Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Күйгөндөн айтылган кеп
"Мен үчүн топурак салып койчу, Курмантай Абдиевич?"
Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан отчет бербей кетти. Эми анын ордуна орун басарларынан кимиси берээри белгисиз. Сыягы, эч кимиси беришпейт окшойт. Бирок, алардын отчету экс-спикерди ээрден оодараар алдында, 12- декабрдагы парламенттик кезексиз жыйында баары белгилүү болуп калды. Салык төгүүчүлөрдүн акчалары оңду-солду кетип, Жогорку Кеңештин ичи-тышы криминалдашып, коррупциянын уюгуна айланып кеткени. (Бул биз ойлоп тапкан сөз эмес, бул ошол Келдибековдун ишмердигин иликтеген комиссиянын айтканы)
Ошентсе да, депутаттардын мыйзам чыгаруу ишмердигине көз жүгүртүп көрөлүчү. Бир жыл бою депутаттар мыйзам кабыл алууда мыйзамдуу кворумду камсыз кыла алган жок, айрым күндөрдү эске албаганда жыйын залында катышкан 30- 40 депутаттардын добушу менен кабыл алынып жатып, көп мыйзамдар, токтомдор "токулуп" кете берди. Өгүнү депутат, кесиби юрист Курмантай Абдиев УТРКдан: "жыйынга келбеген депутаттар башка бир депутатка ишеним кат таштап кетет, ошону менен добуш берилет. Ансыз деле мыйзам долбоорун комитеттерде талкуулап, анан аны кабыл алганга макулдук берип жатпайбызбы" - дейт. Бул эмне деген "жаңычылдык"! КРнын Граждандык кодексинин 8- главасында: "Представительство. Доверенность" деп жазылып турат. Мыйзамдын бул главасында өкүлчүлүк, ишеним кат аркылуу алака ( сделка ) жүргүзүүнүн жолдору жөнүндө айтылат. Ал эми депутаттардын добуштары "алака, (сделка) деген маанини бербейт. Алар (депутаттар) кыргыз күйүп айткандай: "бөдөнөдөн көтөн чыгарып" алышкан жеке кызыкчылыктары үчүн. Эми ойду толукташ үчүн Баш мыйзамга келели. Конституциянын 80-беренесинин 4-пунктунда мындай деп жазылып турат: "Мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 3 окуудан кийин кабыл алынат".
Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери, эгерде ушул Конституцияда башкача каралбаса, катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат. Демек, мыйзам чечим кабыл алган учурда жогоруда айтылгандай 50дөн кем эмес жыйында тирүү жан депутат добуш бериши керек. Ишеним кат бул тирүү депутат эмес. Ишеним каттын добуш берүүгө эч тиешеси жок. Ал үчүн ошол эле КРнын Граждандык Кодексинин 200- статьясынын 4-пунктуна келели. Бул статьяда мындай деп айтылыт:
"Не допускается совершение представителя ( по доверенность - авт. ) "сделки", который по своему характеру может быть совершено только лично". Демек, депутаттын добушу ал "сделки" эмес, башкача мааниге, мүнөзгө ээ. Бул юридика факультетинин 1-курсунун студентине деле түшүнүктүү болуп турбайбы. Эгер дагы чайнап берсек, Граждандык Кодекстин бул статьясы Баш мыйзамдын жогорудагы 80-беренесинин 4-пунктуна баш ийип турганы дапдаана эле көрүнүп турбайбы, түшүнгөн адамга. Жогоруда айтылгандай, депутат К. Абдиев: "мызамдарды комитеттерде ансыз деле талкуулап, макулдугубузду берип жатабыз, ошон үчүн бир депутат үчүн башкасы добуш берип жатат" - деп айтканына дагы бир тактоо, Конституцияда: "мыйзам долбоору оболу комитеттерде каралып, анан добушка алынып чыгат" - деп жазылып турат. Эгер К. Абдиев ойлогондой болсо, анда 120 депутатты эл бакпай эле парламентте ар бирине 5 адамдан мүчө кылып, 10 комитетти калтырып баардык укукту ошолорго бериш жолдуу болбойт беле десең, түгөттүкү (!) Бирок, буга Баш мыйзам жол бербейт. Ошол УТРКдагы маегинде К. Абдиев дагы минтип айтып жатат: "Россиянын МамДумасын карасаңар, жыйын залында жарым-жартылай депутаттар отурушат" - деп. Урматту Курмантай мырза, Россия башка мамлекет. МамДуманын депутаттары мыйзам кабыл алаарда сөзсүз кворум түзүшөт. Башка күндөрү алардын депутаттары шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүш үчүн 10 миңдеген чакырым алыска, бери болгондо 2 сутка бою жол тартышат. Кыргызстандын депутаттары эң алыскы аймакка ашып кетсе 6 саат убакытта жетет.
