Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

А-уу, скульптор, дизайнерлер!
А дегенде Отунбаеванын, андан кийин Атамбаевдин жарлыгы
чыгып бирок, ордендин үлгүсү али оюла элек…
же Жантөрө мырза жакшы иштебей жатабы?

Редакциядан: Өткөн жылдын кеч күзүндө, Отунбаеванын доорунда, андан кийин ошол өткөн жылдагы кыштын алгачкы айында андан кийинки президент А.Атамбаев дагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" жарлыктарын чыгарышат.
Тагыраак айтсак, Роза айым 26-ноябрь 2011-жылдагы жарлыгында аталган ишти аягына чыгарууну "КРнын Президентинин иш башкармалыгына жүктөлсүн" деп белгилейт. "Үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбесин" дейт.
Ал эми 2011-жылдын 14-декабрында президент А.Атамбаев да так эле ушул маселе боюнча өз жарлыгын чыгарат. Өз жарлыгында А.Атамбаев КР Конституциясынын 65-беренесин эске алуу менен токтомун токуп, бул жөнүндө конкурстук комиссия түзүлүшүн белгилеп, комиссиянын төрагасы кылып президенттин Аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевди дайындап, аталган иш чарага жоопкер катары бекитет.
Ушул жарлыктардын аткарылышынан кабардар болуу максатында биз КР президентине караштуу сыйлыктар боюнча комиссиясына кайрылганыбызда алар орден боюнча алигиге чейин скульптор, дизайнерлер тарабынан бир да үлгү түшө элегин билдиришти. Ал эми үч айлык мөөнөттүн үчтөн эки убактысы өтүп барат. Же төрагасы Жантөрө мырза Сатыбалдиев балким бул жарлыктын чыкканын "маанилүү башка иштер менен алектенип жүрүп" балким унутуп да калган чыгаар деген ой менен жамы журтубуздагы геральдика, архитектура, дизайн боюнча адистерине, аталган тармактагы чыгармачылык топко иш чаранын жобосун жарыялап коюуну эп көрдүк.




Кыргыз Республикасынын
Президентинин Жарлыгы
"Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын - "Курманжан Датка" орденин уюштурууга токтом кылам:
1. "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссия 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө Жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссия конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен уюштурулган мамлекеттик сыйлыктын сыпатталышынын, үлгүсүнүн долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.
4. "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурсту каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева
Бишкек ш. 2011-жылдын 26-ноябры




Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы № 301 "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич комиссиянын төрагасы болуп киргизилсин;
- комиссиянын курамынан Э.Б.Мамкулов чыгарылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев
Бишкек ш. 2011-жылдын 14-декабры





"Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө
Жобо
1. Конкурска Кыргыз Республикасынын бардык каалаган жарандары - геральдика боюнча адистер, сүрөтчү-дизайнерлер катыша алат.
2. "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн иштеп чыгууда мамлекеттик, улуттук символиканын жана оюу-чиймелердин элементтери, дүйнөлүк геральдика маданиятынын мыкты жетишкендиктери пайдаланылганы алгылыктуу.
3. Сыйлык белгилердин өндүрүү технологиясын, эритмелерди, асыл таштарды жана башка материалдарды сөзсүз эсепке алуу үлгүлөрдү иштеп чыгуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
4. Мамлекеттик сыйлыкты мүмкүн болуучу ар кандай жасалма жасоодон коргоо чаралары көрүлүүгө тийиш.
5. Алтын, күмүш жана түстүү металлдардан (жез, коло, латунь, мельхиор) башка түстүү ысык эмаль (колдонуу ыкмасы - чуңкурлуу, кырдуу тосмолуу жана жылма) колдонулушу мүмкүн.
6. Долбоорлордун технологиялык сыпатталышын түзүүдө колдонулуучу материалдарды, ал эми техникалык чиймелерде бардык өлчөмдөр 1:1 масштабында миллиметр менен (узундугу, жазылыгы, бийиктиги, диаметри жана кесилиши), башкача айтканда, белгинин накта чоңдугу көрсөтүлүүгө тийиш. Белгинин ариптик текстинин тамгаларынын көрсөтүлүшү да алгылыктуу (алар рельеф жана контррельеф, башкача айтканда, томпок же чуңкур түрүндө аткарылат).
7. Иштелип чыгып жаткан бардык үлгүлөрдө тагып жүрүү үчүн бекитүү ыкмаларын (ар кандай түрдөгү төөнөгүчтөр, сайы бар бурамалуу бекиткичтер, декорациялык чынжырчалар ж.б.) колдонуу каралышы керек.
Эгерде, иштелип чыккан белги бир нече бөлүктөрдөн, башкача айтканда, колодкадан жана илгичтен турса, анда техникалык чиймеде бириктирүүчү звенолордун өлчөмү жана профили көрсөтүлүүгө тийиш.
8. Кыргыз Республикасынын жаңы орденинин долбоору өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин түзүүчүлөрдүн автордук укуктарын сактап калуу менен республиканын менчиги болуп калат жана кийин белгилерди өнөр жайлык чыгарууда сыйлык акы төлөнбөйт.
9. Конкурстун сыйлоо фонду "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары - Комиссия) тарабынан түзүлөт. Сыйлоо фонддун өлчөмү 75000 сомду түзөт. Конкурстун жеңүүчүсүнө каралган сыйлык акысынын өлчөмү 45000 сомду түзөт





