Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жылдын саясий партиясы
... Калыстык үчүн карап көрдүк. Окурмандардын айрым пикирлерине да таяндык. Эмне үчүн "Ата-Журт" саясий партиясын жылдын мыкты партиясы катары атап отурганыбыздын себеби бул - баарыбыздын эсибизде, 2010-жылы апрель окуясынан кийин азыркы "Ата-Журт" партиясындагылардын далайлары алапайларын таппай калган. Себеби, алардын дээрлик мүчөлөрүн, көпчүлүк Бакиевчилердин жакындары катары санашкан. Албетте, мындай пикирлердин да өз чындыгы бар, жок эмес... Бул эми ошол чак дейли. Ошол чак демекчи, бирок, ошондой оор шартта "атажуртчулар" бир муштумга түйүлүп, бекем биримдик менен, ошондогу парламенттик шайлоонун жыйынтыгында далайларга күтпөгөн көрүнүштү тартуулады. Мисалы, "мен!" деген "Ата-Мекен" партиясы шайлоодо эптеп - септеп парламентке илинсе, дагы бир революционер аталган "Акшумкар" партиясы борттун ары жагында калды. Ал эми "Ата-Журт" партиясы өздөрүнүн болоттой биримдиги менен эң алдыңкы орунга чыга келди. Көп өтпөй азыркы парламенттик системанын авторлрунун бирден-бири Ө.Текебаевдин "терисин тескери сыйрып", парламенттик системанын эң башкы креслосуна "Ата-Журттун" өкүлү отурду. Бирок...
Бирок, бийлик кумары ушул беле, көп өтпөй алардын айрымдары аркы жээкке "чуркап", айрымдары берки жээкке чуркап, далайы "сатылып", ичтеринен ырк кетип, бийлик менен саясаттын миң кырдуу жолдорунда далайлаган адашууларга тушугушту. Натыйжада, кайрадан жыгылды, жаңылды, жазды... Ошентсе да, соңку учурда мурдагысынча алдыларына улуу максаттарды коюп, келечектеги саясий күрөштөргө биримдик менен аттанып отурган чагы...
Ушулардын баарына саресеп салып олтуруп, аталган партияны саясий күрөштөрдөгү бирден бир күчтүү партиялардан экенин таналбадык...




Боло берет турмушта,
особенно кыргызда…
Эмне болсо да "өз короосунан
кочкор кошуу" А.Келдибековдун
негизги критерийиби?
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Бакыт Аманбаев деген кесиптешибиз келгенин угуп, тарс этип барып "таңкалып" отуруп калдык. Анткенибиз, бул жигит жаңылбасак тим эле жагалмайдай кайкып учканына "разза тан" берип "отурубуз". (Түштүк говору менен Талас диалектикасын аралаштырып айтсак)
Анткенибиз, Б. Аманбаев өткөн жылкы апрель революциясынан кийин Ош шаарынын вице-мэри болуп, анан аны "кежир" мэр М. Мырзакматов тез эле айдап таштаганын уккан элек. Андан соң парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесинде 51-чи болуп шайлоого катышкан жайы бар. Быйыл болсо "Саясат-пресс" газетасында, президенттик шайлоодо азыркы президент А.Атамбаевдин айныгыс атаандашы А. Мадумаровдун "маалымат катчысы" болуп жандап жүргөн эле. Эми КСДПнын жолдомосу менен аталган орунга келиптир. Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеванын бир тууганы да болот экен. Б. Аманбевге буйрукту А. Келдибеков креслого желимдей жабышпай, эртең кызматтан кетем деген күнү, 2011-жылдын 13-декабрында буйругун чыгарган экен.
Айтмакчы, кезинде Мамат Осмон деген кесиптешибиз да А.Келдибеков республиканын салык тармагынын эки тизгин бир чылбырын кармап турган кезде Ахмат мырзаны "түңкү көпөлөктөй" айланып, тага тутуп, "Апта-жаңырык" гезитин анын колдоосу менен чыгарып келгени башка кесиптештерибизиге деле дайын. Кийин революция болуп кетип, "Ата-Журт" партиясынын парламентке келээр - келбеси бүдөмүк болуп, тескерисинче, ал кезде "Ата-Мекен" партиясынын абройу кокту-колоттордо аябагандай эле өсүп турган маалда, Келдибековун да, "Апта-жаңырыгын" да таштай "качып", "Ата-Мекендин" кеңсесине кирип барып, шайлоо тизмесинин 120чысы болуп, ошолордун короосуна кирип кеткен эле. Бирок, тескерисинче "Ата-Журт" шайлоодо эң алдыда келип, Текебаев терип жазган парламенттик системанын "эрежеси" боюнча мамлекеттик эки гезит "Кыргыз Туус" менен "Эркин Тоо" гезиттерине жетекчиликти (башкы редактор) көрсөтүү укугу "Ата-Журтка" тийип, Макең кайрадан тагасынын колдоосу менен (А.Келдибеков) "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору болуп иштеп жаткан кез. Чынын айтсак ушул сыяктуу көрүнүштөргө анчейин түшүнө албай келебиз, же кыргызда тапанданып айткандай "эмне болсо да өз корообуздан кочкор кошолу" элементи Ахмат мырзанын негизги критерийиби? (Болбосо, учурда нечендеген Теңир Тоолук кесиптештер, айрымдарчылап ары бери чайпалбаган калемгерлер толтура эле жүрбөйбү десең. Себеби, ал тарапта жердешчилик деген сезим анчалык өрчүбөсө керек.) Аталган ойлор жөнүндө аталган эки кесиптешибиз анчалык чычалабастыр деген ойдобуз…

