Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кайран өмүрлөр, жап-жаш барчындай өмүрлөр кимдир үчүн, кимдерге ишенип кыйылган, ов!
"Возвращение блудного сына"
Европадагы "Кайра жаралуу доору" деп аталган маданияттын генийлеринин бири, Фламанддык художник Рембранттын атактуу "Возврвшение блудного сына" деген баа жеткис сүрөтүн далайыбыз эле көрүп жүрсөк керек. Бул чыгарма Евангелиядагы бир баяндын ( притча )окуясынын негизинде тартылган. Ал окуяда бир адамдын кичүү баласы өзүнчө оокат кылам деп, жер кыдырып кетип, адашып жүрүп, жан азыгы түгөнгөндө аргасыз өз жерине, атасына кайтып келет. Евангелиядагы бул окуя качандыр бир доорлордо жазылган. Рембранттын атактуу сүрөтү болсо мындан болжолдуу 350 жыл мурда тартылган.

Муну салыштырганым, өткөн жылдагы кандуу апрелдеги окуялардан кийин жоон топ кыргыздын уулдары "блудный" болуп кетишти эле, кайрадан биринин артынан бири чубап кайтып келе баштады. Мисалы, өткөн жылы бир тууган Темирбаевдер, К. Жороев, Н. Турсункулов, А. Мийбуллаев жана башкалар "адашып" жүрүшүп, аргалары түгөнгөндө кайтып келишкен. Кечээ жакында, Мурат Суталинов сот процесси жүрүп жатканда пайда болду эле, бир күндөн кийин судья Д.Оңолбеков "2010-жылдын 6-апрелинде А. Атамбаевди, Ө. Текебаевди, И. Өмүркуловду, Т. Сариевди, Т. Мадылбековду жана башкаларды зынданга салдыргандыгы, 2010-жылы 7- апрелинде өзүнө караштуу куралдуу "Альфа" тобун элге карата "фас" - деп буйрук бергендиги үчүн "үйүндө сууга түшүп, телевизор көрүп отур" - деп, "үй камагы" деген мыйзамга таяп бошотуп жиберди. Бул жорукка эл "дүр"...дей түштү.
"Мекен Шейиттери" коомдук бирикмесинин жетекчиси жана 7- апрель окуясы боюнча жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариев: "Эл аралык издөөдө жүргөн М. Суталинов жөнүндө Кыргызстандын күч органдары буга чейин "биздеги маалымат боюнча ал Казакстанда жашырынып жүрөт" - деп айтып келишкен. Сыягы, бийликтин башындагы бирөөлөр М. Суталиновго кепилдик берген окшойт. Ким кепилдик бергенин так айта албайм" - деген билдирүү жасады. Мындай ойду укук коргоочу Токтайым Үмөталиева да бышыктады. Бийлик ала -шала түшүп, аптыгып калышты. Аргасызданбы, ( же көз будамайлообу) 2011-жылдын 15-декабрында М. Суталинов "чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн" - деген айып коюулуп, УКМК түрмөсүнө камалды. Бул боюнча коомдогу чон резонанс болбосо М. Суталинов үй камагында кала бериши мүмкүн эле. Чынында, 7- апрель окуясы боюнча оор айып коюлган М. Суталиновго бийликтегилердин эң бийигиндегелерден кимдир бирөөлөр күнөөсүн жеңилдеткенге кепилдик бербесе, мындай кадамга бара албайт эле.
Айта кетүүчү дагы бир жагдай, бийликтен кепилдик болбосо, 7- апрель окуясын териштирип жаткан судья Д. Оңолбеков М. Суталиновду дароо үй камагына чыгаруу чечимин кабыл ала алмак эмес. Ушул сот процесси жөнүндө дагы бир сөз, судья Д. Оңолбековдун судьялык мөөнөтү жакында, 27- декабрда бүтөт экен. Ал өзүнүн укугун узартыш үчүн судьяларды тандоо кеңешинен кайра өтүп, президенттин жолдомосу менен Жогорку Кеңештен макулдук алыш керек, эгер мыйзамдын алкагында деп түшүнсөк. Сот реформасы болсо токтоп, учурда дайынсыз болуп турат. Эгер, Д. Оңолбеков мыйзам жолу менен тандоодон өтпөй, парламенттен бекибей калса, бул 7- апрель боюнча иш башка судьяга берилет. Мыйзам боюнча каралып жаткан иш башка судьяга өткөн соң, ал судья баарын кайрадан баштап териштирүү жүргүзөт. Канкорлордун кесепетинен келип чыккан 7- апрель соттук териштирүүсү ансыз деле бир жарым жыл убакытты алды. Ушундан улам бул ишти бийлик атайын создуктуруп, жабырлануучу тараптарды жедеп чарчатып, аргасын кетирип, анан аларды иштин калыстыгын кууганга чамалары жетпей калганда судьянын колу менен өзүлөрүнө керектүүдөй өкүм чыгартып коюунун амалындай сыяктанат...

Токо Мамбетов




Баса, айтмакчы...
Берген антынан тайышса…
Манас атанын арбагы урсун
2010-жылдын жазында бийликке келген убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ажыдаардан куткарган 90го жакын азаматтын арбагына жалбарып, таазим этип, алардын кыркын белгилеп, куран түшүрүп, "Медиа-Форумдун" имаратынын алдында эстелик тургузуп, Бакиевдер сөзсүз жазаланышаарын, эл үчүн таза, адилет иштеп беришээрин биринен-бири жарышып чыгып айтышкан. "Биз силер менен сыймыктанабыз калайык - калк. Биз болсо силерге мамлекетибиздин өркүндөп өсүшүн камсыз кылууга убада беребиз" деген, Р.Отунбаева ошондо. Ө.Текебаев болсо "Керек болсо биз дүйнөнү өзгөртөбүз" дегенге чейин эргип кеткен. А.Атамбаев "Биз силерге ак иштеп берүүгө, кул болуп берүүгө ант беребиз. Эгер биз уурдасак, бизди Кудай урсун!" деген эле. Андан ары эргиген алар митинг-реквиемдин соңунда үн күчөткүч аркылуу "Манас" эпосундагы "Берген анттан мен тайсам, төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун" деген улуу жана жооптуу сөздөрдү айтып, ант беришкен. Дегеним, ошону алар унутпаса. Манастын арбагын оозго алуу бүгүн бирди-эртең башканы сүйлөгөн саясий сойкулук эмес. Манас улуу нерсе. Кусуруна калбайлы…
Кенжебек Арыкбаев






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??