Ну, влияние "сфера!"
Жалал-Абадда
мыйзам деген барбы?
(Уландысы. Башы 7-бетте)
Албетте, Жалал-Абад курортунун жамааты бул ишке чечкиндүү чекит коёт деп ишенебиз. Анткени, ал жакта жергиликтүү бийлик жана мыйзам талабынын аткарылышын көзөмөлдөгөн атайын органдар иштеп турбайбы. Ананда Рахманали Матраимовдун курорт үчүн жети жыл жылдай иштеген мээнетин анын курортология тармагындагы профессионалдуулугун кантип унутабыз. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деп кыргызым бекеринен айткан эмес чыгаар. Курортко 5-6 ай "чоң" боло койгондор, Рахманды кодулап коркуткан 4-5 аял курортко Рахмандай эмгек сиңирген адамды таба алабы? деген суроо коёбуз.

Ильяз Балташев
атайын "Айгай пресс үчүн
Бишкек -Жалал-Абад

Редакциядан:
Макала жарыяланып жатканда кошумча маалымат менен кабардар болдук. 17-январь күнү маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн борбордон барган соттук инстанциялардын өкүлдөрү Жалал-Абадга барганда, аталган облустагы курортко эч тиешеси жок болсо да Жалал-Абад губернатору А.Турсунбаев өзүнүн ондогон "ат кошчуларын" ээрчитип алып аталган курортко жетип барат. Даярдалган "сценарий" боюнча Р.Матраимовду "даярдалган адамдар" көөлөп киришет. Бир кезде аталган жыйынга Р.Матраимов да кирип келип, баарынын алдында акыйкат кебин жайып, мыйзамды бир да миллиметр бузбаганын камырдан кыл суургандай айтып да, далилдеп да берет. Келген коноктор "талкан" сугунуп алгандай ойлогон ойлору таш каап, шаабайлары сууп кайтышат. Далайлары чыны менен эле мыйзам ким тарапта экенине да муюшту дейт.
Эми бул иш боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясынын башка кеңсесинде бүгүн профсоюздар кеңешинин жыйынында талкулануусу күтүлүүдө. Кызыгы, губернатор мырза анча күйүгүп чуркап, кимдин камчысын чаап жаты экен десең. Же экинчи тараптын "бирдемесин" алып койгонбу деген ой келет экен. Анда мыйзамдын улуулугу кайда калат? Деги эле акыркы убакытта федерациянын турмушунда аңдышмай, соттошмой, чукушмай модага айланганын гезитибиздин кийинки сандарында, бул багыттагы журналисттик изилдөөнүн жыйынтыгынан улам кызыктуу окуяларга күбө болосуздар.






КИТЕПТЕР


кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


а ­е¦Є.НҐй«