Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Максим Бакиевдин дагы бир кадры кайра кызматка келди
2012-жылдын 17- январында Ө.Бабанов экс-экономиканы башкаруу министри Учкун Ташбаевди геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчилигине дайындады.
Кыргызстанда тоокен тармагында көптөгөн тажрыйбалуу, совет доорунда Москвадан билим алышкан бул тармакта илимий даражалары бар профессионал адистер жеке компанияларда иштеп жүрүшсө, өлкөнүн экономикасын өстүрүүчү тармакка финансы - кредит боюнча адисти алып келгендин өзү бийлик эл үчүн эмес, жеке кызыкчылыгы үчүн иштейт деген кеп эмеспи? ЦАРИИчил бул жигит жаңы тармакта гранит менен мрамордун, кум менен таштын, дүкөндөрдө сатылып жаткан алтын менен күмүштүн айырмасын билсе билээр, ал эми жер алдында башкача физикалык, химиялык касиеттеги, сапатта жаткан минералдарды кантип билет болду экен...
"Айгай-пресс"




Аңгектен өткөн дөңгөк ай…
Кайда барсаң бийлик талаш
2012-жылдын 13-январында "мини-парламентте" (Бишкек шаарынын кеңешинде) спикерин шайлашмак эле, бирок талапкерлер болуп тандалып чыгышкан шаардык кеңештин депутаттары Калыбек Чепеев жана Жумабек Салымбековдор татыктуу добуш ала албай калышты. Борбор шаардын бюджетин кайсы тармактарга жумшаарды, жер тилкелерин кимдерге бериш керектигин, дагы-дагы толгон токой маселелерди чечишкен ушул "мини-депутаттар". Бирок, шаардыктар өзүлөрүнүн депутаттары ким экенин деле жакшы биле беришпейт. Себеби, бул депутаттар эл менен иштешпейт. Болгону мандат алаарда гана көчө чаңдатышып, чабагандап калышат. (Андай эмес дешсе, кылган иштерин айтып чыгышсын, эл үчүн жасашкан эрдиктери болсо гезит бетинен орун берүүгө даярбыз- ред. )
Жакында Республиканын Ош областынан башка областарды жана Ош шаарынын кеңештерине депутаттарды шайлоо болуп өтөт. Жергиликтүү "мини парламенттерге" татыктуу депутаттар келеби же береги сүрөттөгүдөй үргүлөп отургандар келеби же чындап эл үчүн күйүп-бышкандар келеби көрө жатаарбыз. Бирок, эл да ойлонушу керек, ким үчүн, кандай адам үчүн добуш беришээрин.
"Айгай-пресс"




Эй, "эл өкүлү" айтчы, колуңда канча манжаң бар?
Жогорку Кеңештин депутаттары 2010-жылдын ноябрынан баштап "регламент" дегендин ырынан баштары чыга албай жатышат. Регламент - француз тилинен кыргызчага которгондо - "эреже" деген эле түшүнүктү берет. Депутаттар өзүлөрүнүн иштөө эрежелерин бир жыл бою түзүктөп, түзө албай жатышат, анан жалпы мамлекетке тиешелүү мыйзам эрежелерин кантип так түзүп жатат болду экен десең. Кандай жагдайда болбосун эреже (регламент) кыска болгону жакшы. Эрежелерди улам көбөйтө берсе ошончолук татаалданып, чаташуулар боло берет. Математиканын эрежеси бир эле формуладан турат. Турмуштун эрежелери деле жөнөкөй. Парламенттин регламенти да кыска жана жөнөкөй болуш керек.
Депутатар үчүн жалгыз эреже же регламент - ишке ар дайым келип турушу керек. Бирок, ушул бир эле эреже депутаттар тарабынан сакталбай жатпайбы. Анан кайсы регламент жөнүндө талашууга болот. Парламенттин ишин жүргүзүүчү аппарат бар. Ошолор эле ишти камсыз кылып тейлеш керек. Депутаттар тигил же бул маселе, мыйзамдын долбоору боюнча оболу комитеттерде, анан чоң жыйында (пленардык) талкууларга катышып, анан чечим кабыл алышы гана керек. Болду, регламент - деген ушул. Ошого карабастан "эл өкүлдөрү" ишти татаалдантып, өзүлөрүнүн шилекейлерине өзүлөрү чакап жатышат.

Күлчоро Кабылов


Айттыңбы, аткар!
К менен Анын "чабуулу"
Парламенттеги "Ата Журт" фракциясынын жетекчиси К.Ташиев өткөн апта аягында "Бишкек ликер" - арак заводу мүлк фондусу тарабынын алгачкы баасы 133,6 миллион сомго бааланса да, ал жарым баасына, 66 миллион сомго сатылган" деп чыкты. "Аны парламенттеги КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков сатып алган деген маалыматтар бар" деген маанайдагы пикирин да кошумчалады. Ташиев бул "окуяны" тактоо сунушун финансы министри А. Жапаровго тапшырды. Ошол эле учурда Ч.Турсунбеков "Вести" маалымат сайтына "эгер Ташиев ушак аркылуу мени күнөөлөгүсү келсе терең жаңылышат. Андай нерселерди айта турган болсом, Камчыбек Кыдыршаевич өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда 66 май куюучу бекеттерди өзүнө каратып алган деген сыяктуу сөздөрдү мен деле айта алам. Ошондуктан, Ташиевдин менин дарегиме айтылып жаткан кептерин ушак катары баалайм жана керек болсо анын антип айтып жаткандарына көңүл деле бургум келбейт" деген пикирин билдирди. Мындайча айтканда Чыныбай мырза К.Ташиевдин жоругун "ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегенчилик кылды окшойт. Ал эми арак заводу боюнча ал ишке эч кандай тиешеси жок экенин актанып өттү.
"Ата-Журттун" дагы бир эренинен бир шиңгил, Жогорку Кеңештин төрагасынан оодарылгандан кийин куру калбай бюджет жана финансы комитетинин папкеси колуна тийген А. Келдибековдун демилгеси менен, 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин коммерциялык банктардын уяларынан алынган доллардын бир центине чейин иликтеп чыгыш үчүн жумушчу топ түзүлмөй болду. Бул комиссияга финансы министрлигинин жана парламенттеги баардык фракцияларынан бирден депутат кирмей болушту. Мындай кадам менен А. Келдибеков бир кездеги Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнө чабуул жасап, өзүн секиден кулаткандардан кегин алганы турат окшойт… А бирок, өзгөчө акыркы 15 жыл ичинде Кыргыз бийлигинде бир да "таза" адамды таппайсын, эгер чындап изилдей келсең. Баарынын артында калдыраган "калбыры" бар. Ошонун кесепетинен биринин кылтагына бири түшүп турат. Биринин кекиртегине бири сөөктөй тыгылып калат. Ушундай чырмалышкан бийлик. Ошентсе да макул дейли, дегенибиз, эми бул иштин аягына А. Келдибеков чыгаар бекен же А. Бекназаров менен Т. Сариев ортого түшсө, "ооз басырлык" алып, тим болоор бекен…
Айтмакчы, 2010-жылы банктагы акчалар жөнүндөгү "синдикат" бүтүн журтка дүң болгон. Чынында эле ал окуянын анык чындыгы ачылышы керек. Мухамбет пайгамбар "жакшылык унутулбайт, жамандык эскирбейт" деп айткандай, бул окуя эч качан элдин эсинен кетпес нерсе.

Күлчоро Кабылов





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"







??.??