокуй…
Кумар оюндарын жабууга карата меселе өчмөк турсун, кайра курчуп күч алды. Ал жөнүндө жакында "ата-мекенчил" депутат Равшанбек Жээнбеков "өткөн жылы кабыл алынган "Кумар оюндарына тыюу салуу боюнча мыйзамды" депутаттар эмоцияга берилишип, кабыл алып коюшкан экен" деп чыкты, тобоо! Бул эмне деген балакет! "Укмуштуунун төөсү жорго" - деп ушуну айтат, акылман кыргыз.
Депутаттар эмоцияга алдырып, добуш беришип, мыйзамдарды кабыл ала беришсе, анда кайсы мыйзамдарыбыз туура болот. Эл кантип аныктайт, кайсынысы эмоция менен кабыл алынган мыйзам, кайсынысы депутаттар эмоцияга алдырышпай кабыл алынган мыйзам экенин.
Ошол эле учурда депутаттардын айрымдары, башка атка минерлер айрым ММКлар (бирөөлөрдүн бизнесинин лоббистери) "казинолорду жабуу менен казынага оор зыян келди" - дей башташты. Кумар оюну бул кылмыш - баардык жактан алганда. Эгер кылмыштуу иштер менен казынага акча түшүрүү керек болсо, анда баңги заттарды жүгүртүүнү, сойкулукту, криминалдык чөйрөнү деле легалдаштырган мыйзам кабыл алыш керек. Ушул эле 3 "структура" казинолордогудай 550 миллион сом эмес, казынага миллиардаган доллар түшүрүшмөк.

Тамерлан Кылыч