Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кыргызымдын жигиттери
Кубанычбек Назаров, архитектор, "Камбартеп" мектебинин негиздөөчүсү:
"Оорукчан органимзде дух болбойт..."
(Уландысы. Башы 9-бетте)
- Байыркы бабалардын салттуу жолун улаган кыргыз адамы табият сырларын аңдап үйрөнүп, канаттуу куштардын, айбанат-жаныбарлардын кылык-жоруктарын да мыкты билген. Кыргыздын айрыкча аялуу малы жылкы болгон. "Ат - адамдын канаты" деп бабаларыбыз бекеринен айтпаган чыгаар.
- Тилегиңизге да, аракетиңизге да кошулабыз, бирок ошол "Камбартепти" массалык спортко айланта аласызбы?
- Кытайда ушу мамлекеттик программа катары ар бир мектепте киргизилген. А эмне үчүн бизде Манастын системасы менен аскердик өзүн-өзү коргоо ыкмаларына үйрөтсөк болбойт? Биздин система кытайдыкынан ашса ашат, бирок кем калбайт. Бул үчүн биз ал тургай атайын миниатюралык робот аттарды жасаганбыз. Керек болсо аларды ар бир мектепке, ар бир балдар бакчасына коюш керек. Ушул идея мага ар убак тынчтык бербей келет. Мен алардын схемасын да чийип да койгом. Эки кабаттуу боз үй. Ичинде эки ат турат. Төрүндө Саякбай отурат. Саякбайдын Манас айтуусунун коштоосунда балдар машыгып атат... Ушундай иштерди кылганда гана кыргызды дүйнөдө тааныйт, сыйлайт. А биз болсо саясат менен алекпиз. Баарыбыз бул дүйнөдө убактылуу мейманбыз. Бири-бирибизге жаман айтпай, бири -бирибизди сыйлап жашашыбыз керек. Улуттук каада салтыбызды, биздин түпкү тегибиз ким болгонун сезгенде жана ошол жол менен кеткенде гана өсүп-өнүгөбүз. Ууру-кеси ошондо азаймак. Ыйман - ырыскы ырооломок, элибизге.
- Ушундай улуттук рухкка ширелген көз карашыгыңызга таазим, эгер мүмкүн болсо ат жалындагы маегибиздин соңунда өзүңүз жөнүндө да айта кетпейсизби?
- Мен спорт менен 12 жашыман машыгып, бокс боюнча Орто Азиянын чемпиону болгом. ЖОЖдо окуп жүргөндө ушу менен машыгып, Пекин академиясынан кун -фунун мастери Ли Ци Шендин шакирти болдум. Айкидого катыштым. Кийин архитектураны таштаган соң, өнөрдү тереңдетип үйрөнүү үчүн Тибетке, Түндүк Кореяга, Кытайга , Японияга бардым. Эгер кытайлардын Ушусу менен эле машыга берсем мен мастер боло албайт элем. Себеби Ушу кытайдыкы да. А мен колдонуп аткан система ал нукура кыргызча система.
Мына, аялым менен жашап жатканыма быйыл жыйырма бир жылдан ашты. Мен "Камбартепти" баштаганымда келинчегим мөлтүрөгөн жакшынакай кыз эле. Үйлөнгөндөн бери экөөбүз тоо таштын арасында жүрөбүз. Уулумду төрт жашарынан бери машыктарам. Дал "Камбартеп" системасына. Күнүгө саат беште, кээде төрттө турам. Эртең менен бир-эки саат машыкмайын мен эч жакка чыкпайм. Калган иш өзүнөн өзү болот. Себеби аң-сезимиң ачык, тунук болсо ишиң шыр кетет. Оорукчан, алсыз организмде дух болбойт. Бул туурасында мурда да маегимде айткам. Медитациянын, духту концентрациялоонун эки жолу бар. Кыргызча жайлоодо жүргөндөй эле жакшы нерселерди ойлоп медитация кылса болот. А мен Куран менен трансмедитация кылам. Айкидонун негиздөөчүсү Морихей Уешиба транска кирип, төртүнчү измеренияга өтүп кеткен. Мындай окуясын тасмадан көргөн жайым бар, салмагы 130 килограммдык үч сумоисттин ортосунда турат. Бир кезде бир сокку менен үчөөнү бир учурда оодара коёт. Көрдүңүзбү, духтун күчү менен эмнелерди гана жасаса болот…

Маектешкен Рабиха Алыбаева




Биссмилла, "почин"!
Ахмат Келдибековдун досу
Жаныбекке чабуулбу же чын эле коррупция менен күрөш
"башталдыбы"?
Шейшемби күнү (10-январда) Финансы полициясы Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Азамат Дүйшөнбаевди камакка алды. Бул катчынын зынданга салынышынын себеби мындай болгон экен: Өткөн 2011-жылы Билим берүү министрлиги жогорку жана атайын кесипчилик окуу жайлары үчүн дипломдорду жасоо үчүн бул кызматка кайрылышпайбы. Баалуу бул документтерди даярдоого өткөзүлгөн тендерге "Тартип" аттуу ААКсы жана "Веполь" деген ЖТАК катышат. Жабык типтеги акционердик коом "Веполь" жогорудагы документтерди даярдоо үчүн 32 миллион 698 сомго макул болсо, тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн каршы болгонуна карабай статс-катчы А. Дүйшөнбаев 41 миллион 275 миң сомго даярдай турган "Тартип" жабык акционердик коомунун талабына макул болот. Ортодо 8 миллион 575 миң сом айырма быкайып калкып чыгат. Бул иш боюнча Башкы прокуратура мындан бир ай мурда кылмыш ишин козгогон эле. Негедир Азамат Дүйшөнбаев кимдир бирөөнүн куйругун басып алса керек. Болбосо аталган иш деле жабылуу боюнча эле кала бермек беле, ким билсин. Себеби, тендер дегениң ар бир тендер өткөзгөн ар бир мамлекеттик органдарда бар. Азамат Дүйшөнбаев "алдыраар күнү жаздыраар" болуп калса керек.
Баса, айтмакчы, жаңы жыл алдында бул мекеменин жетекчиси, А. Келдибеков менен кезегинде Астрахан шаарына саякатка барган кадимки Жаныбек Бакчиев өз ыктыяры менен кызматын таштап кеткен эле. Дегенибиз, бул ишке анын тиешеси барбы же жокпу тергөө амалдары көрсөтөөр.
"Айгай-пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??