Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

"Акча менен куралда тил болгондо мыйзамдын үнү чыкмак эмес" демекчи…
Кыргызстандын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин аракеттеринин баары өзүнчө казино болуп калганбы?
Кыргыз мамлекетинин акыркы жылдардагы бийлигин нечендеген адамдар каргап келишет. Канчалык жаап жашыралы десек да бул чындык. Эл мындай кордук көрбөсө каргамак турсун, алкабайт беле, түгөттүкү! Ошол каргагандардын арасында күйөөсү же баласы кумар ойношуп, ошонун кесепетинен үй-мүлкүнөн ажырап, ай талаада калгандар бар. Кумар оюну ислам, христиан диндеринде катуу тыюу салынат. Ошентсе да, башкалардын кайгысынан, көз жашынан акча табышкан ашынган жексурлар, дин безерлер, кумарканаларды иштетишкени кийинки демократия, базар экономикасы заманында пайда болду. Мурда мындай азгырык жок эле.

Коом үчүн кылмышка барабар бул кумарканаларды ачканга бийликтин өзү жол берип келет. Оболу кумар оюнунун коомдогу ордуна диагноз коюп көрөлүчү. Юридикада - кылмыштуулук мындайча квалификацияланып келет: "Кылмыштуулук - бул коом үчүн коркунучтуу жасалган аракеттер болуп саналат" деп. Эми ушуну тактап көрөлү. 1) Бирөөлөрдүн чалдыккан оорусунан (кумарпоздук медицинада - оору катары эсептелет-авт.) бирөөлөр байыш үчүн, коомго коркунуч келтирип, эртең дагы бирөөлөр үй-жайын уттуруп, бала- чакасы көчөдө калып жатса кылмыштуулук эмей эмне? 2) Арамдык, алдамчылык жол менен акча таап жатса бул да кылмыштуулук.3) Мунун дагы бир кылмыштуулугу - казинолорго кылмыш жол менен табылган акчалар гана ойнолот. Чынында бул акчалар мыйзам боюнча, бийлик туура ниетте болсо конфискацияланыш керек эле. 4) Тилекке каршы бийликтин өзү ушул кылмыштуулук менен чырмалышып алган. Себеби, канчалык "кумар оюнун жабабыз" - деген менен, алар менен ажырашкысы келбей турганы. Демек, бийлик өкүлдөрү, казинолордун ээлери, кылмыштуу акча тапкандар менен иш жүзүндө шериктеш. Өткөн 90-жылдардын башында көчөдө колдору ийиктей чимирилген, эпчил жигиттер "лохотрон"- деп аталган алдамчылык оюнду ойнотуп, милиция кызматкерлери кармашып, камашып жок кылышкан. Салыштырсак, ошол "лохотрон" оюну азыркы казино, оюн автоматтарына караганда баланын эркелегениндей эле нерсе экен...
Өткөн жылдын 29- сентябрында Жогорку Кеңештин 105 депутатынын добушу менен "Кумар ишмердигине тыюу салуу жөнүндө" мыйзам кабыл алып, бул мыйзамга экс- президент Р. Отунбаева (01. 11.2011-ж.) кол койгон. Аталган мыйзам боюнча кумар ойнотуучу жайлар ушул жылдын 1- январынан тарта жабылмак. Тилекке каршы, Кыргызстандын "Лас-Вегастары" ишмердүүлүгүн улантып келишүүдө. Бул көрүнүшкө кабыл алынган мыйзамды аткарууга, иш жүзүнө ашырууга жоопкер аткаруу бийлиги эмес, коомдук уюум "Сезим" кризистик борбору анын жетекчиси Б. Рыскулова жабылуучу казино жана башка кумар оюн залдары мыйзамды тоготпой иштеп жатат" - деп элге, бийликке коңгуроо кагып, эки ирээт Ак үй алдына акция өткөздү. Биликтин бутактары дем алыш күндөрүнө карабай, 2012-жылдын 3-январынан тарта ишке чыктык- деген менен бул казино меселесине үн катышпады. Көрүшсө да көрмөксөн, билишсе да билмексен болушуп, кылыйып отурушту, отурушат дагы. Чынында аткаруу бийлиги өткөн 31-декабрь түнү саат 12.00дө эле рейд жасашып (ансыз деле жаңы жылда күч органдарынан тышкары министерство, ведомстволор күзөт кылышат эмеспи иштеген жерлеринде) кумар оюн жайларын жаап, мөөр басып, печаттап ташташ керек эле. Себеби, антүүгө өлкө башчысынын колу бакыйып коюлган мыйзам турат. Өкмөт бул мыйзамга таянылган өзүнүн токтомун өткөн декабрь айында эле чыгарыш керек болчу. Бирок, андай болбоду. Ушунун өзү күмөндүү нерсени жаратты, коомчулукка. Бул маселеге тиешелүү бийликтин арекеттеринин бир аз хроникасын айтып көрөлүчү.
