Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Дүлөйсүңбү, сокурсуңбу, сен бийлик!
Эмне үчүн?
Кезегинде Бээжинди чапкан кыргыз тукумдары ошол бабалардын өрнөгүн, баатырдыгын кайталап көрсөтүшүп, 2010-жылдын 7-апрелинде диктатуралык бийликти өлүм менен, кан менен кетиришип, дүйнөнү дүңгүрөтүп, "Араб жазы" деп аталган түндүк Африкадагы толкундоолорго жол ачышты эле, бирок, өкүнүчтүүсү, эң өкүнүчтүүсү, ошол Манастай, Чубак, Сыргактай эрдик жасашып, шейит кеткен баатырлардын туугандары эки жылдан бери канкорлорду жазалата алышпай, аскер соттунун тегерегинде сенделип жүрүшөт. Өкүнүчтүүсү дегенибиз, ошол азаматтардын каны менен бийлик сересине келгендер бул жөнүндө таптакыр унутуп коюшту. Атүгүл Манастын эси жок атасы Жакыптай инилери Абыке, Көбөштөй бийлик талашып жүрүшөт. Бул ачуу чындыкты эч жерге катуу мүмкүн эмес!
Кандуу 7-апрелдин күнөлүүлөрүнүн бири Мурат Суталинов өткөн 2011-жылы 16-декабрында эч нерсени көрмөксөн, билмексен болуп, сот залына пайда боло калганда эле, азыркы бийликке карата кандайдыр бир күмөндүү ойлор пайда болгон. Ошол окуя жөнүндө "Мекен Шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмдары, 2011-жылдын 16- декабрында маалымат жыйын өткөзүшүп, "биздин ишенчээктигибизден пайдаланышып, бул бийлик бизди каалагандай алдап соолап сооротуп келишти. Андан да бизди күйдүргөнү, "Хватит наглеть!" - дебедиби, УКМК төрагасы Шамил Атаханов. Биз ишенген бийликтин жүзү ушул болсо, эми чындап күрөшкө чыгып, көргүлүктү көрсөтөбүз, эки жүздүү алдамчыларга!" - деп айтышкан эле. Чынында шейит кеткендердин жакындарынын күйгөнүндөй эле бар. Канкорлордун огунан бир боорлорунан, чырактай жанып турган балдарынан ажырашса, эмчектеги бала атасыз калса, жүздөгөн үй-бүлөөнүн коломтосу өчүп, балдары, жубайлары Аскар тоосунан айрылышса, анан дагы алар 2 жыл бою эмне үчүн сенделип соттон сотко темселешиши керек? Ошол баатырлардын өлүмү менен бийликке келгендер эмне үчүн кыймылдашпайт? Аттиң ай, жок дегенде акча төлөп жактоочу жалдап бергенге жарашкан жок, өлгөндөрдүн жакындарына. Чиркин, ов!
Адамдын үмүтү өчпөйт эмеспи, ичээр суусу түгөнгүчө. Баатырлардын туугандарынын үмүтү өчпөй дагы эле ишеним менен 2012-жылы 14-январда аскер сотуна келишти эле, сот кайрадан 21- январга жылдырылып, ичтериндеги муң кайра толуп, күйүп турушту, ошол жерде.

