Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Жылдын эң мыкты
скульптору жана архитектору
Кыргыздын бул эки уулу көп жылдан бери биргеликте нечен толгонушуп, ой жүгүртүшүп, кыргыз тарыхына таандык болгон нар көтөргүз алтындан артык эмгек жасап келе жатышат. Булардын эмгеги улуттун көркөм дөөлөтүн жүз жылга байытты.
Сөз кылып келе жаткандардын бири таланттуу архитектор, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Уланбек Бейшенбаев . Бул архитектор кыргыздын залкар архитектору Каныбек Алыкулов менен бирге "Ата Бейит" мемориалдык комплекстисин жазашкан. Бул комплекстеги скульптуралар төмөндө сөз кыла турган Садабек Ажиевге да таандык.
Архитектор Уланбек Бейшенбаевдин кийинки эмгектеринен окурман журтуна тааныштыра кетсек, төмөнкүлөр:
"Чон-Таштагы" 7- апрель баатырларнын сөөгү жаткан жердеги "7-апрель баатырлары" мемориалдык комплексти, Бишкек шаарындагы Киев-Ибраимов көчөлөрүндөгү Бизнес борбор, Абдракманов-Горький көчөлөрүндөгү "Вефа" соода борбору, Скрябин көчөсүндөгү 12 кабатуу үй, Ысык-Көлдөгү Кажысай айлындагы 500 орундуу мейманкана, Ош шаарындагы китепкана жана дагы көптөгөн имараттар. Ушул азыр борбордогу Ак үй алдында орнотуп жаткан ошол 7- апрель баатырларынын кандары төгүлгөн жердеги мемориалдык комплексти.
Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири таланттуу скульптору , Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Ажиев Садабек . Бул таланттуу скульптор 2002-жылы "Чоң Таш" жериндеги "Ата Бейит" мемориалдык комплекстиндеги скульптуралык композицияны жараткан. Быйылкы, 2011-жылы Бишкектин чок ортосуна жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун айкели да Бишкекте орнотулуп жаткан "7- апрель баатырлары" мемориалдык комплекстин скульптуралык композициясы да, жогоруда сөз кылган Садабек Ажиевге таандык. Көңүл бөлчү бир нерсе өткөн жылдагы кандуу жана баатырдык 7- апрель окуясы Уланбек Бейшенбаев менен скульптор Садабек Ажиевдин жүрөктөрүн сүрөттөгү таштай жарып өткөндүгү даана сезилип турат. Ушулардан улам Улан Бейшенбаев менен Садабек Ажиев сөзсүз 2011-жылдын эң мыкты инсандары экени талашсыз деген пикирге келдик.





