Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Курултай биринчи ашуудан өттү
67 "макул",
20 "каршы"
Курамына 30 дан ашык коомдук-саясий уюмдар кирген "Мекенчил күчтөрдүн биримдигинин" (МКБ) демилгеси менен 12-январь күнү өкмөт үйүнүн алдында "Элдик Курултай" институтун мыйзамдаштыруу маселесин көтөргөн митинг өткөргөн. Анда төмөнкүдөй 9 талап коюлган эле:

1. КРнын Жогорку Кеңеши "Элдик Курултай жөнүндө" мыйзамды кабыл алардан алдын коомдук жана парламенттик угуу өткөрсүн!
2. "Элдик Курултай жөнүндө" мыйзамды кабыл алууда Улуттук Улуу Курултайда (2011- ж. 26.11 Бишкек ш.) жактырылган вариант негиз катары каралсын!
3. Мыйзам кабыл алынып жатканда депутаттардын аты жөнү ачык көрсөтүлүп добуш берилсин!
4. Паспортко улуту көрсөтүлбөй, Кыргызстандын жараны - деп жазуу жаңылыш кадам катары баалансын!
5. Улуттук Улуу Курултайдын чечимдери аткарылсын!
6. Кадр саясатындагы башаламандык иретке салынып, Жогорку мамлекеттик кызматтарга таза, адискөй адамдар келсин.
Коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүдө Элдин жаратман дарамет - деми көбүрөөк пайдаланылсын!
7. "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышын бийлик бутактары камсыз кылсын!
8. Электр энергия өчүрүлбөсүн, төлөм тарифи көтөрүлбөсүн!
9. Сырттан каржыланган НПОлордун ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынсын, өздөрүнүн устав программаларынан четтеп, Улуттук кызыкчылыкка каршы иштеген өкмөттүк эмес уюмдарга тыюу салынсын!


Жети жүзгө жакын адам катышкан бул митингдин катышуучуларынын өкүлдөрүн ал күнү ЖКнын төрагасы А. Жээнбеков кабыл алды. Ошентип, Жогорку Кеңештин 12- январдагы отурумунда "Элдик Курултай" жөнүндө мыйзамдын долбоору 1-окууда 67 "макул", 20 "каршы" добуш менен кабыл алынды.
Элдик Курултай мыйзамына эл депутаттары кандай добуш беришкени жөнүндө өзүңүз көз жүгүртүп алыңыз, окурман. Алардын тизмеси төмөндө.


Макул болгон
депутаттар:

1. Абдрахманов Ө.
2. Абдылдаев М. Ю
3. Акназарова Р. К
4. Алимбекова Н.К
5. Алымбеков З. М
6. Аманбаева У. А
7. Артыков А.А
8. Бакир уулу Турсунбай
9. Бакиров М. И
10. Бекбоев З. И
11. Бекешов Д. Д
12. Бекматов . А
13. Бокоев К. С
14. Джумабекова Д. А
15. Джумалиева Э. Б
16. Домшенко О. Л
17. Жамгырчиева Г. О
18. Жетигенов Б. Дж
19. Жоошбеков А. Ш
20. Жээнбеков Р. Б
21. Жээнбеков А. Ш
22. Зулпукаров Т. З
23. Иманалиев К.К
24. Исаев Ж.К
25. Исаев К.К
26. Исаков И. И
27. Исакова Э.Б
28. Кадыралиева Ы.К
29. Келдибеков А.К
30. Кочкарова Э.А
31. Кочкорбаев А.К
32. Кулов Ф. Ш
33. Мадылбеков Т
34. Маматалиева А.М
35. Маматов А
36. Маматов Б.А
37. Мамытов Т.Т
38. Молдобаев Н
39. Мурашев Н.М
40. Никитенко Н.В
41. Ниязалиева Д.А
42. Обдунов Э.А
43. Омурбеков К.К
44. Орозбаев М.О
45. Осмоналиев К. О
46. Осмонов К. Э
47. Пирматов И.А
48. Сабиров М.Э
49. Садырбаева Г
50. Сакебаев Э.А
51. Салимов Т.А
52. Салымбеков М.М
53. Самаков К.С
54. Саматов Ж.А
55. Сасыкбаева А.А
56. Скрипкина Г.А
57. Сулайманов Н.Ч
58. Султанбекова Ч.А
59. Султанов М.А
60. Талиева К.А
61. Тербишалиев Д.О
62. Тологонов Р
63. Торобаев Б.Э
64. Туманов Т.Т
65. Турсунбеков Ч.А
66. Узакбаев Т.М
67. Шайназаров Т.У

