Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Жылдын адамдары...
(Уландысы. Башы 5-бетте)

Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов "Жылдын салабаттуу депутаты"
"Ар-Намыс" партиясы үчүн жыл арасында не деген гана окуялар болбоду. Мисалы, алгачкы "кирпичин" өзү коюп, түптөгөн "Ар-Намыс" партиясынын ичинде канчалаган интригалар орун алды. Ал турмак "эшиктен кирип, төрдү ээлеген" телибайлары да чыкты, фракциясынан. Мындайча айтканда Ф.Куловдун бүт эмгегин "менчиктешитирип" алды алар. Бирок, генерал кабагым кашым дебеди. Өзүнүн салабаттуу, чоң калибрдеги саясатчы экенин көрсөтө алды. Анын эң жакшы айткан бир сөзү бар: "утулган эмес, эч качан жеңилбеген жеңет" деген. Ошол принцибиңизден жазбаңыз


Эс алуудагы аскер генерал Ашырбек Бакаев "Жылдын нарк-туу инсаны"
"Жылдын нарктуу инсаны" - даражасына эс алуудагы аскер генералы, коомдук ишмер, "Генерал ордо" коомдук бирикмесинин президенти Ашырбек Бакаев татыктуу болду.
Ашырбек Бакаев эс алууда болсо да, быйылкы 2011- жылы күч кубатын, интеллектисин, турмуштук зор тажрыйбасын коомчулук менен тең бөлүшүп, улуттун баалуулуктарына, маданияты менен тилине камкордук көрүп, нукура нарктуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, көптөргө өрнөк болду. Генерал Ашырбек Бакаевге тилегенибиз, ушул ак сөөктүк калыбыңыздан жазбаңыз. Сизге жаңы жылда чын ден-соолук, үй-бүлөөңүзгө бакубат жашооо каалайбыз, урматту генерал!


Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Тюлеев "Жылдын саясатчысы"
Эгемендик жылдарында башкалааны кимдер гана башкарбады. Бир күн отурган мэрлер да болду. Бирок саясат - паясатыңды ары таштап калыстыгын айтсак, борбор шаарыбыз Н.Тюлеевдин учурунда гүлдөдү, жаңыланды.Учурда, ЖК депутаты. Эч качан эмоцияга алдырбаган, кыска мөөнөттө саясатты салкын көз карашы менен караган өлкөдөгү бирден-бир саясатчылардын бири болуп чыга келди. Ар бир ишти "жети өлчөп, бир кескен" немец элинде мындай бир макал бар: "Ким шаарды таза кармаса, ал мамлекетти да таза кармай алат" деген. Ушул макал биз сөз кылып жаткан адамга түздөн-түз тиешелүү. Ушулардан улам биз жана көпчүлүк окурмандардын талкуусунан соң Н.Тюлеев "Жылдын саясатчысы" аталып отурат.


"Адилет" саясий партиясынын лидери жана "Улуттук конгресс" коомдук уюмунун жетекчиси Аликбек Жекшенкулов "Жылдын эң мыкты саясатчысы"
2011-жылдын мыкты саясатчысы делип, "Акыйкат" саясий партиясынын жана "Улуттук конгресс" коомдук уюмунун жетекчиси Аликбек Жекшенкулов - коомучулук тарабынын көрсөтүлдү.
Аликбек Жекшенкулов өзүнүн алысты көрө билгендиги менен, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин сунушталган кызматтан баш тартып, ошол кездеги ыплас бийликке аралашпады.
2011-жылы ММК аркылуу өзүнүн калыс пикирин айтып, атуулдук позициясынан тайган жок. Ошонусу менен Аликбек Жекшенкулов Кыргызстанда саясий күрөштүн маданиятынын үлгүсүн көрсөтүп, "Акыйкат" саясий партиясынын жана "Улуттук конгресс" коомдук уюмдун абройун сактап калды. Ушундай өзгөчө кадамдары менен Аликбек Жекшенкулов - 2011-жылдын "эң мыкты саясатчысы" даражасына татыктуу болду.


