Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Бийликтин ээси ким?
Эл менен "бир" же "бөлөк"
экениңиздерди көрсөтө турган учур келди
КАЙРЫЛУУ

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
төрагасы А. Ш Жээнбековго,
КРнын Эл депутаттарына


Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Эркин эл, эгемен өлкө болгонубузга 20 жыл толуп, 21-жылга кадам койду. Заманыбыз да ушундай: 20 кылым толуп, 21-кылымга карады. Бирок, дагы деле ийгиликтерибизге караганда кемчиликтерибиз өтө көп. Эмне үчүн?
Биз - Элдик Курултай кыймылынын мүчөлөрү, кемчиликтердин көбүн Кыргыз элинин улуттук менталитетине жооп бербеген азыркы коомдук системадан көрөбүз. Бул система биздин элди өстүрбөй эле 20 жылдан бери улут катары "талкалап" келатат. Улуттук аң-сезим калыптангандын ордуна жеке адамдын деңгээлиндеги психология калыптанып, Кыргыз эли улут катары жок болуу коркунучуна туш келди.
Демократия - "эл бийлиги" дегенди түшүндүрөт. Бул: "Эл - бийликтин ээси" деген сөз. Демек, "Эл - бийликтин ээси" болгондон кийин, ал аны кимдир-бирөөгө ишенип берүүгө, мөөнөтү бүткөндө же мыйзам бузулганда, өз бийлигин кайра алып коюуга укуктуу. Тилекке каршы, биздин эл 20 жылдан бери бийликти президентке берип, бирок аны көзөмөлдөй албай жана мыйзам бузулганда кайра ала албай келатат. Ошонун айынан "эки революция" болду. Канчалаган адамдардын өмүрү кыйылды...
Бүгүн Кыргыз эли ар кандай ички жана сырткы күчтөрдүн таасири астында чайналып, өз жолун таба албай кыйналууда. Аны бул азаптан Элдик Курултай институту гана куткарат. Биз байыркы ата-бабаларыбыздан калган ушул Улуу Мурас аркылуу гана өзүбүздүн улуттук жолго түшөбүз жана дүңгүрөгөн күч менен дүйнөгө чыгабыз.
Президент баш болуп, 20 жылдан бери өлкө башчыларынын бири да Элге отчет берген жок. 20 жылдан бери "эл бийлигин орнотуп, экономиканы өстүрүп жатабыз" деген шылтоо менен алар Кыргыз этносун жок кылуу саясатын жүргүзүштү. Анын айыл чарбасын жана өнөр-жай ишканаларын талкалап, жерин сатып, бир миллионго жакын ишке жарамдуу элин чачып жиберишти.
Сырттан жардамга миллиондогон доллар акчалар келүүдө, бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын канчасын ким кимге бергенин же каякка жумшаганын Эл билбейт?
Ушул күнгө чейин "бийликтин ээси - Эл" болбой эле Өлкө башында тургандар болуп келатат. Аларды ээрчип, бийликтин андан ылдыйкы бутактарында иштегендер да өз элин талап-тоноону улантышууда.
Эл башкаруу өтө жооптуу жана оор жумуш. Ал үчүн тубаса талант гана эмес, атайын бийлик баскычтарын басып өтүү тажрыйбасы да талап кылынат. А бизде болсо, бүгүн "пионер", "комсомол", "коммунисттик партия" сыяктуу кадр өстүрүүчү мектептер жок. Ошондуктан, кече көчөдө жүргөн адам эле бир күнү "министр" болуп калат да, бүгүн "министр" болуп иштеп аткан адам эртең кайра көчөгө чыгып калат.
"Бастыра албаган - Жол бузат, башкара албаган - Эл бузат" деген ата-бабаларыбыз. 20 жылдан бери "жол бузарлар" менен "эл бузарларды" чыныгы башчылардан айырмалай албай, аябай адаштык. Биз бүгүн, алакандай республиканы башкара албаган өндүрүшчү деген Бакиев , академик деген Акаев сыяктуу адамдарды эмес, "а" тамгасын тааныбаса да, учу-кыйрына көз жетпеген улуу империяны түзгөн Чынгыз хан сыяктуу эл башкарар жөндөмү бар, тубаса таланттуу адамды алып келиш керек экенин түшүндүк. Бирок андай адамды кайдан табабыз, тапкандан кийин аны кантип эл башына алып келебиз - маселе мына ошондо турат?..