Баш мыйзамдын 2 - беренесиндеги Кыргызстандын эли - эгемендиктин жана бийликтин ээси - деген талапка маани бербей, ата-бабалардын тарыхый салтына каршы чыгып, өздөрүн элден жогору коюп "Элдик Курултай" мыйзамына каршы добуш берген депутаттар:

1. Абдиев К
2. Алтыбаева А.Т
3. Атаджанов С.С
4. Бадыкеева Н.Н
5. Бакиров О.М
6. Балтабаев Т
7. Досалиев А.А
8. Дыйканбаев К.С
9. Измалкова А.Н
10. Иманалиева Э.С
11. Иманкожоева Э.Б
12. Калмаматов Б
13. Левина Т.В
14. Мадеминов М.Г
15. Мамырова Б.А
16. Нарматова Н.А
17. Рыспаев К.Ж
18. Сулейманов Б.И
19. Торобеков Н.Н
20. Туманов К.Т
Мыйзам чыгаруу ишинен өзүнүн жеке жумушун же башка маселелерди маанилүү деп эсептеп, добуш берүүгө катышпаган депутаттар:

1. Абдыкеримов Ш.Ш
2. Айдаров Н.А
3. Айтматова Ш.Ч
4. Алымбеков Э. Дж
5. Арапбаев А.А
6. Арипов Н.Т
7. Баатырбеков А.Б
8. Бейшенбаева Г.Д
9. Гусаров И.К
10. Джолдошева Ж.А
11. Жапаров С.Н
12. Исаева Д.Ш
13. Кадыров Б.С
14. Калматов А.Б
15. Карамушкина И.Ю
16. Коркмазов Х.З
17. Кочкоров У.Т
18. Кудайбергенов Д.К
19. Мамытов Т.Б
20. Осмонов М.К
21. Режевалиев А.М
22. Сапарбаев Ж.Р
23. Сулайманов А.Т
24. Султанов А.Ш
25. Суракматов А.Э
26. Ташиев К.К
27. Текебаев О.Ч
28. Тюлеев Н.Т
29. Чолпонбаев У.С
30. Шер Б
31. Шин Р
32. Эрматов Э
33. Эшимов А.Ж

Элдик Курултай кыймылынын маалымат кызматы.


Редакциядан: Ошол эле күнү Элдик Курултай тилектештиги "Бакыт башаты - биригүүдө!" деген девиз менен Республикалык Мекенчил күчтөрдүн биримдигин ("Мекенчилдер биримдиги") кызматташтык багытта түзүү жөнүндө Шерттешме кабыл алышты. Ага "азырынча 34 коомдук уюм, борборлор, партиялар кол коюшту.

Анда, Мекенчил күчтөрдүн биримдигин түзгөн тараптар, жеке инсандар өлкөбүздө саясий, экономикалык, руханий кризис тереңдеп бараткандыгын белгилеп, Мекен, Улут, Мамлекет деген бөлүнгүс үч ыйыктыкты туу тутуп, коомдо саясий туруктуулуктун, адилеттиктин орношуна салым кошуп, Кыргызстан ар тараптан өнүккөн, кубаттуу өлкөгө айланышы үчүн ынтымак жана жигердүүлүк менен болгон мүмкүнчүлүктүн баарын жумшай тургандарын билдирип, коомдук уюмдар КРнын мыйзамдарынын негизинде, өздөрүнүн Устав-программаларына ылайык жана жеке инсандар карманган адамдык парасатына таянып биргелишип иш жүргүзүүгө макулдашышты.
Алардын максаттарында:
"Баш мыйзамда жазылган "Эл - бийликтин ээси" деген беренени турмушка ашырып, өлкө тагдырын бийлик эмес, эл өзү чечүүсүн камсыз кылуу;
- 1993-жылкы Баш мыйзамды калыбына келтирүү менен ага Кыргыз элинин Элдик Курултай, Аксакалдык сыяктуу түптүү нарк-дөөлөттөрүн киргизүү;
- Өлкөнүн эл аралык беделин көтөрүп, анын демократиялык идеяларды алып жүрүүчү кадырын арттыруу;
- Улуттар аралык жана диний конфессиялар ортосунда тынчтык менен ынтымак-ырашкерликти сактоо;
- Коомдук-саясий туруктуулукту камсыздап, аны кандай гана жолдор менен болбосун бузууга жол бербөө деген жана башка талап тилектер бекитилди.
Булар туурасында гезитибиздин кийинки санында жарыяламакчыбыз.









кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"







??.??