Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Оо, тарых!
Аксак Темир кыргыз болгонбу?
Адамзат тарыхында дүйнө титиреткен үч улуу: Александр Македонский, Чыңгыз хан жана андан кийинки Аксак Темир кол башчы болуптур. Бул улуу кол башчылар адам канын суудай агызып, баскынчылык кылышканы жүрөк титиретсе, экинчи жагы Чыгыш менен Батыш цивилизациясын интеграцияланышына жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө, улуттардын ассимляциясына мүмкүндүк берген. Эгер бул улуу кол башчылар болбогондо жер бетинде азыркыдый цивилизация жаралышы күмөн болуучу.

Адам коомунун табияты, мыйзамдары ушундай. Эми өзүнүн тубаса акылмандыгы, ошол эле учурда эч аоену билбеген, 10 кылым бою солк этпей жашап келген, Византия империясын кыйрашына жол ачкан, 200 жыл жашап келген Чынгыз хандын "Алтын ордосунун" ташын талкан чыгарып, өрттөп жиберген Темирдин улуту ким болгон, сөз ошол жөнүндө болсун. Сөз илеби сууй электе улай кетүүчү кеп - А. Македонскийдин доорунда Византия империясы түзүлө элек болсо, Чыңгыз хан бул империянын өзүнө чабуул жасаган эмес, алар майда мамлекеттер, майда биримдиги жок элдер менен беттешип, жеңишке жетишкен. Темирдин улуу аскер башчылыгынын өзгөчөлүгү ушунда.
Эми айта турган ойдун өз нугуна келели. Темир 1336- жылы Шахрисияб шаарынын четиндеги Кожо илгир кыштагында бул жарыкка келиптир. Жаш кезинен тубаса зээндү болгон экен. Өзүнүн тегерегине курч жигиттерди топтоп, эл оозуна алына баштайт. Уламыштарда 14 жашында капысынан жолборс алдынан чыгып, ал колундагы ыргый таягын шамдагайлык менен жолборстун оозуна сала коюп, анын өңгөчүнө терең түртүп, жолборсту өлтүргөн экен. Ошол жаш кезинде ал тоо аралап жүрүп, бийик жардан кулап, бутун сындырып, аксап басып калгандан улам аксак Темир атка конот. Бул улуу инсан жөнүндө нечендеген тарыхый иликтөөлөр жазылып келет. Темир жөнүндө 14-17- кылымдагы араб жана перс тарыхчылары көп эмгектерди жазышкан. 19-кылымдын акырындагы атактуу орус тарыхчысы Николай Карамзин да Темир, анын өмүр жолу, доору жөнүндө жазганы бар. Батыш элдеринин тарыхчылары да Темирге көп кайрылышкан. Бул тарыхчылардын айрымдарынын эмгектеринде Темирдин теги моңголдордун Барлас уруусунан деп айтылат. Темир туулган, байыр алган жер Өзбекстан болгодуктан өзбек туугандар өздөрүнө ыйгарып келишет. Анда ушул маселенин чыныгын тактап көрөлү.

Темир Монголдорго күйөө бала
Темирдин өмүрүн жазгандардын баары жогоруда белгилегендей башка улуттагы тарыхчылар болушкан. Алар түрк элдеринин ички уруулук түзүлүшүн жакшы билишкен эмес. Ошол тарыхчылар Чыңгыз хан ээлик кылып турган аймакта жашашкан түрк урууларын "монгол уруулары" дешип тыянак чыгарышкан. Чыныгы монгол-татарлардын уруулары бүтүндөй Борбордук Азияга же Россия тарапка түп көтөрүлө көчүп келишкен эмес, төрт урууга бөлүнгөн монголдор өз жеринде эле кала беришкен. Өткөндөгү тарыхчылар мына ушул факторду эстерине алган эмес. Чынгыз хандын доорунда Батыш Сибирь аймагында жашашып, кийин анын колу менен Борбордук Азияга кошо келишкен Керей, Жалаир, Найман, Конурат уруулары Кыргыз, Казак, Өзбек элдерие сиңип кетишип, ошол уруулук түзүлүшүн азыркыга чейин сактап калышкан. Жогоруда сөз кылган араб, перс, орус тарыхчылары ушул нерсени терең түшүнүшкөн эмес. Эгер, Темир чын эле Монгол тукумунан болсо, анда эмнеге монголдордун өзүн кырат?
Академк В. Бартольд кыргыз тарыхына арналган эмгегинде "Темир 1371-1373-жылдары Чыгыш Түркистанга жортуул жасап, кайра келе жатып, монголдорун кол башчысы Камар - Ад-Диндин колун талкалап, анын аялын, кызын олжого алып, Кочкорго (Кочкор-дегени) бир аз күн токтоп, андан ары Ат Башыдан өтүп, Арпада үйлөнүү тоюн өткөзүп, Яссыга (Өзгөн) ашып кеткен" - деп жазат. Темирди батыш элдеги Тамерлан деп аташса, айрым элдери Амир Темир Корогон - деп да аташкан. Монголдор "горогон" деп күйөө баланы аташат. Демек, Темир монголдорун тукумунан эмес, аларга күйөө бала болгон. Эгер чын эле Темир монгол тукумунан болсо, анда эмне үчүн алар өз тукумун "күйөө бала" аташмакчы?