Парламент демекчи, дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинен Улуу Британиянын парламенти классикалык үлгүдөгү парламент болуп эсептелет. Бул өлкөнүн парламентинде биздикиндей добуш берүү үчүн электрондук жабдыктар (кнопка) караманча жок. Ал жердеги депутаттар орундарынан туруп, кол көтөрүп добуш беришет. Добушту кол менен санашат. Маселен, Лейбористер партиясынын эсептөөчү өкүлү Консерваторлордун добушун санашса, консерваторлор партиясынын өкүлү лейбористер партиясынын добушун эсептешет. Англиялык депутаттар кнопкага эмес, тирүү жандын аракетине, көз карашына басым жасайт. Деги эле Европадагы, АКШ, Канада парламентинде ишеним кат менен добуш берүү деген жок. Менимче, дүйнө жүзүндө ишеним кат менен добуш берүү Кыргызстанда гана болсо керек. Кыргызда бир мындай салт бар, кайсы бир адам көз жумуп калса, ал маркумду жакшы тааныган адам мүрзөгө барып, топурак салганга мүмкүнчүлүгү жок болуп калса, анда маркумга топурак салганга бара турган башка бирөөгө "мен үчүн топурак салып койчу" - деп табыштайт. Кыргызчылыктын бул көрүнүшү депутаттарыбыздын ишеним кат аркылуу добуш берүү жоругу так ушуга окшоп жатпайбы… Курмантай мырза, сиз өзүңүз деле көптү көргөн "көп көйнөк жырткан" эстүү, зирек адамсыз. ЖКнын этика комитетин да тейлейсиз. Демек, биздин айткандарыбызды туура кабыл алат го деген терең ишенимдебиз.
P.S. Сөздү жыйынтыктасак, быйылкы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү эч кандай легитимсиз. Бул маселе жаңы Конституциялык палата түзүүлөрү менен коомдук уюмдар, атуулдардан арыздар жамгырдай жаары турган иш. Депутаттар айына 45-53 миң сом алышкан айлыктарын кусушу мүмкүн, эгер Конституциялык палата бул маселе боюнча ишти калыс чечсе...
Жолдошбек Токоев




Кошуналардагы козголоңдон
Нуракебиз өз элине Нураке болбой калабы?
17-декабрда Казакстандын түндүгүндөгү нефтчилердин Жаңы-Өзөн деп аталган чакан шаарында кайгылуу иш болду. Бул күнү Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык майрамына карата боз үйлөр тигилип, майрамдык митинг өткөрүү үчүн аянтта трибуналар орнотулуп баштаган кезде "Жаңы-Өзөн нефтегаз" компаниясынын жумушчулары жогоруда айтылган майрамдык жасалгалардын бир кыйласын талкалап жиберишкен. Андан соң полициялар менен кагылыш болуп, ортодо от чыгып, полиция аларга каршы ок атылуучу курал колдонушуп , бийликтин билдирүүсү боюнча 13 адам шейит кетип, (расмий эмес булактар боюнча андан да көп экени айтылууда) 100 дөн ашууну жарат алышып, ооруканаларга жеткирилген. Сыягы, өлгөндөр менен жарадарлар мындан көп болсо керек. Себеби, Жаңы-Өзөн шаарындагы ооруканаларга жарадарлар батпай, жарадарлар жакынкы Ак Тоо шаарына алынып кеткен.
