Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Фото - чырк
Кыздары сулуу кыргыздын
Өткөн жылдын этегинде, Россиядагы "Жаш толкун" деп аталган Кыргызстан жаштар союзунун демилгеси менен Москва шаарында "Кыргыз Сулуусу" конкурсу болуп өттү. Анда сулуулардын сулуусу болуп Чынара Пратова аттуу кызыбыз баш байгени жеңип алып, Кыргыз Сулуусу аталды.




Ага тилек
Куш бооңор
бек болсун!
Жыл жаңыраар алдында биздин "Саралаевдер династиясында" жакшы саамалык болуп өттү. Тагыраагы "Замандаш" партиясынын жаштар канатынын төрагасы, инибиз Саралаев Тимур менен келинибиз Зарина баш кошуп, кубанычыбызга кубаныч тартуулап олтурат. Саясатта эле эмес, жан дүйнөсүндө да реформа жасап, келечектеринен көптү үмүттөндүргөн, кыргыздын канатчан келечеги болуп келе жаткан Тимур менен Заринага "куш бооңор бек болуп, биз сыймыктанган жаштардан болуп, кармашкан колуңар эч убакта ажырабасын" деген куттук сөздөрдү эртеңки эски жаңы-жылдын шарапатында да тилегим келет!
Агаңар Калыйбай Саралаев




О, спорт!
Улуу жылда улуу спортто нелер болот?
Лондон күтөт!
Буюрса, спорт күйөрмандары жайдын саратанында, 27-июлдан 12-августка чейин (жамгырлуу) Лондондо өтүүчү ХХХ жайкы олимпиадага күбө болушат.
Олимпиаданын карт тарыхына кайрылсак Лондон үчүнчү ириет мындай улуу иш чараны өткөрүү алдында турат. Алгач 1908-жылы, андан соң 1948-жылы жайкы олимпиада аталган шаарда өткөрүлгөн.

Европа чемпионаты
Үстүбүздөгү жылдын 8-июнунан 1-июлуна чейинки аралыкта спорт ышкыбоздору үчүн, айрыкча футбол фанаттары үчүн дагы бир чоң майрам Польшада жана Украинада күтүлүүдө. Ал - футбол боюнча Европа чемпионаты.

Бах, хоккей!
Үстүбүздөгү жылы хоккей боюнча да дүйнө чемпионатынын кырчылдашкан мелдеши өткөрүлүү алдында турат. Өзгөчөлөнгөнү, бул ириет дүйнө чемпионаты эки өлкөдө (Швеция менен Финляндияда) өткөрүлмөк болду. Кыскасы, спорт сүйүүчүлөр үчүн бул жыл далай тамшандырган мелдештерди тартуулайт окшойт...

Тамерлан Кылыч




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??