Темирдин Монголдорун "Алтын Ордосун"талкалаганы
Темир Теңир Тоолук кыргыздарды караткандан кийин, батыш тарапка жортуул жасап, 1389-жылдары Волга боюндагы элдерди багынтып, 1391- жылы Монголдордун эң кубаттуу ордосу, Крымда жайгашкан "Алтын ордосуна" чабуул жасап, жер шартын жакшы билбегендиктен биринчи ирээт жеңишке жетише албай, экинчи чабуулунда Токтомуш хандын нечен жыл согуш өнөрүнө такшалган колун быт-чыт кылып, талкалап, жеңүүчү катары ордого салтанат менен түшөт. Азыркы Крым татарлары ошол Темирдин жеңишинен кийин түрк тукумдары болгон Татар хандыгы өкүм сүрүп, эл сурай баштайт. Темирдин Крымды каратышы Орус, Украин воеводорун, княздарын бир эсе жандатса, бир эсе коркунучка каптаган. Мунун себеби мындай болгон: Монгол ханы Токтомуш 1382-жылы Москвага жүрүш кылып, бул шаарды коргоого орустар эмес, литиводордун колу жардамга келишкенине карабай, ал шаарды өрттөп жиберген. Орус төбөлдөрүнүн сүйүнгөнү, Токтомуштун жеңилиши болсо, коркушканы ошол монгол ханы сыяктуу Темир Москвага кол салбаса экен дешип, чокунуп турушкан. Атүгүл, Кремлдин тегерегинде курулган (азыр да турат) собор, монастрлардагы Византиядан алынып келинген иконаларды, дагы башка кымбат баалуу буюмдарды коопсуз жака көчүрүшкөн экен. Орус элинде азыркыга чейин Темирге байланышкан мындай бир легенда жашап келет: "Темир Крымга барганда түш көрөт. Түшүндө анын алдына кара кийиинген бир аял чыгып жолун тосуп, "сен бул жакка өтпөгүн" - деп айтып, көздөн кайым болот. Темир түшүнөн чочуп ойгонуп, кеңешчилерин чакырып көргөн түшүн айтат, Кеңешчилери Темирге бир ыйык адам жолукканын, ошол ыйык адам айтканды аткарып, башка жакка барбай, кайра өз жерине кайтуу керектигин кеңеш беришет. Темирдин түшүндө көргөн дева Мария болгон. Темирдин Москвага жортуул жасоо ниетин християн дининдеги дева Мария токтотуп калган экен. Чынында, Темир Москвага негедир жортуул жасаган эмес. Жогоруда легендада айтылгандай дева Мария себеп болбосо да башка бир ой менен ал жакка барбаганы бул тарыхый факт. Ошентип, Темир монголдордун Борбордук Азиядагы жана славян эдерине болгон үстөмдүгүн алсыраткан. Эми биротоло айтылган ойду бекемдей кетели. Темирдин өзүнүн байтактысы Ооганстандын Герат шаарында болгон. Самаркандды уулу султан Бабур башкарып турган . Кайран кол башчынын көзү өткөндөн кийин, анын балдары, мамлекетке тирек болчу уруулардын башчыларынын ыркы кете баштаган. Ушундай кырдаалдан пайдаланып, Чынгыз хандын небереси, кадимки Батый хандын бир тууганы Шейбани хан көчмөн өзбек уруулары менен 1504-жылы Самарканддан султан Бабурду кууп чыгышат. Бабур Ооган тарапка ооп кетүүгө мажбур болот. Бул Темирдин монгол жана өзбек тукумунан эмес экенине далил.

Темирдин кыргыз уруусунан экендиги жөнүндө
Жазуучу жана журналист карындашым Кален Сыдыкова "Кыргыз тарыхы" - деген көлөмдүү китеп жазып, ал 2003-жылы жарык көрүп, ошол замат бирин мага, бирин кызыма белек кылды эле. К. Сыдыкова тарыхчы болбосо да чоң эмгек кылган, тарых үчүн. Анын чоң эмгеги, китебинин көлөмүндө эмес, анын маңызында. Минтип айткан себебим, Кален кыргыз тарыхын жаңыча көз карашта, улуттук аң-сезимде, көз карашта жазганында. Чынында, ар бир эл өз тарыхын башка улуттардан артык билээри бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Демек, кыргыздын тилин, үрп-адат, салтын, географиясын, улуттун демин жана башка сапаттарын нукура кыргыз гана билет. Тарыхты так жазуу мына ушуларга байланытуу. К. Сыдыкованын ошол эмгегинде "Темир - кыргыздын Азык уруусунан болгон" деп жазат. Бул малыматты кайдан алдың эле, Калентай? - деп сурасам ал, "Казактын Шапырашты Казбек Тауасарулы деген тарыхчысы болуптур. Ошол адамдын 1776-жылы "Түп тукумумдан өзүмө чейин" деген тарыхый эмгеги, 1993-жылы Алма-Атадагы " Жалын" басмасынан жарык көргөн. Ошол китепте кадимки Аксак Темир Азык уруусунан деп айтылат" деп жооп берди карындашым. Мындан 250 жыл мурда жазылган бул китепти өзүм да окуп көрсөм, Темир "Азык уруусунан болгон" - деп айтылат...

(Уландысы газетанын
кийинки санында)

Жолдошбек Токоев





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"







??.??