Тамерлан Кылыч




Күн бүгүн
"Кудайлардын согушу"
(Уландысы. Башы 5-бетте)
...Өткөн жылы, Олимптеги 3 "диндүүлөр" биригишип, (КСДП, "Ата-Журт", "Республика") "ушул жерге байыр алгыла да, бизди баккыла!"- дешип, бир топ кичи "кудайларды" (министрлер, директорлор, аким, губернаторлор ) Олимптин төмөн жагынан орун беришкен эле. Эми ошол бир жыл илгери "Ата Журт" "дининдегилердин" атынан Олимптен орун алышкандардын аргасы куруй баштады. Анткени, алардын ордун сөзсүз башка "диндүүлөр" тартып алышат. Баса, кыргыз Олимпинин диванынын төрүндө ( диван-араб сөзү - "жыйын" дегенди билдирет.) Бөдөш Мамырова деген айым отурчу эмес беле, эми жогорудагы төрт "диндегилер" аны төмөнгө айдап түшүшүп, анын ордуна Камила Талиева деген айымды алып келишээри белгилүү болду.
Акын Эварест Парнинин "Война Богов" поэмасыннын бир каарманы Дева Мария Олимпте да жүрөт. Бирок, К. Талиеваны бул Дева Марияга салыштыра албадым. Себеби, Мария бул жарыкка адамзаттын сактоочусу Иисус Христосту алып келген эмеспи. Камила Талиева айым эч качан Дева Мария боло албайт, бирок кыргыз Олимпинин каарманы экени талашсыз го деп ойлойм. Өткөн жылкы кыргыздын Олимпинде жүрүп, өзүнчө кудай болуп, "алкымын бууй албай, ашказанын тыя албай" тоодон ылдый карай кулаган Азимбек Бекназаров деген бар эмес беле, ал дагы Олимптин "диванын" сындап, ага карата "согуш" ачуу керек" -деп баштаптыр, шумдугун кургур..!...
Сыртта кычыраган кыш, чилде турат. Теңир-Тоодо 30 градус суук. Ал жерде түкүрүк жерге түшпөй тоңуп турат. Көмүрдүн мекени Баткенде бул отундун 1 тоннасы 10 - миң сомду чапчып жатат. Мунун себеби: Сүлүктүнүн көмүрү Тажикстан тарапка сатылып жаткандыгында. Бишкекте отун алаарга акчасы жок бечаралар электр энергиясына үмүттөнүп, күн көрүп жатышса, анысы да улам-улам өчүрүлүп, үй ичинде калчылдашат. Сууктун айынан кайра-кайра ооруга чалдыгышып көптөрү жарым жан. Кыргыз Олимпинде болсо "согуш". "Кудайлардын" бул "согушу" жаңы жылда "тайм-аут" алышып, кайра улана бергени калды окшойт. Бирок, элди ойлогон эч ким жоктой…
Жолдошбек Токоев






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??