кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


"Чума" же Кыргыз көчү кайда барат?
... Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев адамдын төбө чачы тик турган бир сөздү айтты. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча 2010-жылы коррупция экономикага келтирген зыяндын көлөмү 24 миллиард сомду түзүптүр. Бул акча мамлекеттин бир жылдык бюджетинин 1\3 бөлүгүнө барабар...

2




Ай күйдүм чок, күйдүм чок…
Өкмөттүн "акыркы аккорду" же жаңы жылды эртелеп тоскону көздөн кайым болгон үлкөндөр
2001-жылдын 31-декабрында мурда жарыяланган өкмөттүн токтомунун негизинде Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу деп табылган акын Шайлообек Дүйшеевге, ырчы Роза Амановага, сүрөтчү Темирбек Мусакеевге аталган сыйлыкты тапшыруу аземи өкмөт үйүндө же Ак үйдө эмес, жазуучулар союзунун кеңсесинде болуп, бул даражалуу сыйлыкты мамлекеттин жетекчиси А. Атамбаев же президенттин аппарат жетекчиси Ж. Сатыбалдиев эмес, өкмөттүн бөлүм башчысы Аскарбек Бекбоев тапшырды.
Өлкөнүн Конституциясы боюнча мамлектеттик сыйлыктарды, наамдарды мамлекет башчысы ыйгарат. Демек, мамлекет башчысы наам, сыйлык жөнүндөгү тиешелүү жарлык чыгарган соң, ал өзү же анын аппаратынын жетекчисине таандык бул ишти акырына ошолор чыгарыш керек эле. Бирок, макул, кыргызбайчылык менен бул милдет өкмөткө ыйгарылып кетиптир деп койолу. Ошол күнү өкмөт башчысы Ө. Бабанов Баткенде жүрдү десек, вице-премьерлер А. Карашев, Ж. Оторбаев, Г. Асымбековалар ошол кезде кайда болушту экен? Же кызмат ордуларын майлашып, жаңы-жылды эртелеп тоскону сызып кетишкенби? (Ажо өзү баш болуп)
Бул жагымсыз жагдайды сыйлыкка татыгандарды урматтабагандык эмес, кыргыз улутунун сыймыгы болгон Токтогулдун өзүнүн абройуна шек келтирүү катары бааласа болот. Улуу акын, залкар комузчу катары кыргыздын маданиятынан түбөлүктүү орун тапкан жогорку, салмактуу делген Токтогулдун ысмындагы сыйлыкты ташыруу аземи үчүн Өкмөт үйүнүн же Ак үйдүн кененирээк бир бөлмөсү табылбай калган бекен?
Сыйлык демекчи, дайым оозубуздан түшпөгөн Оруссияны алалычы. Ал өлкөнүн бийлиги сыйлык, наам, ал тургай чет өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамотасын тапшырууда Кремльдин алтынга бууланган Георгиев залында тапшырып жүргөндөрүн билбей, көрбөй жүрүшсө керек, биздин "эл багаарлар". Кремльдин бул залы ушундай азем үчүн гана колдонулат. Кыргызбайлар болсо "ме, тапшырып койчу" - деп улуу Токтогулдун элеси түшүрүлгөн төш белги менен сыйлыктын күбөлүгүн бөлүм башчысына дайындап, "иттен чыгарды" мамилесин жасап жатышат. Жөнөкөй нерсени уюштура албаган ушул бийликке мамлекеттин жүгүн көтөрөт, элдин турмушун оңдоп, түздөп жиберет деп ким ишенет?
(Уландысы 5,6-беттерде)
"Айгай-пресс"




Ак тилек
Эски жаңы, Улуу жылыңар менен!
Эртең, 13- январь "эски стиль" деп аталган жыл эсептөөнүн Григориан календары боюнча жаңы жыл болуп саналат. Бул жаңы жыл - байыркы доордогу Грециянын Юлиан жыл эсептөөсүндөгү Гигориан жыл эсептөөсүнөн келип чыккан. Жыл эсептөөнүн жаңы календарын 1542-жылы Рим папасы Григорий XIII Европага киргизген. СССРдин мезгилинде, 1918-жылы 14- февралда жаңы календарь (жаңы стиль) киргизилген. Азыр ушу тапта дүйнөнүн дээрлик көпчүлүгү Григориан календарын колдонушат.
Жаңы-жыл демекчи, жаңы 2012- жыл жөнүндө бир тактоо. Бул жылды көп адамдар "ажыдаар жылы" - деп айтышууда. Чынында 2012-жылды "ажыдаар жылы" - деп, Чыгыш Азия аймагында жашаган элдер атап келишүүдө. Кыргыздарда, үстүбүздөгү 2012-жыл "Улуу жыл" - деп аталат. Улуу - деп кыргыздар жаян балыкты айтышкан. Кыргыздарда Улуу жыл 2000-жылы болгон. Мындай тактоо кыргыздын тунгуч жазма тарыхчысы Белек Солтоноевдин жана жазма акын, санжырачы Талып Молдонун жазгандарына таянылды. Өзүбүздүн баалуу мурасыбызды билбей же аны чанып, Кытайлар сыяктуу бул жылды "Ажыдаар жылы" деп атаганыбыз осолдук эмеспи?

"Айгай-пресс" гезити баарыңарды Улуу жылыңар, эски-жаңы жылыңар менен куттуктап, баарыңыздарга бейпилдик, береке каалайт!



меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика