Ажобуз адашып айтып алдыбы...?
"Чума"
же Кыргыз көчү кайда барат?
(Уландысы.
Башы 2-бетте)
..."Кыргыздын кылычы кимдерге шилтенбеген, кыргыздын атынын туягы кай жерлерде гана калбаган" - деп ташка чегилип жазылыптыр, IX кылымдагы "Култегин жазуулары" аталган тарыхый (ички Монголия) таш эстеликтеринде. Ошол кездерде тарыхта өзбек, казак деген улуттун дайыны жок, атүгүл бирдиктүү Русь, деген улут түптөлө элек кез болгон дешет. Антип ачуу чындыкты айтсак, мындан миң жыл илгери бүткүл Азияны дүңгүрөтүп, " чабышып жүрүп түгөнүп, чайпалып туруп төгүлүп" кайрадан толуп, XIX кылымдын башында кеменгер Жусуп Абдрахмановдун демилгеси менен өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөн кайран кыргыздын кечээки үмүтү бүгүн минтип жалп өчүп, муңкурап, карайлап, аргасын таппай турган убагы, азыр. Ошол кеменгер Жусуптун түптөгөн мамлекетинин экономикасынын мындан 21 жыл мурунку, 1990-жылдагы абалына эле кайрылалычы. Европа Өнүгүү Банкынын анализи боюнча Кыргызстан ошол кездеги 15 союздук мамлекеттердин ичинде жан башына кирешеси (ИДП) боюнча РСФСР менен Казакстандан кийин 3- орунда болгон.
1990-жылы Россияда жан башына 8035 АКШ доллары туура келген. Казакстанда жан башына 4438 АКШ доллары туура келсе, Кыргызстанда 3300 АКШ доллары туура келген. (Бирок, акыркы жылдары Казакстанда кайрадан өнүгүү болуп (ИДП боюнча) жан башына 1300 доллардан айланып олтурат).
Ал эми ошол эле Европа Өнүгүү Банкынын мындан 2 жыл мурунку анализи боюнча Кыргызстандын ар бир жаранына 853 АКШ доллар гана туура келген. Ошентип, мындан 21 жыл мурда 15 союздук республикалардын ичинде 3-орунда турган кыргыздар эми 14-орунга түштү. (Эң артта, жан башына 766 АКШ долларынан айланган Тажиктерден кийин). Союз мезгилинде Кыргызстан агрардык республика болгон менен, бир канча машина куруу заводдору, жеңил өнөр жай тармагында фабрикалары болгон. Анын баары ит бекерге сатылып, таланып, тонолду. Дагы эле болсо ошол арзанга сатылган мүлктүн эсебинен жан башына жогорудагы 853 доллардан айланып жатат. Элдин мындай жакырлануусунун себеби, эбегейсиз гүлдөгөн, эч качан жазаланбаган коррупция. Эми жеке менчикке сатаар майда-чүйдөнү эсепке албаганда "Кыргызтелеком" эле калды. Быйылкы жылы киреше жан башына ого бетерден төмөндөөрү күмөн эмес. Себеби, баягы эле "карышкырлар" бийликте жүрүшсө, айланып дагы кыйлалары биртке түшкөн кирешени дагы да жеп - жутуп коюшпайт деп ким кепилдик бере алат?
Бүгүнкү алсыраган Кыргызстанымдын абалын карап туруп өзгөчө анын кийинки 20 жылдык тарыхын мындай бир чыгармага салыштыруу туура келип тургансыйт. Франциянын улуу жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Альбер Камюнун "Чума" деп аталган атактуу романы бар. Романдын окуясы Алжирдин Оран деген шаарында өтөт. Бул шаардын калкын чума илдетинин эпидемиясы каптайт. Караңгы, билимсиз, ишенчээк, баео эл эпидемиядан эбегейсиз кырыла берет. Чумага каршы Европадан алынып барган вакциналык дарылар түгөнөт. Риза аттуу врач өзүнүн өмүрү коркунучта болсо да, оору менен күрөшүп, адамдарды ажалдан арачалап жүрөт. Шаардын калкы ачкачылыкка дуушар болот. Мына ушундай оор кырдаалда Коттар аттуу шылуун адам чет өлкөдөн тамак-аш алып келип, алардын баасын кымбатка сатып, эбегейсиз байып кетет. Романдын окуясын кыскача айтканда ушундай. Бул окуялар аркылуу жазуучу Альбер Камю аталган чыгармасында "чума оорусунун вирусу бир эле жаныбарлардын денесинде жашабастан, адам коомунун тиричиликтеринде, башкалардын азаптарынан пайда көргөн Коттар сыяктуу шылуундардын жан дүйнөлөрүндө, аң сезиминде да жашайт" - деген ойду таамай айтат.
Өткөн XX кылымдагы Германиялык фашизм "күрөң чума" - делип аталган. Ошол "күрөң чума фашизм" да адамдардын аң-сезиминен пайда болгон. Муну айтканым, азыркы кыргыз коомунун "чумасын" бийлик чөйрөсүндөгү адамдар өздөрүнүн тиричиликтеринде, аң-сезимдеринде алып жүрүшпөйт деп так кесе ким айта алат? Жогоруда айтылган ойлордун өзөгү так ушунда болуп жатпайбы… Атүгүл, алардын денесине таптакыр сиңип калгандай. Ошондойлор А. Камюнун чыгармасынын каарманы Коттар сыяктуу элдин улам азап тартканынан шылуундук менен пайдаланышып, улам байып жатышат…
… Канча кылса да кыргыз күрөшчүл эл эмеспи, азыркы чума илдетин тап такыр жок кылуучу вакцинасын акыры табаар . Кадимки чума илдетин дарылоодо, кокус анын бир эле таякчасы (палочка) жаныбардын денесинде калып калса ал улам жанданып, көбөйүп кетээрин медицина илими далилдеп келет. Бул кыргыз бийлигине да кудум окшошуп тургандай, же жалганбы?

