Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кыргызымдын жигиттери
Кубанычбек Назаров, архитектор, "Камбартеп" мектебинин негиздөөчүсү:
"Оорукчан органимзде дух болбойт..."
К.Назаров кезинде Профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекин ушу академиясынын адистеринин колунда машыгып, эл аралык квалификацияга ээ болгон.1985-жылдан бери тайцзи стили менен машыгып, архитектуралык кесиптен тышкары да, өзүн- өзү рухий физикалык өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп келатат.

Өмүр таржымалынан
К.Назаров 1949-жылы 4-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Бегабад айлында туулган.
1966-1971-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун архитектор куруучу факультетин аяктаган. Кесиби инженер-архитектор.
1987-1988-жылдары Юрмала шаарында, 1989-жылы Токиодо заманбап дизайн жасалгалоо курстарында окуган.
1972-1973-жылдары аталган кесиби боюнча Ленинград шаарындагы "Ленжилпроект" институтунда стажировкадан өткөн.
1973-1976-жылдары "Киргизгипстрой" институтунда башкы архитектор кызматын аркалаган.
1976-1978-жылдары Ош областындагы архитектура башкармалыгында бөлүм башчы, 1978-1982-жылдары Ош обком Компартиясынын жогорку кызматкери, 1982-1992-жылдары Ош облусунун архитектура жана курулуш башкармалыгында башкармалыктын начальниги болуп иштеген.
1992-жылдан тарта жеке ишкерликке өткөн.
Үй-бүлөөлүү, эки баланын атасы.

- Кубанычбек мырза, кытайлардын ушусу, жапондордун каратэси сыяктуу эле байыркы кыргыздардын да мушташ өнөрүн өркүндөтүү аракетинде жүрөсүз. Эмне үчүн?
- Анын бирден-бир себеби бул, тээ илгери эле кыргыздарда коргонуу техникасын өзгөртүп түзүү ыкмалары колдонулган. Алсак, аттан түшүп, жөө согушууга, төрт тарапка бут менен согууну - "таштаман" техникасын ойлоп табышкан. Кармаш учурунда жылкынын кыймылдарын туурагандыктан, бул стилди байыркы кыргыздар "Камбартебиш" деп аташкан.
Мен улуттук бул эрежени кайрадан жандандыруу алдында адегенде кытайлык профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекиндеги ушу академиясынын адистери менен машыгуу өткөргөнүмдүн бир себеби да ушул. Дегеним, кезинде ата-бабаларыбыз бул өнөрдү тереңдетип үйрөнүш үчүн кытайдын канжарколдорун инструктор катары жалдап келишкен. Мисалы, "Манастагы" Алмамбет дал ошондой жалданма инструктор болушу мүмкүн. Албетте, мындай божомолго каршы болгондор чыгаар. Бирок, менин версиям ошондой.
- Бирок, ошол байыркы доордо пайда болгон кытайлардын ушу, кун-фу өнөрү андан ары өнүгүп, азыркыдай бийик деңгээлге жетти. А эмне үчүн "камбартебиш" өнүкпөй, унутулуп калган?
- Унутулуп калганынын бир гана себеби бар. Биз жетимиш жыл мурда аттан түшкөнбүз. Ошол аттан түшкөндө үзүлгөн. Орус империясы бизди аттан түшүрүп алып, анан башкача сүйлөшө баштаган. Скоболевдин айткан сөзү бар. "Киргиз когда на лощаде сидит он смотрит далеко- далеко, он волен и бесстаршен. Когда пешком, он бедный человек" деп. Ошол аттан түшкөн учурдан баштап кылымдардан бери келаткан рухий, маданий салттардын баары үзүлүп калган. Бирок ал жүрөктө, мээде, ойдо жүрө берген…
Учурда кыргызым, минтип майышып туруп калды да. Эгер өзүнө өзү ишеним пайда болсо, кыргыз эли кайра улуу держава абалына келээрин терең ишенем. Ошон үчүн кыргыздар өздөрүн ак илбирске, атактуу баатырларын болсо Кабылан шерге теңешкен. Муну карт тарых деле тастыктап турат.
Чынында эле кыргыздан өткөн меймандос эл деги эле дүйнөдө жок болуш керек. Андыктан биздин айрым чоңдорубуз мекенчил көз карашты айтуудан тайсалдабай эле койсо болот деп ойлойм. Кыргыз демекчи, Улуу жайык аталган Евразиянын кыйма жолдорунда, адамзат тарыхынын чордонунда өсүп-өнгөн кыргыз эли дүйнө тарыхында өз изин таасын калтыра алган. Биз ушуну унутпашыбыз керек!
(Уландысы 11-бетте)


... Аялым менен жашап жатканыма быйыл жыйырма бир жылдан ашты. Мен "Камбартепти" баштаганымда келинчегим мөлтүрөгөн жакшынакай кыз эле. Үйлөнгөндөн бери экөөбүз тоо таштын арасында жүрөбүз. Уулумду төрт жашарынан бери машыктарам. Дал "Камбартеп" системасына. Күнүгө саат беште, кээде төрттө турам. Эртең менен бир-эки саат машыкмайын мен эч жакка чыкпайм. Калган иш өзүнөн өзү болот. Себеби аң-сезимиң ачык, тунук болсо ишиң шыр кетет...


Эмгектеринен
Фрунзе шаарындагы Ош базарынын архитектурасын, Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплексин, Ош шаарындагы өчпөс от мемориалын, аталган шаардагы В.И.Лениндин эстелигин, Ак-Буура комплексин, Ош шаарындагы архитекторлор үйүн ж.б. көптөгөн архитектуралык эмгектердин автору. Ошону менен бирге эле К.Назаровдун мектебинен ондогон таланттуу архитекторлор өсүп чыккан.
1987-1990-жылдары Ош областык Кеңешинин депутаты, ошондой эле аталган областын элдик контроль комитетине үч жолу көрсөтүлгөн. СССР Архитекторлор Союзунун мүчөсү, Кыргызстан Архитекторлор Союзунун мүчөсү.
Айтмакчы, 1989-2009-жылдары Япония, Кытай, Корея, Тибет жерлеринде болуп, улуттук багыттагы чыгыш күрөшүндө тарбиялаган "камбартеп" мектебин негиздеген. Учурда "камбартеп" улуттук федерациясынын төрагасы. Ошону менен бирге эле Республикалык дизайн жана жарнама борборунун директору. Ата-Мекендик архитектурага кошкон зор салымы үчүн кезинде Кыргыз СССРинин Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз СССРинин архитектура башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланган.







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??