Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Ак чүч, ордуна!
Майлуу тармактарды кимдер жетектеп жатат?
Же симфониялык оркестрге топозчуну дирижерлук кылып койсо болобу?
Энергетика тармагында кесиби жок бир эле Аскарбек Шадиев деп жүрсөңөр керек, толтура, тим эле саман! Энергетика, Газ, Авиация тармактары кирешелүү тармактар. Ошон үчүн башка кесиптин адамдары "кожоюн" болуп жүрүшөт. Бирок, бул тармактарга жетекчилик сөзсүз кесипти, зор тажрыйбаны талап кылат. Ошентсе да, бийликтегилердин жеке кызыкчылыктарынан улам газ, жарык өчүрүлүп, самолет кулап жатат, алтындан эл убай көрбөй жатат. Айтор, бул жагдайды салыштырып айтканда, симфониялык оркестрге топозчуну дирижерлук кылып жаткандай эле көрүнүш. Топозчу дирижер болуп, оркестрдин алдындагы секичеде колуна чыбыгын ары-бери серпилдете берсе, музыкант эмнени түшүнөт, оркестрден кайсы жагымдуу музыка жаралат?

Мамлекеттин 79% үлүшү бар, "Манас" эл аралык аэропортунун президенти Эрик Шайдиновдун кесиби соода экономисти экен. Билимди КМУУдан алып, 1995-жылы бүтүрүптүр. Бул "авиатордун" жөлөгү "Республика" партиясы экен, аскар тоодой болуп.


Мамлекеттин үлүшү 80,49%ды түзгөн " Электр станциялар" ААКысын жетектеген Аман Тентиев мырзанын кесиби боюнча банкир. Ал 1998-жылы КМУУну бүтүрүптүр. Дагы да юрист дагы экен. Ал эми артындагы жөлөгү ким экенин биле албадык.


Мамлекеттин үлүшү 87%ды түзгөн "КыргызГаз" ААКсынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев болсо 1975-жылы Фрунзе техникалык институнун курулуш факультетин бүтүрүгөн экен да, кийин ал дагы эл катары юридикалык билим алыптыр. Т. Кулмурзаевдин "өйдөгө чыкса жөлөгү, ылдыйга түшсө өбөгү" А. Атамбаев болоорун көп адамдар биле беришпесе керек, ошону айтып турганыбыз.
Т. Кулмурзаевдин биринчи орун басары Курманбек Наскеев болсо 1973-жылы Фрунзе техникалык институтунан билим алып, "электрик" деген кесипке ээ болуптур.


Мамлекеттин үлүшү 100% болгон "Кыргызстан" авиакомпаниясынын президенти Жолдошбек Бектурганов 1994-жылы Ысык-Көл Университетин бүтүрүп, инженер деген кесипке ээ болуптур да, бул адам да эл катары юристтик кесипти алыптыр. Эскерте кетүүчү бир жагдай, Сорбон, Кембирдж, Гарвард университетине "барабар" Ысык-Көл Университетинде авиациянын инженер кесибин окутпайт. Ж. Бектурганов мырза техниканын башка тармагында инженер болсо керек. Бул "учкучту" 2010-жылдын 17-апрелинде А. Атамбаев кызматка алып келген.


Мамлекеттин үлүшү 80,49%ды түзгөн "Чыгышэнерго" ААКсынын директору Жыргалбек Турсункуловдун кесиби болсо экономист экен. 1996-жылы ал киши да КМУУ-ну бүтүрүптүр. Турсункуловдун экинчи кесиби да Тентиевдикиндей юрист экен. (Азыр эки кишинин бири юрист эмеспи, бул кесип боюнча диплом алып койсом кереги тийээр десе керек) Бул экономит, юрист азыр "энергетик" мырза "Республика" партиясынан 2010-жылкы шайлоодо партиянын шайлоо тизмесинде болгон.


Мамлекеттин үлүшү 100% болгон "Кыргыз алтын" ААКсынын президенти Осмонбек Артыкбаевдин кесиби курулушчу. Фрунзе техникалык институтун 1986-жылы бүтүргөн, бирок, юрист- экенин биле албадык. Билгенибиз, бул "геолог" адам сөөгүнөн жүлүнүнө чейин социал-демократчы. Бирок, Бакиев доорунда катуу кысып койгонбу же башка себеби болгонбу ЖКда депутат болуп олтуруп, КСДП аркылуу келген мандатын таштай "качкан" жайы бар.

Күлчоро Кабылов

Редакциядан: Кыргызда жакшы макал бар, "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген. Тилекке каршы бүгүнкү биздин өкмөтүбүздө ушул улуу накыл кеп эске алынбай, анын ордуна өң-тааныш, жек-жаат жана кызылдай акчалар кыргыз бийлигинин "кызгалдактуу талааларында" оюн салып, ошолордун гана зоболосу оболоп жаткан кез... Айтмакчы, бүгүнкү жаңы дайындалып жаткан "жаңы" кадрлар жөнүндө дагы далай кызыктар алдыда.






Л€У…Р’Жђ


кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


а ­е¦Є.НҐй«