Күлчоро Кабылов




Андан бери эки жылга жакындап калды…
Осунбек Жамансариев, "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин төрагасы:
"Элдин кыжыры кайнап барат…"
- Бүгүн, мурдакы бийликтин тушундагы УКМКнын төрагасы Мурат Суталиновдун 7-апрель окуясы боюнча сот процесси болот деди эле, неге процесс болбой калды?
- Өзүңүз көрүп турасыз, бүгүн сот процесси болмок, ( бул күн, ишемби, 14-январь эле - ред.) бирок М.Суталиновдун адвокаты келбей калып, кийинкиге, 21-январга жылдырылып калды. Не себептен келбей калганын түшүндүргөн да жок. Алар бүгүнкү нааразы тараптын минтип чогулуп келишкенинен ушул шылтоону колдонуп коюшту. Себеби, бүгүн Суталиновдун баш коргоо чарасы каралмак.
- Айтмакчы, М.Суталиновдон кем эмес күнөөкөрлөрдүн бири Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев жасалма сакал тагынып, Жалал-Абаддын кайсы бир айлында жашынып жаткан жеринен кармалганда, андагы биздин убактылуу өкмөт катуу "күркүрөшүп", ал тургай ал кишини Жалал-Абаддагы бир нечелеген адамдар курман болгон жаңжалды уюштуруучуларынын бири дегенге чейин барышты эле. Эми минтип эң жеңил жазаны алып чыга берди. Бул туурасында эмне дээр элеңиз?
- Эмне демек элем, ага коюлган айыпка түк түшүнбөй турабыз. А дегенде 7 жыл берилди деп келип, жаңы-жылдын алдында Ленин райондук соту колония поселениеге "кесип жиберди". Себебин сурасак, ал кишиге мунапыс колдонулду дешет. Кыскасын айтсак, биздин соттор юриспруденциядагы жок жорукка таянып А.Бакиевге аябагандай эле жан тартканы көрүнүп калды. Бул жерде белгилей кете турган нерсе, эгер жогору жактан көрсөтмө болбосо, анчалык жеңилдикти сот деле жасай алмак эмес деп эсептейбиз. Мындай оор иш менен каралып жаткан адамдын ишин прокуратура өзү көзөмөлдөп турушу керек эле. Алар болсо көрмөксөнгө салып коюшту. Бул иште чындап келгенде көптөгөн "иттин өлүгү жатканын көрүп, сезип, айтып жатсак да "өйдөкүлөр" өз билгендерин кылып жатышат. Мына, азыр эми бир кезде убактылуу өкмөт кармадык деп "урээлеген" Акмат Бакиев боштондукта.
Мыйзамды биздин соттор ошончолук так аткарышса, анда ошол эле А.Бакиев сыяктуу 7 жылга кесилген, анданда жеңил кылмыш менен кесилгендер эч кандай мунапыска туш болуп этпей эле, жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Эмне үчүн? Мыйзам деген эки тараптуу болбойт да. Ал баарыбызга бирдей болушу керек. Же эмне, акчалуу бай адамдарга өзүнчө, карапайым адамдарга өзүнчө болобу? Эл азыр ушуга өтө нааразы болуп жатышат. Бийлик болсо азыр алардын чыдамы менен ойной баштады.
- Чынында эле, ошол кандуу апрель окуясы болгонуна жакында эки жыл болот. Бирок, сиздер айткандай коомчулук деле сот процесстеринен эч бир жылышты көрө албай келет. Себеби, эмнеде деп ойлойсуз?
- Эгер акыйкат сөздү айта турган болсок кан менен келген биздин бийлик бул маселени чечиш керек эле. Апрель окуясы болгонуна эки жылга жакындап калды деп жатпайсызбы. Мындай пикирлер азыр Ала-Тоонун ар бир кокту колотунда айтылып жатат. Баарыбыз баамдагандай эле, кана, ошол канкорлордун кимиси жазаланды? Ал окуяны бийликтегилер унутса да, эл унуткан жок.
Өзүңүз деле угуп жатасыз, ушул бүгүнкү процесске келген нааразы болгон тарап күйгөндөрүнөн кандай гана сөздөрдү айтып жатышат. "Биз ишенген бийлик булар менен колтукташып алды. Бул жакшылыкка алып барбайт" деп жатышат. Чынында эле ошолордун бирөөсү соттолдубу? Жаңы келечек үчүн, ошол кездеги авторитардык бийликке каршы көтөрүлүп, алардын огунан курман болгон 90дон ашуун барчындай азаматтардын кыйылган өмүрүнө ким жооп берет? Элдин кыжыры болсо кайнап барат…
Алтынай Бакирова




