Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

ХИ - ХИ - ХИ ЭМЕС…
"Остап Бендер", тендер, мен…дер
Өткөн жыл аягында парламенттик коалиция - деп аталган топтор министрлик кресло жана портфелдерге "тендер" өткөзүштү. Ошентип, "тендерден" утуп чыккан министрлердин курамына дагы бир ириет көз жүгүртүп өтүңүз.



Ошол жагын ажобузга неге карабады?
Жеңүүчү качан жеңилгендин алдына барчу эле?
Капырай, тагдырдын тамашасын караңыз, даңазалуу 2010-жылдын 7- апрелинде Теңир-Тоодо элди көтөрүп жүрүп, жеңүүчү катары таанылган Алманбет Шыкмаматов, Ак үй алдында ок жеп, аман калган жеңүүчү - Алиасбек Алымкулов, камакта жаткан жеринен элдин эрдиги менен бошонгон Темир Сариев, эми ошол кандуу күнү Ак үйдүн 7-кабатында канкор Бакиевдердин көзүн карап турган, анын кызматын аткарган ошол революцияда жеңилип калган Аалы Карашевдин "коверуна" ийилишип бара турган болуп калды. (бийлик даражасы боюнча) Адамзат тарыхында жеңүүчү качан жеңилгендин алдына барчу эле? Андан да кызыгы, кезинде, ичиңер күйсө туз жалагыла, мен Акаев үчүн өлөм дегенге чейин барган, кийин он сүйлөм сүйлөсө, анын сегизин "улуу урматуу Курманбек Салиевич" деп бүтүргөн, ал кездеги өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри А.Жапаров кайра бүгүн мамлекеттин каржы казынасынын башына барды.
Бул көрүнүшкө карата кезинде Бээжинди (Пекин) чапкан кыргыздардын урпактары эмитеден эле тиш кайрай башташты, кыязы өткөн мезгилдерде сокур ишеним менен артынан ээрчишип, добуштарын беришип, камчысын чаап жүргөндөр "ишенген кожолору" кимдер экенине толук көздөрү жетип турушса керек. Жетпей анан… Бирок, чынында эле элди сөз менен алдоо, сооротуу мүмкүн эмес да?

"Айгай-пресс"
(P.S. Калганы 5-бетте)





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??