Калың беттер карапайым элди ойлошобу?
Эмне үчүн Келдибековдон талап кылган отчетту
"эл дегендер" өкмөттөн да талап кылышпайт?
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 2- пунктуна ылайык, өкмөт башчысы жылына бир жолу (жыл аягында) парламентке отчет бериш керек. А. Атамбаев болсо сентябрь айынан баштап президенттик шайлоого катышып, андан кийин бир аптача ишке чыгып, көп өтпөй бир жумалык эс алууга чыгып, андан соң президент болуп кете берди. Анын ордуна убактылуу өкмөттү жетектеп Өмүрбек Бабанов калган. Кызыгы, парламеттик коалицияны түзүшкөн "КСДП", "Республика", "Ата Мекен", "Ар Намыс" фракциялары 16- декабрда Ө. Бабановдон отчет албай, 2011-жыл үчүн өкмөттүн ишмердүүлүгүнө баа бербей туруп, аны өкмөт башчылыгына аттандырганга чечим кабыл алышты.

Ошентип, коалициялык фракциялар Баш мыйзамды каакы катары да көрүшкөн жок. 12- декабрда А. Келдибековду креслодон оодарган жыйында бир топ депутаттар, анын ичинде Д. Ниязалиева айым да мыйзамга таянгансып, экс-спикерди эмне үчүн отчет бербей келесиз - деп такыбады беле. Эми өзүлөрү конституцияны одоно бузушту. Демейде Баш мыйзам оозунан түшпөгөн Ө.Текебаев өкмөттүн отчету жөнүндө "өгүз арамза" болуп үн катпайт отурду. (2006-жылдан баштап кыйкырып келе жаткан "конституциялык реформаңыз" ушул беле, Өмүке!)
Айтмакчы, Ө. Бабановду өкмөт башчылыгына дайындалышына "Ата Мекен" фракциясы да колдошууда. Дегенибиз, жарым жылдан бери Ө. Бабановду туздап келе жатышпады беле, ошол эле "Ата Мекенчилер". Андагы Ө. Бабановго карата айтылган сындар же жалган беле, же Текебаев тек кана өз мүдөөсүнө жетиш үчүн телевизордон апакай кишидей болуп чыгып алып, анда неге коомчулуктун башын башка жака тегеретти? Демек, элдин башын курулай айланткан экен, бул фракциянын депутаттары. Ушинтип түшүнсөк болот да же Ө.Текебаев дагы башка "өзгөчө" пикирин айтып карапайым элдин башына "манту ойнотобу"? Же Текебаевдин жогоркудай тескери кеткенине караганда бул көрүнүштү олигарх Ө. Бабанов "Ата Мекенчилердин" жумурларына кенен жеткидей кулкундарына "бир нерсе" куйуп койгонбу деп түшүнсөк болобу? Анан калса, өткөндө айылдык бир карапайым аксакал күйүп айткандай "кулкундарына бир нерсе куйушмайын, кыргыз бийлигиндегилер элдешчү эмес эле…"
Өкмөттүн отчету бир эле депутаттар үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстандын калкы үчүн керек. Ириде эл баа бериш керек, өкмөттүн 2011-жылдагы ишмердүүлүгүнө. Эгер Ө. Бабанов отчет бербесе, көп нерселер жабылуу боюнча калат. Сыягы, коалициялык фракциялар өкмөттүн "былык" иштери жабылуу боюнча калууну көздөп жатат, сыягы. Эми бул маселени "Ата Журт" фракциясы көтөрүп, Ө. Бабановдун отчетун талап кылышы керек, адилеттик дешсе, жалпы Кыргызстаным дешсе…
Мамлекеттин бийлигинин бир бутагы эмес, чакан мекеменин жетекчиси жыл аягында эмгек жааматына отчет берээри кимге болбосун белгилүү. Ушул тапта өкмөттүн аппараты, министрлик менен агенттиктерди "отчет бергиле" - деп демиктирип жатса керек. Бийликтегилер элди мал катары көрүп, "өз билгендерин кылышып, өтүктөрүн төргө илишип" жатып кырдаалды ого бетер курчутуп, жаз келээри менен таптакыр бийликтен сүрүлүп калаарын көңүлдөрүнө албай жатышкандай…

