Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

АЗГЫРЫК
СЕЗИМ
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Бирок, ким менен?
Ушул суроого гана жооп табалбай, бушайман болуп жатты. Ооз менен айткан бир башка, аны иш жүзүнө ашыруу бир башка турбайбы. Көчөгө чыга калып эле айгайлай албайсың да: "Мага ойнош керек!" - деп. Эркектин жөнү бөлөк. Ал эми аял заты үчүн бул маселе оңой эле чечиле койбосу маалым эмеспи. Шаарда жашасаң да мейли эле. Ал эми айылда... Өзүңөр ойлонуп, бир жыйынтыкка келе бергиле...
* * *
...Бир күнү Айжамал үйдө жападан-жалгыз калды. Эки баласы кайнатасынын үйүндө болучу. Күйөөсү жумушта. Үй тиричилигин жасап бүткөн соң, ойго чөктү диванга олтуруп алып. Айылдагы жигиттерди бирден көңүл элегинен өткөрүп сынай баштады...
Көбү жаккан жок...
Бири кызыл камчы, зөөкүр чалыш, экинчиси аракеч. Дагы башкасы өзгөнү эмес, өзүнүн аялын жыргатып бага албаган мажирөө, жалакай. Анан кантип ойноштун кадырына жетмек эле? Күтө да албайт.
Акырында бирөө гана калгансыды.
Ал - Самат аттуу жигит эле. Келбети, чырайынан айып табуу кыйын. Бою шыңга, далысы кере кулач, мурду кырдач тартып, бүркүт кабак. Болгону анын бир гана айыбы жашы кыйла эле улуу. Сегиз-он жылдай айырмачылык бар.
Бул деле мейли дечи. Бирок...
"Экөөнүн ортосунда эч кандай байланыш жок эле да! Сый гана мамиледе. Салам-аликтен бөлөк кеп-сөзгө өтүшкөн эмес. Демек, аны менен кантип ымалага келүү керек? Өзүм сүйлөшкөнүм дуруспу же бирөөнү ортомчу кылуу туура болобу?
Аял башым менен кантип сунуш кыламын? Муну ал кандай кабыл алаар экен? Туура түшүнсө го жакшы дечи! Кокус, мен жөнүндө жаман ойдо калсачы? "Айжамал ушундай деген сунуш менен кайрылып жатат" - деп элге жарыя кылып жиберсечи? Балким, ага мен жакпай калаармын! Чын да, сыртынан эле тон бычып жатпаймынбы. Ушундай болушу да мүмкүн эмеспи!"
Ушул өңдүү суроолорго жооп таба албай, Айжамал убара болуп жатты. Отуз жолу ойлонуп, токсон ирет толгонду. Түйшөлдү да. Жан дүйнөсү жабыр тартып, ары-бери удургуп жай албады.
"Ойнош күттүм да дейли. Көңүлүмө туура келген, өзүмө жаккан жигитти таптым. Жан кумарымды кандырып, өз максатыма жетип, оюм ордунан чыксын. Бирок, Шайырдын көргөн күнү, тарткан азабы менин башыма түшсө не болот? Эл караган бетим жер карабас бекен?"...
Мына ушул өңдүү толгон-токой, карама-каршы суроолорго Айжамал жооп издеп жатты. Ынанымдуу жооп табалган жок. Бирок, ага карабай аракетке өттү. Көңүлдөштүк кумарлуу азгырык аны да өзүнүн торуна тарта баштады...
Адегенде... обочодон Саматка байкоо салды. Баскан-турганын көздөн кечирди. Капысынан кезиккен адам болуп, бетме-бет жолугушту да. Акырын сөзгө тартты. Баш-терисин байкап, тамырын тартып дегендей... Жаркылдаган ачык-айрым мүнөзү бар экен. Көңүлүнө топ келгенсиди.
Айжамалдын көңүлү жибип, тээ жүрөк түпкүрүндө бир жылуу сезим пайда болду...
Акыры бир чечимге келди.
Эч кандай ортомчусуз эле өзү ага жолугуп, сырын айтууну туура тапты. Күбөнүн кереги не? Болсо болду, болбосо жок! Эркектин тукуму үзүлүп калбаган чыгар?.. Дагы бир кеби болор...
* * *
..."Аялдан айла качып кутулбайт!" - деп коюшат го. Бир күнү Айжамал өтө кылдаттык менен "Чоң казатка" даярданды. Эки баласын кайнатасынын үйүнө жөнөттү. Каалганы ичинен илип алып, илегенге түшүп бети-башын жуунду. Күзгүнүн алдында да көпкө убараланды...
Эч ким көрбөс, ээн жерге келди.
Саматтын жолун саксактап күтө баштады. Анан анын капталынан шап этип чыга калды. Жигит мунун күтпөгөнгө го, чочуп кетсе болобу. Айжамалга таңдана карек кадады.
- Жайчылык элеби?
- Салам айттык, Самат аке?
- Алик алдым, келин бала! Чочутуп жибербедиңби! Үн чыгарып койсоң болмок...
- Кечиресиз, сиздин чочууруңузду эске албапмын.
- Менде жумушуң барбы?..
Самат айыл башчысы болуп кызмат өтөчү. Ошондон улам ага көпчүлүк ар кандай маселелер, көйгөйлөр менен кайрылышаар эле. Бул жолу анын оюна "бу келиндин арыз-даты бар го" - деген пикир келбей койбоду.
- Ооба, сөзүм бар эле...
- Күйөөңдүн үстүнөн арызданайын дедиң беле? Же Шайыр жеңе...





Л€У…Р’Жђ


кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


а ­е¦Є.НҐй«