Жылдын эң мыкты дарыгери
№1 шаардык оорукананын өмүр сакчысы, хирург, КММАнын профессору Оморов Рахатты "Айгай-пресс" гезити "Жылдын эң мыкты дарыгери" атады. Ошондой эле Рахат агайга тирүүлүктүн эң ыйык нерсеси болгон адам өмүрүн ажалдан арача кылган жеңил колуңуз далайлардын алкышына татысын дегибиз келет. Өзүңүзгө да узун өмүр тилейбиз!




Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешов "Жылдын мыкты депутаты"
"Айгай- пресс" гезитинин сурамжылоосу менен "Жылдын мыкты депутаты" -деп, парламенттеги "Ар -Намыс" фракциясынын депутаты Дастанбек Бекешов таанылды. Дастанбек Бекешов эч качан бийликте жүрүп коррупцияга, эки жүздүүлүккө аралашкан эмес. Ал өзүнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да бийликтеги көздүү, "сөздүүлөрдөн" тубаса зээндүүлүк жөндөмү, акыл-эси, маданияты менен түндүк бою айырмаланып турганын талашуу мүмкүн эмес.


Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков "Жылдын прагматик депутаты"
Кыргызда болоор баланы тээ башынан эле байкап келишет. Жашынан саясаттын барасында айланып, башкаларчылап билимдүүмүн деп билек түрүнбөй, ар бир ишин "ийне менен кудук казгандай" илим менен билимге таянуу менен иш алып барып келет. Келечек жаштардыкы дейт, ал. Албетте, ак сөз. Ушул жана башка сапаттары менен Р.Жээнбековду жылдын прагматик депутаты катары атап отурабыз.



"Presskg.com" интернет сайтынын негиздөөчүсү Жанызаков Жаныбек "Жылдын мыкты эмгекчил инсаны"
Биз Жаныбек байке жөнүндө бааны "Дефактодогу" досум Жеңишбектин таамай берген сүрөттөмөсүнөн ашык эч бир сөздү кошууну да эп көрбөдүк. Эмне үчүн бул инсан эмгекчил? "Көптү кылып атам дебейт. Кылганын эч кимге колко этпейт. Еврейлиги эмес эй, даанышмандыгы(!) бар. Кай темага чакырба, көзгө сайып айтып берет. Эркечтей болуп дайым жаңыны баштайт. Компьютерди илгери чү дегенде эле чүлүктөп жетелеп алган. Кыргыз шрифттерине ата болду. Мегиле деп кыргыз-орус сөздүгүн койду. Таң каласың, жашаган үч бөлмө үйүнөн китеп басат. Анысын айтып Өкмөт менен Партияга док артпайт. Диндин, кыргыз тилдин, анан секстин жайын сурап, кабарчылардын ага каттаганын айт. Анан күн сайын сыртта жүргөн жүз миңдеген кыргыздар Жанызак түзгөн "Presskg" сайты үчүн бата берип атышканын өзү да билбесе керек. Демек, Жаныбек мырза Жанызактын өмүрү узун, иши илгери болот. Жашасын жашоонун Жаныбек Жанызакча формуласы. Көз тийбесин. Суктанабыз. Сыймыктанабыз".
Эң негизгиси, бар болуңуз, агай!


Жылдын мыкты меценаты Аскар Салымбеков
Кезинде, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору, борбор калаабыз Бишкектин мэри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. "Дордой" ассоциациясынын негиздөөчүсү, түптөөчүсү. Далайлаган адамдарга меценаттык иштерин али да аянбай жүргүзүп келүүдө.
А.Салымбеков туурасында таланттуу акын Ш.Дүйшеевдин жана Меңдибек Асылбековдун төмөнкү ыр саптары "Жылдын мыкты меценаты" экенин кабарлап турбайбы.

"Жайылып товар басты деп,
Жашоого "Дордой" жакшы деп.
Жанбагып кетти далайлар,
Жанымды Аскар бакты деп.

