Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
2012-жылдын 21-декабрында эмне болот?
"2011-жылы радиоактивдүү жаандан улам жердин Түндүк жарым шаарында тирүү жандык да, өсүмдүк да калбайт. Анан Европада тирүү калгандарга мусулмандар химиялык согуш баштайт" дептир 1911-жылы жарык дүйнөгө келген Ванга. Түф, түф дейлик, бирок, ошого окшошкон жагдайлар чыгууда. 2011-жылдын 11-мартта болгон жер титирөөдөн улам, жарылган атомдук реакторлордун радиациясы Япониянын флорасы менен фаунасын толук өзгөртүшү ыктымал. Албетте, дүйнөгө таасири тийиши арсар. Ал эми химиялык курал боюнча Ливиянын президенти Муаммар Каддафи оозанды. Бийлигин сактап калуу үчүн, түп көтөрүлө аттанып, азыр Америка менен биргеликте тик учактар аркылуу бомбалай баштаган Европалыктарга каршы курал колдонбошуна ким кепилдик бералат. Асмандан жасалган соккудан улам учурда Ливияда ондогон адамдар окко учууда.
Болгариялык көз ачык Нью-Йорктогу эгиз үйгө терорристер чабуул койорун, "Курскидеги" кеменин чөгүшүн так айтканы бар. Бирок, 2010-жылы ноябрь айында 3-дүйнөлүк согуш чыгып, алгач атом бомбасы, анан химиялык курал колдонулуп, 2014-жылы октябрда бүтөт дегени тарыхка дал келбеди. Дагы бир кызыгы, Ванга 2011-жылы тирүү жандык өлөт десе, байыркы майя цивилизациясынын календары 2012-жылы 21-декабрда акыр замандын азанын чакырып коюптур. Индеецтердин айтканы туура чыкса андан кийин жерде тынчтык өкүм сүрмөкчү…

Ногойбай Султанов




Зинаида Пилипенкону билесиңби?
Негизи адамзаттын тарыхында, мурдакы эски доордон тарта карасак цыган элинин цыган магиясы, цыган төлгөсү эң күчтүү үрп-адат (обряд) катары айтылып келет. Ал тургай цыган төлгөчүлүгү туурасында аталган төлгөчүлүк жөнүндө жазылган Кытай элиндеги "И-цзин" деген китепте да белгиленген. Негизинен бул элде чыны менен эле магиялык элементтер, төлгө салуу өтө күчтүү жана өнүккөнүн далай илимпоздор моюндарына алган жайы бар. Чыныгы цыган төлгөчүлөрү адамдагы окуяларды жаза кетирбей, алдыдагы болуучу көрүнүштөрдү да көңүл чордонунда так белгилей алган сапаттарга ээ экенин көпчүлүк айтып келет. Кайсы гана окуяны, же кайсы бир көркөм чыгармада, же көркөм фильмде болобу же жөн гана обонду ырда болбосун төлгөчүлүк жөнүндө сөз болгондо сөзсүз цыган магиясы ал окуяга кошулат. Ушундан улам бул элдердин төлгөчүлүкө болгон шыгы өтө өнүккөндүгүн ааламдын кайсыл гана жеринде болбосун айтылып келгени бекеринен эместир…
Цыган төлгөсү демекчи, борборубуздун Чүй-Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы (подземка) концеляриалык эмеректерди сатуучу жайдын алдында ар убак цыган аял төлгө тартып олтурганын көп байкайм. Адам болгон соң ар нерсеге көңүл бөлбөй койбойт экенсиң. Мен да кызыгуу менен аталган төлгөчү аялдын жанына барып ал жөнүндө билүүгө ынтазар болуп, өзүмчө төлгө да салдырдым. Анткеним, кезинде кечээки кеткен президентибиз Р.Отунбаева да оппозицияда жүргөн кезинде, 2000-жылдардын ортосунда ушул аялга төлгө ачтырса, төлгөчү аял "сен келечекте мамлекет башчысы болосуң" дегенин уккан жайым бар. Бул эми өткөн чак чыгаар. Ошентсе да, Зинаида Плипенко менен (анын аты жөнү ушундай экен) сүйлөшүп жатып, анын 18 жылдан бери төлгө тартып, мындайча айтканда адамдарга ак жол тилеп келгенинен баян алдым.
Ушундан улам, ал кишинин айтуусу боюнча төмөнкүлөрдү да окурмандарга ой катары таштагым келди.

Алтынай Бакирова

Эгер ишиңиз жүрүшпөй, жолуңуз болбой же ден соолугуңузга байланыштуу көйгөйлөр жаралып жатса, сизге Пилипенко Зинаида Александровна жардам берет. Магиясы менен далай адамдарга пайдасы тийген Зинаида карта ачып, чыныгы цыган төлгөсүн салганды да билет. Жолдон адашкан же сүйүүсүнө жетпегендердин накта дабагери. Эркектин жана аялдын жыныс ооруларын дарылайт.

Байланыш телефону:
0553 21 48 88







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"







??.??