Жолдошбек Токоев




Биздин Мекен "шаттыкка" бай, "шаңга" бай…
Революция эмне үчүн болгон?
Бүгүнкү бийликтин бийлик мунарасында (2010-жылы 7-апрелде) элге карата канкорлордун коргошун октору жамгырдай жаап атканда Ак үйдө Бакиевдердин оозун карап, алар кандай буйрук берсе ошону "кың" дебей аткарууга даяр болуп турган Аалы Карашев эле келди дейсиңерби, башкасы да келди.
Акаевдин режиминде Балыкчы шаарынын мэри, Бакиевдин диктатурасында Элмира Ибраимованын кадыры жогорулап турган чакта, анын аркасы менен Бишкектин 1-Май районунун акими болуп жүрчү Болот Бейшенкулов деген неме азыр президенттин аппаратына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрларын тейлөөчү бөлүмдүн мыкчыгери болуп дайындалды, ажонун жарлыгы менен.
Эки революцияда күрөшүп, жандары тынбаган чыныгы мекенчилдер болсо сыртта калышып, баягы эле эки режимдин камчысын чапкандар бийликтен кетишсе дагы, тымызын бугуп жатышып анан жек - жаат издешип же болбосо "арам акчаларын" акырын четинен чубап чыгарышыппы,айтор айланып эле кайра бийликке келе баштады. Мисалы, ошол Болот мырза башкалардай бийликке карата үн чыгарбай, митинг, пикет дегендерге катышпай эле, апрель революциясынан кийин "жып" этип Интеллектуалдык менчик агентигинин статс-катчысынын креслосуна келип отурган жайы бар.
Канкор Бакиев түзгөн "Ак Жол" партиясынын парламенттеги активдүү мүчөсү Динара Молдошева деген айым болсо өткөн "убактылуулар" делген өкмөттүн отургучунан кур калбай, монополияга каршы агенттикте төраганын орун басары болуп жүрдү эле, эми жаңы бийликтен да чоң "кол кесер" алып, азыркы өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп, Ө. Бабанов тарабынан дайындалды. "Элдүү түлкү ач өлбөйт" деген ушул. Кыскасы, канкордун адамдарынан үкөлөрү, анан анын сүймөнчүк "соратниктери" А. Мадумаров, Ү. Сыдыков, Д. Нур уулу эле калды. Калгандары толук болбосо да, арбыны кайра келди. Ушундан улам кадимки Калыгул олуя "азыркы бийликтин артынан коюу чаң чыгып мунарыктап турат. Арты эмне болоору көрүнбөй кетти, айта албайм!" деген сөзү эске түшөт…
"Айгай-пресс"




Өткөн чак менен келээр чактын ортосунда
Акыркы "аккорддор"
Редакциядан: Өткөн жылдын соңунда, жумасына бир жолу чыкчу "Айгай - пресс" гезитинин кезектеги, 28-декабрындагы саны жарык көрбөй калды. Мунун себеби, жумурай журт учурда жон териси менен сезип, көрүп жаткан энергиянын үзгүлтүккө учурашы болду. Өткөн жылдын акыркы күндөрү редакциянын офиси жайгашкан кварталда энергия эки жарым күн өчүп, жарым күн пайда болуп, карайлатып туруп алганынан, жылдын акырындагы санын чыгарууга мүмкүн болбоду. Ошондон улам, узап кеткен жылдын акыркы күндөрүндөгү болуп өткөн коомдогу, бийликтеги окуялардын негизги аккорддорун жыл башталгандагы алгачкы саныбызда жарыялап жатканыбыздын сесеби ушул. Анда, 2011-жылдын акыркы аккорддуна сиздердин назарыңыздарды бурабыз, урматтуу окурман.





Мактанба, мамлекетим!
Элдин 75%ы жакырчылыкта…
2011-жылдын 27-декабрында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңеши мамлекеттин саясий-социалдык абалына чындап жандары ачышып, өлкө президентине, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө кайрылуу жолдошту. Профсоюздар уюму советтик доордо компартиянын айтканы менен болуп келчү. Бул коомдук уюм ошол күнкордук психологиядан 20 жыл бою чыга алышпай, өткөн жылы билим берүү тармагындагы профсоюздук уюму (жетекчиси А.Токтогулов) баш көтөрүшүп, тарыхый прецедент жасашып, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин айлык акыларын көтөргөнгө бийликти чөгөлөтүшкөн эле. Бул жагдайды бийлик дароо өздөрүнө ыйгарышып, "мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрдүк" - дешип, жыл бою "ырдап" келишти. Ошол 27-декабрдагы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кайрылуусуна кол койгондордун (тармактык профсоюз уюмдарынын жетекчилери) жалпы саны 30 адам болсо, алардын 25и кыргыз улутундагы жарандар болушса да кайрылууну орус тилинде жарыялашыптыр. Албетте, мунусу өтө өкүнүчтүү. Ошентсе да, маанисин өзгөртпөй, кайрылууну ошол боюнча сунуш кылабыз.
(6-бете)