Күн бүгүн
"Кудайлардын согушу"
(Башы "Айгай-пресс" гезитинин
8- декабрдагы санында)
Бул темадагы макала газетанын өткөн санында мифтик окуяларга салыштырып жазылган эле...
Грециянын бөксө тоолорунун эң бийик жери "Олимп" - деп аталат. Деңиз деңгээлинен 2917 метр бийиктикте болгон бул Олимп тоосу (биздин Кемин тоосунан жапыс) өзүнүн бийиктиги менен эмес, байыркы Грек мифологиясы менен адамзат аң сезиминде кылымдардан кылымга көчүп келет. Грек мифологиясы боюнча Олимп тоосунда кудайлардын кудайы, адамзаттын түпкү атасы Зевс мекендеп келген экен. Бул тоодо Зевс менен Тифон деген кудайладын ортосунда, башка Титандардын арасында тынымсыз согуш жүрүп турган экен.
Өткөн XVIII кылымдагы француз акыны Эварест Парни Грек мифологиясын башкача өңүттө "Война Богов" деген поэмасын жазган. Бул поэманын окуялары дагы асманда, Олимп тоосунда, акын жашаган доордогу Европа, Англия, Франция мамлекеттердин бийлигинде өтөт. Э. Парнинин чыгармасында Олимп тоосундагы байыркы Грек мифологиясынын кудайлары менен христиандардын, иудейлердин, язичниктердин, христиан динин кабыл ала элек кездеги Скандинавия элдеринин кудайлары Олимп тоосу үчүн тынымсыз согуш жүрөт. Поэмада ошол эле кезде Европа мамлекеттеринин бийлигиндегилердин дин туканы менен ыплас иштери келекеленет. Азыркы кыргыз бийлигиндеги ары өкүнүчтүү, ары кайгылуу, күлкүлүү жоруктары кудум Эварест Парнинин "Война Богов" поэмасындагы айтылгандары окшошуп турат…
Э. Парнинин "Война Богов" чыгармасын кыргызча интерпритациялаганда мындайча сүрөттөлөт экен. Кыргыз Олимпиндеги "согуш" жаңы фазасына өтүп турат. Мындан жарым ай мурдакы Олимптеги согуш өлкөнүн Теңир Тоо тарап менен күн чыгыш жааттарынын ортосунда болгону эсиңиздердедир. Ошол согушта Олимптин чыгыш капталын ээлешкендер күн жүрүш капталын ээлген Келдибеков деген "кудайды" - "бизге билгизбей, биз менен бөлүшпөй, казнанын бир капшытын өзү жан жөөкөрлөрү менен жеп- ичип койду!"- дешип согуш жарыялаганда, ал өзү багынып берген. Бул "улуу жеңиш" кыргыз Олимпинин Зевси - А. Атамбаевге жага бербей кубанып турган убагы болуш керек. Бул кубанычты мындан түшүнсө болот. Өткөн апта аягында, "Олимптеги" төрт "диндүүлөр" (КСДП, "Ар-Намыс", "Ата-Мекен", "Республика" фракциялары) биригишип, бир жаат болушуп, "Зевстин" ойунан чыкпай, элпек жумуш аткаруучу эки адамды Асылбек Жеенбеков менен Өмүрбек Бабановду Олимптин эки кырына алып келе турган болушту. Олимптен төмөнкү коктусуна түшүп калган "диндердин" ("Ата- Журт") "кудайларынын" бири К. Ташиев оозунан от чачыратып, жаалы келип, жакынкы күндөрү жогорудагы төрт "диндүүлөргө" карата "согуш" ачабыз да, буларды акыры түбү Олимптен кууп түшөбүз, же болбосо Олимпти уратабыз(!) деп турат.

(Уландысы 6-бетте)




Дюшалиев Сталбекти "Жылдын жаңы технологиялык идеясы үчүн" номинациясын ыйгарат.
"Жылдын жаңы идеясы" даражасына - И. Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин доценти Сталбек Дюшалиев татыктуу болду. Сталбек Дюшалиев Кыргызстандагы телевидение тармагындагы көп жылдык мол тажрыйбасынын негизинде быйыл, 2011-жылы мамлекетибизди маалымат коопсуздугун камсыз кылуу керектигин, Кыргызстан электрондук ММК ( цифровое телевидение ) вариянтына өтүү керектиги , жаңы технологиялар жөнүндө жаңы идеяларды тиешелүү тармактарга өз сунушун айтып, конгуроо кагып, жана студенттерге өзүнүн жазган окуу куралдары менен камсыздап келди.


"2011-жылдын мыкты ишкер айымы"
Даражасына "Назира" ЖЧКсынын директору Бүбүйра Бектенова айым элдин тандоосу менен татыктуу болду. Бул даражага ал, соода тармагында 30 жылдык мол тажрыйбасы менен сатып алуучуларды маданияттуу тейлөөдө, үлгү көрсөткөндүгү, аялзат болсо да эр азаматтардан калышпаган адал эмгеги үчүн арзыды. Эскерте кетүүүчү бир жагдай "Жылдын мыкты ишкер айымы" даражасына татыктуу болууга арзыш үчүн Бүбүйра Бектенованын жан-дүйнөсү ,сезимдери дүрбөлөң салганда ыр жазып, аны өз каражатына китеп кылып чыгарып, окурмандарга тартуулап турганы да эске алынды. Көөдөнүнөн ыр ыргактары төгүлүп турган Бүбүйра айымдын, ички жана тышкы ишкердик жөндөмү бирин-бирин толуктап турат. Мындай сапат чанда гана адамда кездешет.









кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«