Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Бийлик + популизм
Жол ачкыла, "аяк бошотоорлор" "келатат"…
Өткөн жыл аягында (28. 12. 2011-ж.) өлкө президенти А. Атамбаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө: "Президентин аппараты жаңы жылдан баштап өзүнүн бюджетин 200 миллион сомго кыскартат, силер да кыскарткыла" - деп депутаттарга кайрылган эле. Бир караган адамга А. Атамбаевдин бул кадамы сарамжал, калкка жан тарткан эрдиктей эле көрүнөт. Бирок, бул маселени башка өңүттөн караганда башкача ойго келесиң. Не дегенде өткөн жылы өлкөнүн бюджетин түзүп жатканда, президенттин аппаратына эбегейсиз каражат - миллиард сомдон ашык акча каралган. Бул албетте, эбегейсиз көп каражат. Президент каражатты дагы азайтканга да мүмкүндүк бар...
Өкмөт болсо аткаруу бийлигине тиешелүү министерство, ведомство жана башка мекемелерден 3200 "аяк бошотоорду" кыскартмай болду, жыл башынан тарта. Ушул тапта кыскартууга чейин мамлекеттик кызматта 321 миң адам иштейт экен. Демек, иштен болгону 1% "чиновник боркогун" тагынгандар кыскарат. Эмгек Кодекси боюнча буларга 2 айлык компенсация төлөп бериш үчүн 400 миң сом чыгымдалып, бирок, казынадан 1 миллиард сом үнөмдөлөт экен. Мейли, ушундай деп койолу, бирок "тыйындын" экинчи жагына келеличи. Кыскара тургандар буга чейин мамлекеттик кызматка сөзсүз тааныш аркылуу келишкендер. Кыргызстандын мамлекеттик бийлик механизминин шартында таанышы жок бир да адам кызматка илинбейт. Бул чындык. Булар эки айлык компенсациясын алып алган соң, кайра эле башка тааныштары аркылуу, башка мекемелерге, мамлекеттик кызматка илешип алышат. Бийлик чөйрөсүндө тааныштары бар адам көчөдө калганы бул "жат көрүнүш", кыргыз үчүн. Айта кетүүчү дагы бир кеп, өкмөт "кызматкерлерди кыскартабыз" - деп жатат да, Ө. Бабанов өзүнө үстөкө-босток "кеңешчи" деп аталгандарды кеңейтип алып жатат. Жакында кеңешчи болуп дайындалган Нурсулуу Ахметова деген айым буга чейин АКШнын ЮСАИД деп аталган офисинде жакшы кызматта иштеп жүрүптүр, ал жерде бери дегенде маянасы 1000 доллар акча алса керек. Эми бул кеңешчиге ошондой каражат төлөп бериш керек. Болбосо, Н. Ахмедова акчалуу жерден жылбайт болчу. Дагы бир айта кетүүчү сөз - Кыргызстандай чакан мамлекет болгон Эстонияда өкмөт башчысынын кеңешчиси түгүл, аппараты таптакыр жок экен. Алардын өкмөт башчысы түздөн-түз министрликтердин аппараты менен иштешет экен.
Ушул эле биздин өкмөт дагы, 1200 кызматтык автоунааларды кыскартабыз деп жатышат. Бул албетте туура кадам деп коелу. Бирок, мунун дагы тескей жагы бар. Себеп дегенде мамлекеттик атка минер өзүнүн жеке менчик авто унаасы менен үйүнөн кызматка барып келип турат. Эгер кызматка байланышкан иш менен тигил жак, бул жактарга барууга зарылдык келип чыкса, сөзсүз ал атка минер жеке менчик автоунаасына күйүүчү май үчүн мекеменин кассасынан акча алат. Мындай зарылдыктар мамлекеттик бийлик органдарында ар дайым эле болот. Ушул эле дейсиңерби? Мамлекеттик кызмат үчүн жеке менчик авто унаасын пайдалангандыгы үчүн ижара акысы, тетиктер үчүн, оңдоп түзөтүү үчүн дагы акча алат, атка минер. Эмне үчүн жеке менчик автоунаа мамлекет үчүн эксплуатцияланышы керек? Мына, дал ушул жерде жеп-ичүү көбөйөт. Ошентип, айланып келип эле "үнөмдөйбүз!" - деп жаткан акча келемиш ташыган буудайдай жок болот. Буга бир эле мисал, депутаттар "эгер автоунаадан баш тартсак анда жол киреге, жеке менчик автоунааларга күйүүчү май үчүн бери дегенде айына 9 миң сом төлөнүш керек" - деп жатышат. Эгер эл өкүлдөрү автоунаадан баш тартышса, жеке менчик авто унааларына күйүүчү май гана албастан, сөзсүз анын тетиктерине, оңдоосуна, Жогорку Кеңештин эсебинен акча алыша турганы турган иш. "Жакшы көргөн балаңды базар көрсөтпө" дегендей, көп жылдан бери депутаттар кудайдын эрке балдары болуп, жаман көнүп калышкан эмеспи.
Айтмакчы, мамлекеттик ошол 1200 авто унааны "сатабыз" - деп жатышат, өкмөт. Болуптур, авто унааларды сатышсын деп койолу. Бирок, бул унаалардын бааларын бычканда Бишкек арак заводунун баасын 50%га арзандатып саткандай болуп кетпес бекен? Жедеп 20 жылдан бери мүлктү сатканга маш болуп калган бийлик бул сатыктан да "кол кесер" алып калганды көздөп жаткандай. Бийлик кандайдыр бир кадам жасаса эле, анын артында жеке кызыкчылыктар көп өтпөй оркоюуп чыгып калып жатпайбы…
Бул сатык иш боюнча айта кетүүчү дагы бир олутту жагдай мындай. "Сатабыз" - деп жаткан өкмөт кокус бир жыл ашпай бийликтен кетип калса, алардын ордуна келгендер "мурдакы өкмөт автоунаалардын баарын сатып жибериптир, ансыз деле жеке менчик автоунаалардын күйүүчү майы, тетиктери, оңдотууга көп каражат кетип жатыптыр" - деген жүйөөлү маселени кабыргасынан коюп, мамлекеттик автоунаалар сөзсүз керек, каражат бөлүп бергиле" - деп парламентке кайрылса, алардыкы жөндүү болуп чыгат. Айтор, бийликтин азыркы кызматкерлерди, автоунааларды кыскартуу кадамдары популисттик эле кадамдар. Эгер 40-50 миңден айлык акы алган президенттин аппаратынын, иш башкармалыгынын кызматкерлери, депутаттар, өкмөт, өкмөткө тиешелүү компаниялар, мекемелер, ишканалардын, жетекчилери айлык акыны "20 миң сомдон ашырбайбыз" - дешишсе анда көңүл жибитээрлик иш болмок. Ушундай кадам менен бери дегенде 1 миллиард сом үнөмдөлмөк. Быйылкы жылдын бюджетинин 26%ы мамлекеттик башкарууга каралган. Мынча каражатты талап кылган мамлекеттик башкаруу феодалдык башкаруу менен эле барабар. Ушул мамлекет үчүн маңдай терин төгүп, күч кубаттарын жоготушуп, бийликтегилер отурушкан жылуу жумшак Ак үй менен Көк үйлөрдү, дагы башка толгон токой имараттарды курушкан 400 миңге чукул ардагерлерге, майыптарга, багары жок жетимдерге бюджеттин бөлүнгөн каражты 18%ды араң түзөт. Анан дагы - "биз социалчыбыз" - деп сүйлөп коюшат, бийликтегилер. Кайдагы социалчы, кадыр эсе эле клептократтар…

