Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Калыстыкка калыстык
Азаматсың, Алмаз!
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев президент катары жакында Түркия мамлекетине болгон расмий сапарында бул өлкөнүн президенти А. Гюль, премьер-министри Т. Эрдоган менен, бизнес чөйрөсү, ал жердеги кыргыздар менен жолугушту. Буларды баса белгилегенибиз, Кыргызстандын президенти А. Атамбаев Түркиянын парламентинде чыгып сөз сүйлөп, олутту ойлорду түрк тилинде айтып ортого салды. А. Атамбаевдин Түркия парламентинде сүйлөгөн сөзү чынында мактоого татый турган сөз болду. Президент ошол сөзүнүн башын XX кылымдагы жаңы Түрк мамлекетинин түптөлүшү, бул эгемен мамлекеттин башында турган Мустафа Кемелдин кеменгерлиги жөнүндө айтып келип, сөз тизгинин карт тарыхкка бурганы болду.

Мындан бир канча доор илгери, 552-жылдан 743- жылдардын ичинде дээрлик 200 жыл бою түрк элдери Улуу Кытай сепилинен тарта Кара Денизге чейин Улуу Түрк Каганатын түзүп, бирдиктүү бир мамлекет болуп тургандыгына токтолду. Ошол түрктөрдүн бир бөлүгү азыркы Түркия болсо, бир бөлүгү Борбордук Азияны жердеп калганын айтты. Түрк мамлекетинин "Улуу жыйын" деп аталган парламентинин депутаттарына: Түрктөр Византия империясынын ири шаарларынын бири Изнак ( Мурдакы Никея шаары. грек сөзү) шаарын камоолго алганда ( 1331-жыл- ред. ) кыргыз жоокерлери жардамга келип, шаардын темир дарбазасын талкалап киришип, бирок, бир да кыргыз жоокери тирүү калбай кырылганына, кыргыздардын ошол эрдиктерине баа берип, Орхон Гази түрк урууларын ичинен бир гана кыргыз жоокерлерине күмбөз салдырганын, ал эстелик "Кыргызлар түрбөсү" деп аталарын айтып өттү. А. Атамбаев өткөн ошол улуу тарыхты айтуу менен ошол жыйында катышып отургандарга "азыркы Түркия мамлекетин түптөөгө кыргыздардын да эмгеги зор" - деген чындыкты төгүп таштады. Мындай улуу чындыкты Кыргыз президентинин кыраандыгын кантип көз жаздымда калтырасың.
Андан аркы сөзүндө А. Атамбаев, дагы мааниси терең тарыхкка токтолду. "Кырым жеринде байыркы түрктөрдүн эстелиги табылган. Аталган эстелик "Аркалаш" деп аталат. Бул эстеликте эки түрк жоокери бир бирине аркаларын коюшуп, баары кырылып экөө эле калышса да бет алдыларын карай душманга жаа тартып турушат. Ошол кезде түрк элдери бири-бири менен согушпай, аркалаш болуп келишкен. Кийин түрк- түрккө жаа тартты, бири-бирин кырды, душман болушту. Биз эми Улуу Түрк Каганатын түзө албасак да, бабалардын кылган ишин унутпай, түрк элдери бири - бирибизге аркалаш болуп турушубуз керек" - деди, президент. Бул айтылган сөздөр, чынында кунарлуу, кундуу сөздөр болду! Муну биз сыймыктануу менен мойнубузга алышыбыз керек. Бали, Алмаз мырза! Себеби, маани менен айтылган сөз - бул улуу дипломатия. Кундуу сөз адамдын көңүлүн ийитет, жибитет.
Анткенибиз, мурдагы президенттер тигил же бул мамлекеттерге барышканда "эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыш, соода жүгүртүү баланча долларга жогорулады, өстү" - деген кургак сөздөр менен чектелишчү. А. Атамбаев башкача кадам жасады, бул ирээт. Буга кол чаап коюшубуз керек, калыстык үчүн.
Жогоруда А. Атамбаев: "кийин түрк уруулары бири-бирин кырган, душмандашкан" - деп айтты дебедикпи. Ошол айтылган бир ооз сөздү биз толуктап, ага кошумча дагы бир ой айтып кетпесек болбос. Кептин жүйөөсү мындай: Борбор Азияда XIII кылымдын экинчи жарымында түрктөрдүн "Барлас" деп аталган уруусунан Темир кол курап бүт дүйнөнү багындарууга аттанат. Анын сансыз колун түрк уруулары Кыргыз, Казак, Өзбек, Кыпчак, Кара калпак, Түркмөн жана башкалар түзүшкөн. Темир Кавказды, Ооганстанды, Батыш Кытай аймагын, Каспий деңизинин жээгиндеги элдерди багындырып, Кичи жана алдынкы Азияга жортуул жасаган. 1402-жылдын 28-июнунда ал 500 миң кол менен барып, Анкара шаарын камоолго алат. Түрк султаны Баязет өзүнө караштуу болгон күчүн топтоп, ал дагы 550 миң жоокери менен коргонот. Бирок, Темирдин аскер тактикасына, Борбордук Азиядагы түрк атанын балдарына Кичи Азиянын түрктөрү ( азыркы Түркиялыктар ) туруштук бере алышпай жеңилишет да, султан Баязет колго түшөт. Белгилегенибиз, буга чейин адамзат тарыхында 1 миллиондон ашык жоокер катышкан согуш болгон эмес. Ушул улуу согуш түрк урууларынын ичинде гана болгон. Экерте кетсек, адамзат тарыхында эң көп жоокер катышкан согуш ошол түрктөрдүн согушунан кийин, туура 641 жылдан соң, СССР менен Фашисттик Германиянын аскер күчтөрүнүн ортосунда, Сталинград шаарынын алдында 1943- жылы болгон. Бул согушка эки тараптан 2 миллионго жакын жоокерлер, сандаган техника катышкан. Эми сөз тизгинин кайра артка бурсак, Анкара шаарынын алдындагы ошол согуш эки Азиядагы түрк урууларын бири- бирин жек көрүүнү күчөткөн. Бирок, бул улуу согуштун жалгыз пайдасын азыркы Түркия көргөн. Себеби, жеңилип көрүүнү билбеген Темирдин ошол жортуулунан кийин Византия империясы улам алсырап отуруп урай баштаган. Натыйжада, ошол аймакка Осмон империясы түптөлүп, отурган. Кокус, Темир баштаган Борбордук Азиянын түрктөрү Кичи Азияга жортуул жасабаганда Византия империясы жоюлуп кетпеши да мүмкүн эле . Ошондуктан, бүгүн өйдө жакка өсүп баратабыз деген Түрк туугандар (азыркы Турция) бул жагдайды эске ала жүрүшү керек. Эске алышпаса Кыргызстандын азыркы президенти А. Атмабаев Түркияга барган дагы бир сапарында эске салаар. Айтор, Алмаз мырза айткандай жалпы Түрк бир муштум болуп бириксе, келечек үчүн утуш гана болмок…

"Айгай-пресс"
Редакциядан: Макалада сөз кылынган Темир баатыр туурасында 11-бетте.







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"







??.??