Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Кошуналардагы козголоңдон
Нуракебиз өз элине Нураке болбой калабы?
(Уландысы.
Башы 4-бетте)
Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери эч качан бийликти бергилери келишпейт. Анын себеби, элдин байлыгын ченемсиз "өз көмөчтөрүнө" пайдаланып келишкен. Ушундай жагдайда "паранойя" деген психикалык оору жөнүндө аргасыз эсиңе салат экенсиң. Дегенибиз, 20 жылдан ашык казак бийлигинин эки тизгин бир чылбырын колуна мыкчый кармап келген Н. Назарбаев ушундай ооруда жүргөн адам эмеспи деген ойду да аргасыздан ойлоп жиберет экенсиң. Азыр эми бул оору ого бетер күчөй баштайт... Чочуганыбыз, эми ал Нураке, өз элине Нураке болбой калды окшойт...
Баса айтмакчы, жогоруда ошол эле казак бийлиги айтып чыккан сырткы күчтөр демекчи, Казакстандагы эки жолу болгон теракт, кечээки Жаңы-Өзөн шаарындагы жумушчулардын толкунунун артында кимдер турат болду экен? Россиядагы парламенттик шайлоодон кийинки элдик нааразычылык акциялары жана Казакстандагы окуянын артында да сөзсүз тышкы күчтөрдүн турганы туюлуп эле турат. А балким АКШдыр? Себеби, Америка бажы союзуна Казакстан менен Россиянын биригишине сөзсүз жол тосуп, ага жол бербегенге аракет кылат. Бул турган иш, "дүлөйгө деле маалым" деп койчу беле мындайды. Айтмакчы, бул жерде өзбек президенти И.Каримов: "Бажы биримдигине кирбейм" деп, карт бөрүлүк кылып кетти…

Казакстандын түндүгүндөгү нефтичилердин Жаңы-Өзөн шаарында элдик толкун болуп жатканда, Казакстан президенти Н. Назарбаев мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата Астана шаарында курулган "Жеңүүчүлөрдүн капкасын" ( триумфальный арка ) ачып, аскер парадын кабыл алып жаткан кез болот. Жаңы-Өзөндө кан төгүлүп бүткөн кезде, шашылыш Коопсуздук кеңешин өткөзөт, Казак-башы. Ошол кеңешмеде Н. Назарбаевдин сүйлөгөн сөзүнөн үзүндүнү ошол эле түнү Россиянын телеканалы көрсөттү. Ал кеңешмеде Н. Назарбаев: эконоикалык талашты мындай бандиттик жол менен чечпейт, мыйзамдуу жол менен чечиш керек эле. Күнөөлүлөр сөзсүз жазаланат. Өлгөндөргө, жарадар болгондорго жардам берилет - деп жатпайбы, эл кан кусуп калгандан кийин. Акыл калчаган адамга бир адамдын каны, өмүрү эмес, көз жашы эч бир жардамга арзыбас!...Мамлекетте мыйзамдар иштебей жаткан учурда аргалары кеткен жумушчулар акыркы чарага бараары бул табихый көрүнүш. Антип салыштырсак да, Казакстан эмес байма -бай жашаган Ливияда эмне болду?
Ушул күнү кечинде, (17. 12. 2011ж. ) Мангистау областындагы Шепте деген айылда тополоң болуп, бийликтегилердин айтуусунда бир адам өлүп, бир нече киши жарадар болгон. Айтор, казак полициясы Бакиевдин желдеттериндей эле кылмыштуу кадамдарга барышкан. Шепте айлында аталган окуя кечки саат 17.00дө башталган. Жаңы-Өзөндөгү окуяга өтө нааразы болушкан эл Мангыштау-Актөбө каттамындагы темир жолун тосушкан. Поезддин ичинде 300 жүргүнчү болгон. Поезддер улам көбөйүп отуруп, ал 10го жеткен. Булардын 7си жүргүнчү, 30у жүк ташуучу поезддер болгон. Жаалы келген эл жүргүнчүлөрдү "бизге кошулгула" - дешип үндөшкөн, полицияларга баш беришкен эмес. Анан ортодо жаңжал чыгып, элге карата полиция ок атуучу курал колдонушкан.
Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуянын эртеси, 2011-жылдын 18- декабрында Актау шаарында да эл "Ок атууну токтоткула!" - деген талап менен аянтка чыгышты.
2011-жылдын 18-декабрында Мангыстау областынын акими Кырыимбек Кушербаев деген немеси "вандалдар, мородерлор Жаңы-Өзөндөгү 46 объектини өрттөп, талкалашты" - деп "күйгөнү" интернет булактарында пайда болду. Өлгөн адамдарга күйбөй, көр дүйнөгө күйгөн бул аткаминер ашынган жугундукор окшобойбу. Казакстан прокуратурасынын өкүлү адамдардын орду толгус зыяндарды эске албай, канча мүшөк, акча зыян болгонун эсептеп айтканы да интернет булактарында пайда болду. Анын айтымында - "Альянс Банк" аталган банктын филиалдары, банкоматтары тонолуп, 20 миң теңге уурдалыптыр, 20 дүкөн, 2 кафе, 1 мейманкана, 1 ноториалдык контора, 2 ломбард, айыл өкмөтүнүн имараты, 2 полиция пункту, 20 авто унаа өрттөлүп талкаланыптыр. Менимче бул көр оокат Н. Назарбаевдин бир эле кызынын же качып жүргөн мурдакы күйөө баласынын байлыгынын 00,1% байлыгына барабар болуш керек. Жалпылап ачыгын айтсак, бул кандуу окуя Н. Назарбаевге, анын бийлигиндегилерге ачык сигнал!

Күлчоро Кабылов




Карт тарыхтын барактарынан
Казакстан, казак эли, казак бийлиги демекчи…
Ошол тарыхка бир ирмем көз жүгүртсөк, мындан туура 25 жыл илгери, 1986 жылдын 18-декабрында Алма -Ата шаарында кандуу окуя болуп өткөн. Бул окуянын чыгыш себеби, ал кездеги тоталитардык системанын акыркы ана башчысы М.Горбачев улуттук менталитетти эске албай туруп, Казакстандын мурдакы жетекчиси Д. Кунаевдин ордуна Москвадан Колбин деген орус улутундагы адамды Казак компартиясынын биринчи катчысы кылып дайындайт. Мындай дайындоо казак элинин намысын ойготот. Бул дайындоого нааразы болгон эл аянтка чыгышат, Москванын буйругу менен аскер киргизилет да, ортодо кан төгүлөт. Ошол кезде кыргыз жаштары:"казак туугандарга жардамга барабыз" - дешип козголушкан эле. (Ал тургай ошол кезде Алматыдагы милициянын атайын отрядында иштеген кыргыз жигити "мен куралсыз жаштарга ок ата албайм" деп куралын таштап баса бергенин ал кездеги казак студенттери сыймыктануу менен айтып келген жайы бар.)
Ушул тапта, азыр да интернет булактарында кыргыз жаштары Жаңы-Өзөндөгү бей күнөө өлүмгө учураган, жарадар болгондорго боор тартышып, казак бийлигин ашата сөгүп жатышат. Бул деле табигый көрүнүш экени талашсыз.






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«