Медицина кызматкерлери элди кан тапшырууга чакырышкан. Жаалданышкан нефтчилерге башка адамдар келип кошулушуп, шаардык акимияттын имаратын, бир мейманкананы, дагы "Жаңы-Өзөн нефтегаз" компаниясынын офисин өрттөп жиберишкен.
Кан төгүлгөн бул окуянын негизги себеби, жогорудагы компания жумушчуларга 10 айдан бери акча төлөшпөй, миңден ашуун жумушчуларды бошотуп да жиберген. Кор болушкан нефтичилер буга чейин бир нече жолу пикеттерди, митингдерди өткөзүшкөн. Тилекке каршы, мамлекеттик бийлик органдары жана компаниянын ээлери тоготушкан эмес. Жарылуунун себеби бар болгон. Казак бийлиги козголоңчуларды "атайын уюшкан хулигандар, колдоруна бычак, темир буюмдар болгон, коомдук тартипти бузушкан, полицияга каршылык көргөзүшкөн, кол салышкан" - деп актанып киришти, биринчи күнү эле.
Акыйкат сөздү айтсак, бийлик жумушчуларга акыркы чарага барганга жол берген. Ушул эле күнү уюлдук телефондор, интернет байланыштарын казак бийлиги токтоосуз өчүрткөн. Булардын арасында Кыргызстандын "АКИпресс" интернет сайты да кечки саат 20.00дөн кийин Казакстанга чыкпай калган. Казакстандын айрым "саясат таануучу", "эксперт"- деп аталышкан сөрөйлөрү Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуянын себепкери сырткы күчтөр деп чыгышты. Бул пикирди танууга болбойт бирок, кептин баары ошол тышкы күчтөрдүн арамдык менен кырдаалдан пайдаланып, колдонуп кетүүүнө жол берген Н. Назарбаевдин авторитардык бийлигинин кемчилдигинде болуп жаткан жокпу? Жумушчуларга карата курал колдонууга ким жооп берет? Албетте, Н. Назарбаев.
Мындан көп убакыт деле өтө элек, Лондондо, Римде, Париж менен Берлинде, Афинада жана башка шаарлардагы толкуган эл эмнени гана кылышпады, авто унааларды өрттөштү, дүкөндөрдү, башка жайларды талкалап тоношту, полицияларга карата күйүүчү шишелерди тынымсыз ыргытышып, чабуул жасашты. Бирок, Батыш мамлекеттердин бийлиги "элге ок ат" - деп буйрук беришкен жок. Муну айтканыбыз, өкүнүү менен айтканыбыз, элге карата ырайымсыздык менен курал колдонуу Борбодук Азия мамлекетеринин гана жетекчилерине мүнөздүү окшобойбу. Мисалы, акыркы 20 жылдагы тарыхта эле эске салып көрөлүчү: Тажикстанда бийлик талаштан 1994-жылы граждандык согуш чыгып, бул согуш төрт жылга созулган. 2002-жылы А. Акаев Аксыда, 2004-жылы И.Каримов Анжиян шаарында, былтыркы жылы К. Бакиев Бишкекте элди аттырса, эми Н.Назарбаев "чыканагына" чейин адам канына боелду. Тарыхтын туш келгенин караңыз. Н. Назарбаев Жаңы-Өзөндө элин аттырган күнү Казакстан эгенмендүүлүктүн 20 жылдыгын белгилөө алдында турган. Ушул күндүн эртеси Алма-Ата шаарында "Желтоксон" окуясы аталып тарыхка кирген, ( мындан 25 жыл илгери болгон) 1986-жылкы кандуу күндү коомчулук белгилемекчи экен. Ошол "Желтоксончулар" Н. Назарбаевди бийлик тепкичине алып келишкен эмес беле...
(Уландысы 7-бетте)






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«