"Сезим" кризистик борбору казинолордун иштеп жатканына наарызычылык акциясын өткөзгөндөн кийин абийирлери чыдабадыбы, 2012- жылын 9- январында финансы полициясынын жетекчисинин орун басары Элдияр Убалиев "кумарканаларды жапканга аракет кылып жатабыз, бирок, кумарканалардын көбүнүн кожоюндары бир эле адам болгондон улам бирин жапсак, ал башка залды иштетип жатат" - деп билдирди, тим эле Оогандагы Талибдер же Түндүк Кавказда террорчулар менен күрөшүп, тигилер эбегейсиз каршылып көрсөтүп жаткансып. Ушунун эртеси, 2012-жылдын 10- январында премьер-министр Ө. Бабанов өкмөттө жыйын өткөзүп, күч органдарына кумарканалардын техникалык жабдууларын алып таштоого буйрук берди. Бирок, Ө. Бабановдун буга карата кол койгон бир барак кагазын кезиктире же окуй албадык. Ошол эле учурда өңүттө турган казинолор ассоцияциясынын юристи "Жогорку Кеңештин кабыл алган, президент кол койгон мыйзамына карата өкмөттүн чыгарылган токтому азырынча жок" - деп билдирди. Бул юристтин айтканында калет жок эле. Кумар оюундарын жабуу жөнүндөгү мыйзамга таянылган өкмөттүн токтомунун долбоорун экспертизалаган Адилет министрлиги 2012-жылынын 12-январында тескери кортуунду чыгарды. Ошол эле күнү парламенттин депутаттары кумар оюнканалырын жабуу жөнүндөгү мыйзам аткарылбай жаткандыгы жөнүндө бир чурулдап барып, ошону менен бул иш боюнча демдери чыкпай да калды. Чынында, жогоруда сөз кылган Адилет министрлигинин өкмөттүн токтомунун долбооруна карата каршы пикири баш мыйзамдын алдында суу кечпей калат. Себеби, Конституциянын 88- беренесинде: " Өкмөт Конституциянын жана башка мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат" - деп кашкайып жазылып турат.
Кыргызстандын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин аракеттеринин баары өзүнчө казино болуп калганбы деген ойго аргасыз такалат экенсиң. Кадимки казинодогулар кумарпоз оюнчуну алдамчылык механизмдер менен акчаларын шыпыргандай эле, казинолорго карата бийликтин азыркы аракеттеринин баары эл көзүн будамайлоо акча жасоо болуп жаткандай. Кимдир бирөөлөр "мындан бийлик эмне утат?" - деп суроо салышы мүмкүн. Бийлик казинолорду жабууга арекет кылбагандыгы менен кызылдай акча "утуп" жатат. Байыркы Римдик коомдук ишмер, укук таануучу Марк Тулий Цицерон "акча менен куралда тил болгондо мыйзамдын үнү чыкмак эмес" - деп таамай айткандай, ушул кезде казинолордун акчаларынын тили сүйлөп мыйзамдын үнү өчүп турат. Эскерте кетсек, парламентте кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору даярдалып жатканда эле буга карата күмөндүү пикирлер пайда болгон. Ал пикирлерди айткандардын көбү бийликтегилер казинолорду жабууга "аракет" кылуу менен, бул жайлардын ээлеринен арбын акча сыгып алуунун амалы деп айтылган. Ошол пикирлер эми айкындала баштады бейм.
Сөз акырындагы дагы бир ой, өткөн жылы "кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатканда айрым депутаттар жана башка атка минерлер "казынага 550 миллион сом түшпөй калат" дешип чыгышкан. Чынында арам, кылмыштуу акча менен казына толтуруу, аны пенсия, пособия, айлык акы кылып таркатып берүүнүн өзү бийлик үчүн шермендечилик. Кудайды ооздорунан түшүрүшпөй жүрүшкөн бийлик мунарасындагыларга айтаар кептин мааниси ушундай.

Токо Мамбетов





Л€У…Р’Жђ


кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


а ­е¦Є.НҐй«