Сүрөттө: кандуу дагы, үмүттүү да 7-апрель...
Редакциядан: Эгер биз 7- апрель ишинин юридикалык жагындагы олуттуу мүчөлүштүгүнө токтолсок, мындай пикирди айтаар элек. Адатта, бийликтеги чала сабат атка минерлер, "дүйнөлүк практика", "дүйнөлүк стандарт" дешип, ооз толтуруп сүйлөшөт. Анда ошол дүйнөлүк практикадан бир мисалды келтиреличи. 1989-жылдын декабрында Румыниядагы кандуу окуяда диктатор Николае Чаушеску жана анын жубайы Элена Чаушеску колго түшөөр замат революционерлер (21- декабрь күнү) аларды бир аскер казармасына алып барышып, аларды жактоочу менен камсыз кылышып, ден соолуктарын врачка текшертишип, прокурор айыбын угузуп, анан соттун өкүмүн чыгартышып, аттырып ташташкан. Бул процедура 3 саат гана убакытты алган. Ал эми калгандарына ушунун жыйынтыгы менен эле жаза колдонушкан. Румынияда Чаушескунун буйругу менен өлгөндөрдүн жакындары азыркыдай (биздегидей) болушуп, сандалып муңга батышып, доогер-болушуп жүрүшкөн эмес. Чаушескулар менен Бакиевдердин кылмышынын оордугу бирдей эле. Болгону бизде сот бийлиги бул ишти теңирден тескери квалфикациялап койгон. Чынында, бул иш КР Кылмыш кодекстинин " Бийликти күч менен басып алуу жана бийликти күч менен кармап туруу" деп аталган статьясына дал келет. Бакиевдерге негизинен ушул, дагы башка сатьяларды колдонуш керек болучу. К.Бакиев 2010-жылдын башында эле бийликтин күчү менен Баш мыйзамды бузуп, ЦАРИИ деп аталган "коррупциялык офисти" түзүп, элге каршы саясат жүргүзүп, андай диктатурага 2010-жылдын 7- апрелинде чыдамы кеткен, нааразы болуп чыккан элге карата курал колдонуп, бийликти күч менен кармап турган. Эгер бул кылмышты жогорудагыдай квалификациялаганда баатырлардын жакындары доогер болушуп, азап чегишпей мамлекеттин өзү, Башкы прокуратура айып угузуп, иштин акырына эбак эле чыкмак.
Акырында айтаар сөз, азыркы бийлик бул ишти созо беришсе же бир арам ойлору ичтеринде былгып жатса, анда акыры түбү жакшы болбойт. Кандайдыр бир ички же сырткы күчтөр ушул ызалуу нерсени курал катары колдонуп кетиши толук мүмкүн. "Алы жок акыретчил" кылбашы керек бул ишти, эгер бийлик эл менен бирге болобуз дешсе.





"Качпагыла туугандар, кыргыз эли бүгүн болот жок же бар"...
Ал күнү күн бүркөлүп ачылбады,
Себелеп жамгыр жаап басылбады.
Тайманбай жайдак төшүн окко тосуп,
Эрендер талап кылды акыйкатты.

Ак үй ал күн ажыдаардай түнөрүп,
Ажал отун элине камдап жатты.
Аңгычакты автоматтар тытырап,
Ойлободу ал бийлик саламатты.

Жаналгычтай кара чүмбөт жамынган,
Шыпшайдары жазбай таамай атышып.
Түтүн каптап, ок-дарысы жыттанып,
Айлананы каптап калды мунарык.

Башка ок тийип, мээ асманга чачырайт,
Канча жандар жерге кулап, алсырайт.
Гүл ачелек, кырчындай жаш уландар,
Жер кучактап, кулап жатты болуп кайт.

Акыркы сөз: "Качпагыла туугандар,
Кыргыз эли бүгүн болот жок же бар"
...Азаматтар моюн сунуп өлүмгө
Кош айтышып түбөлүккө жаз менен,
Жатып калды кара жердин түбүндө.

Кадырбек Жекшалаев





Л€У…Р’Жђ


кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


а ­е¦Є.НҐй«