Урматтуу Төрага!
Урматтуу депутаттар!

Алгач, "Элдик Курултай жөнүндөгү" мыйзамдын долбоорун кечиктирбей кабыл алып берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бул мыйзам боюнча коомдук, парламенттик угуу өткөрүлүп, добуш берүүдө депутаттардын аты жөнү ачык көрсөтүлсө деп эсептейбиз.
Экинчиден, 2011-жылдын 9-11-сентябрында элдин өзүнүн күчү менен борбор шаарыбыздын Спорт сарайында Улуттук Улуу Курултайынын биринчи бөлүгү, 26-ноябрда корутунду жыйыны өттү. Ал мындан нары туруктуу иш алып барыш үчүн курамы 41 адамдан турган өзүнүн борбордук органы - Улуттук Кеңешти, 21 адамдан турган Даанышмандар Кеңешин шайлады жана жыйындын аягында Резолюция кабыл алды.
Ал Резолюцияда айтылгандай Курултайды "өкүлчүлүктүү жана бийлик бутактарын көзөмөлдөөчү Жогорку Мамлекеттик орган" катары мыйзамдаштыруу маселеси бышып жетилди. Мыйзам чыгаруучу орган катары мамлекеттик көзөмөлдү колуна алып турган Жогорку Кеңеш менен коомдук-элдик көзөмөл жүргүзүүчү Улуттук Курултайды бири-бирине карама-каршы коюу туура эмес экендигин белгилейбиз.
Бүгүн сиздер, өзүңүздөрдүн Эл менен "бир" же "бөлөк" экениңиздерди көрсөтө турган учур келди. Эл да эми, Курултай институтун Баш Мыйзамга өз ыйгарым укуктары менен киргизүү маселеси боюнча кабыл алган чечимиңерге ылайык силердин ишиңерге баа берет. Биз да силерди Улуу Курултайдын чечимдерин ишке ашырууну колго алат жана Кыргыз элинин тагдырына байланышкан бул Улуттук улуу миссияны ак, адилет өтөйт деп ишенебиз!



Элдик Курултай кыймылынын 41 кишиден турган Улуттук Кеңеши.
Бишкек ш. 09-январь,
2012-жыл



Соболчак
"Бектер кетет, эл калат..."
Дүйнөдөн алтын такта отуруп не деген хандар өткөн. Бир өлкө эмес, бүт дүйнө менин колумда деген тирандар өткөн. Өлбөчүдөй, байлыкка чулганып байлар өткөн. Бул жашоодо түбөлүк түркүк болуп, эч ким өз бийлигин сактап кала алган эмес.
Кыттай уюган бийлиги кум сепил сыңар кулап түшүп... Гитлер, Муссолини, Пионочет сыяктуу зөөкүрлөр өткөн. Муну акылман кыргызым тээ атам заманда эле айткан экен, "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" деп. Кыргыз демекчи, канткенде кыргыз кыргыз болуп, кыргызымды кыргыз басынтпай, кордобой, күнүмдүк бийлик үчүн элди түндүк-түштүккө бөлбөй, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, "Менин улутум! Менин президентим! Менин Кыргызстаным"! деген ойлорго качан ширелебиз?
Калыгул олуя айткандай, жараткан бизге бейиштин төрүн тартуулаган экен го. Ошол ыйык жер үчүн бабалар кан-жанын аябай күрөшкөнүчү. Ал кездерде башка эл, азаматтарын "кыргыз сындуу жигит турбайсыңбы" деп, "Кыргыз" деген атты улуу тутушкан экен.
Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргызым туюму күчтүү, акылга тунук, табият сыйын туя билген, сөз кадырын баалаган, уулдары ат үстүндө шамал менен жарышкан эл болгон экенбиз, чиркин!
XIV кылымга чейин кыргыздар кошуна колоңго эле эмес, жер жүзүндө өз таасирин тийгизе алган мамлекет болгон деп жазылып жүрөт...

Нурдин Асанов








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??