Кылкылдап товар басты деп,
Кыйналсаң "Дордой" жакшы деп.
Кычырап жүрөт далайлар,
Кыргызды Аскар бакты деп"

Ата журттун туу намысын корго деп,
Спорт сүйгөн эрендерди колдодуң.
Эмгегиңиз бүт ааламга дүң болуп,
Балбандарды зор жеңишке жолдодуң"
Биз да сизге бизнестин татаал жолунда улуу жылда улуу ийгиликтерди тилейбиз…



"Айгай-пресс" гезитинин саясий баяндамачысы Жолдошбек Токоев "Жылдын мыкты журналисти"
Жылдын мыкты журналисти - делип, Жолдошбек Токоев окурмандар тарабынан бааланды.
20011-жылы жылы аналитикалык, публистикалык темада жазган макалаларында тубаса талант, калыстык, көрөгөчтүк, билимдүүлүк даана сезилип турду. Жолдошбек Токоев агайыбыздын мындай сапаты аталарынын канынан канга өткөн аксөөктүк канында жымырап турат. Узап жаткан быйылкы жылы Жолдошбек Токоевдин "Айгай-пресс" газетасына тарыхый далилдерге негизделген улуттун кеменгери Жусуп Абдракманов жөнүндө макалалардын түрмөгүн жазып, улуу инсандын бейнесин ачып, анын улуттун чыныгы кеменгерлигин далилдеди. Ошондой эле бул журналист - коомдун чыныгы баалуулуктары, кыргыздын кен байлыктарынын абалы жөнүндөгү макалалар түрмөгү аркылуу элге коңгуроо какты. Натыйжада, окурмандар тарабынан Жолдошбек Токоев - "жылдын мыкты журналисти" даражасына арзыды.


"Элнур" ЖЧКсынын генералдык директору Эркин Сарбаев "Жылдын мыкты ишкери"
Башкы кесиби музыкант, андан кийинки билими юрист, учурда "2000-2010-жылдардагы Кыргызстандын ишкерлеринин ишмердиктери" деген темада илимдин кандидаттык диссертациясын жактап, соңуна чыгып калган кез. Табиятынан аз сүйлөп, саз иш жасаган, айрымдарчылап кылган иштерин жар салып этпей эле, эл үчүн өз эмгегин унчукпастан арнап келет. Атасак, 2010-жылы эле мамлекетке 100 миллиондон ашык сом салык төлөгөн. Ал жетектеген ишкана сапаттуу продукциялары үчүн 3 жолу Эл аралык сыйлыкка татыган. Быйыл, коомчулукка арзан баада мунай затын камсыз кылуу үчүн "Восток-нефть" ЖЧКсын ачып, анысы ишке кирүү алдында турат. Ызы-чууну сүйбөгөн, саясаттан алыс, "деньги любить тишину" деген принципти карманган бул инсан "Жылдын мыкты ишкери" номинациясына татып олтурат.



Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ - жылдын мыкты губернатору
1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Каракулжа районуна караштуу аты уйкаш кыштакта төрөлгөн. Билими жогорку. Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер. Былтыркы Ош коогалаңында көрсөткөн жарандык жоопкерчилиги жана кайраттуулугу, үй-бүлөлүк режим менен жалтанбастан күрөшкөндүгү үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган. Ашкере демократ, сөз эркиндигинин катуу тарапкери. Конституциялык реформалардын бекем жактоочусу. Парламенттик республиканын бекем түптөлүшүн жактагандардын жана ошон үчүн тайманбай күрөшкөндөрдүн бири.



"Кут" партиясынын лидери, генерал Болот Жанузаков "Жылдын калыс инсаны"
Эгер биз азыркы учурда ак үй менен көк үйдө кимдер иштейт десек 99%ы Акаев менен Бакиевдин тушунда иштегендер. Акаев демекчи, анын бийлиги кулаар замат далайлары "терисин өзгөртүп" жаңы бийлике, андан кийинки да бийликке эч нерсе болбогондой кирип барышкан. Азыр эл оозунда тунгуч президенти сатпаган жалгыз генерал калды дешет. Ал Болот Жанузаков. "Бийликке кимдер келсе да эл үчүн иштешсе болду, эч кимисин душман көрбөйм да, кызганбайм" деп ар дайым өз калыстыгынан тайбай келет.


(Уландысы 15-16-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«