Жолдошбек Токоев




"Жыргаганыбыздан жылкычы болгон жокмун" демекчи...
ИДПнын 27%ын эмгек мигранттары түзөт
ЗАЯВЛЕНИЕ
Ассоциации кыргызских диаспор
России и Казахстана
"Замандаш" (Ассоциация "Замандаш")
В структуре нового Правительства Кыргызской Республики было упразднено Министерство миграции, труда и занятости Кыргызской Республики, следующим шагом Парламент Кыргызской Республики представил новую структуру комитетов, где комитет миграции также отсутствует… Однако, Правительство озвучило, что миграционные функции Министерства миграции, труда и занятости Кыргызской Республики будут переданы в МИД КР, а именно вопросы граждан Кыргызской Республики за рубежом и иностранных граждан на территории Кыргызской Республики. Вопросы труда и занятости переданы в Министерство молодежи Кыргызской Республики, которое было преобразовано в Министерство молодежи, труда и занятости Кыргызской Республики.
Парламент же никаких комментариев по упразднению комитета миграции не дал.
Проблемы и перспективы миграции всегда напрямую связаны с государственной политикой в этой отрасли, т.е. ее наличием или отсутствием. До настоящего момента как таковой серьезной государственной политики в области миграции мы не наблюдали, несмотря на наличие ведомства, которое непосредственно должно было заниматься данными вопросами, сначала это был Госкомитет миграции, затем преобразован в Министерство, в Парламенте был создан комитет по миграции. Все эти процессы были осуществлены при активном участии Ассоциации "Замандаш".

(Продолжение на стр.12)




Кад(ы)р түн
Кулматов
кулаган жок
Кезинде Кубанычбек Кулматов тууралуу далай терс пикирдеги сөздөр ММКларга жайнаган. Бирок, колдогон кожосу күчтүү белем, Кулматовдун кубанычына эч ким тоскоол боло албады.
Ал эми 17-январь күнү Ө.Бабановдун жарлыгы менен кайрадан КРнын бажы кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Үйүм жок десе…
Үлүл да ишенбейт го…
Учурда ЖК депутаттарынын балансында сырттан шайланып келген "үйү жок" депутаттар үчүн (ошолордун үйү жок дегенге Борончу айтмакчы үлүл да ишенбейт болуш керек) 30 квартира каралган.
Бирок, ага шаарда үйү барлар да "үйүм жок" деп кирип алып, айрымдары тууган-уругун же башкаларга батирге берип койгон көрүнүштөр бар экенин ЖК депутаты К.Абдиев айтып чыкты.
Деги эле, акыркы кездерде мындай коммунизим эмес, жыргализимде жашап жаткан ЖК эрке талтаңдарына эл өтө эле нааразы. Андай экенин дагы бир депутат Н.Молдобаев: "Азыр парламентти таркатууга элдер кол топтой баштады, алардын жек көргөнү эле Жогорку Кеңеш болуп жатат" деп айтып өттү.

Жаңы буйрук
МАИлер эми башкача "ышкырат"
Буга чейин көрүнгөн бурчка көрүнбөй туруп алган МАИ кызматкерлери иш кызматтарын атайы патрулдук автотранспорт менен, болбосо жөө жалаңдап өткөрүшөт. Ө.Бабановдун тапшырмасы менен ИИМ министри З.Рысалиев ушундай буйругун чыгарды. Бул деген мындан ары жеке автотранспорт менен анын жанына туруп алып ала таягын чимирилткен МАИчилерге тыюу салынды дегени.







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"







??.??