Күлчоро Кабылов




Калайык -
калкка жарыя!
"Балкыбеков" баарыңарга "белек" бериши мүмкүн
Бакиев тушундагы энергетика министрлери Балкыбеков, Давыдовдор элдин жарыгын өчүрүп, жаңы жылдарды үлпүлдөгөн шам менен тостурушканын кайран эл унута электир. Быйыл да азыркынын "Балкыбекову" энергетика министри А. Шадиев эски коллегияларынын фокустарын көрсөтүп келет. Мисалы, жер-жерлерде, айрыкча Бишкектин жаңы конуштарында жарык өчүү адатка айланды.
Адатта адам кыш камылгасын жазда, жайда көрүшөт. Балыбековдун жолун улантуучулар бул жөнөкөй турмуштук тажрыйбаны өздөштүрүп алган бейм. Калайык калкка жарыя, соода түйүндөрүндө сатуучу шамдан эмитен көп камдап алгыла, жаңы жылга карата, жарыксыз каласыңар катыгүн. Болбосо, Шадиев силердин көбүңөргө "жаңы жылга белек катары" карангылыкты тартуулап коюушу мүмкүн.

Системаңды сенин…
Портфель талашып, байыган элди уктуңуз беле?
Жогорку Кеңештеги жаңы түзүлгөн "Биримдик" аттуу төрт партиядан турган коалияциясына эми бул топтон чыгып кеткен "Ата Журт" фракциясынын министрликтери, агенттиктери менен областык губернаторлордун, райондук акимдердин жана башка мекемелердин портфелдери артат. Муну "Ар-Намыс", КСДПК жана "Ата-Мекен" фракциялары бөлүштүрүп алышат. Мындайды кыргыз элинде "Көчкөндөн отун артат, өлгөндөн катын артат" деп койчу беле. Бирок,карапайым элге эч нерсе артпайт, тескерисинче жүдөй башташат. Портфель талашып байыган элди уктуңуз беле?


Күйдүм чок
Эсеп бары бир 0:0 бойдон
кала берет…
Парламенттеги оппозициялык "Ата Журт" фракциясына эми бюджет жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети тийет. Буга чейин президент А. Атамбаев болсо УКМК алдында "коррупцияга каршы күрөшүүчү топ түзүү" жөнүндө жарлыгын чыгарган. Орус эли "своих не бьют" демекчи, президент өз адамдарынын коррупциясынын эч качан бетин ачып, түрмөгө отугузбайт. Ошол сыяктуу эле "Ата Журтчул" депутаттар деле өз адамдарын коргойт. Кокус, коррупционерлердин бети ачылып калса соодалашууга барышат. Ошентип, эсеп нөл-нөл болуп, коррупция гүлдөй берет, баштагыдай эле.





Хи-хи-хи эмес...
"Ата Мекен" чын эле "Мама Мекенге" айландыбы, же биз ишенген Текебаев ким?
Өткөндө "жумшак рейтинг" менен премьерлик кресло үчүн талапкерликке добуш берилбедиби. Ошондо, "атамекенчи" Равшан Жээнбеков 5 гана добушка ээ болгон. Ал эми аталган партия парламентте 18 мандатка ээ. Бул окуяны партиялашы Өмүрбек Абдрахманов "Бул жерде беш гана добуш алган Равшан Жээнбеков эмес, "Ата Мекендин лидери Өмүрбек Текебаев өзү шылдыңболду", - деп ММК беттеринде жар салды.
Абдрахмановдун айтымында, фракция Жээнбековду колдоп бериш керек болчу, бирок Текебаев жана анын жандоочулары идеялык каршылашы Бабановду колдоону туура көрүшкөн.
Бул көрүнүштү "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Абдрахманов "Текебаев Бабановго сатылып кетти. Парламентаризмдин идеологу катары чыгып аткан "Ата Мекен" реформаторду эмес, Бабановду колдоду" деп ачуу чындыкты, "жоо кетип, кылыч ташка чабылса да" бир бакырып алды...

ЖКда жаңы төрага шайланды
"Ата-Журт" партиясынан сунушталган талапкер Курманбек Осмоновго депутаттар 25 добуш беришип, ал эми КСДП фракциясынан көрсөтүлгөн талапкер Асылбек Жээнбеков 78 добуш менен өлкөнүн жаңы спикери болуп дайындалды.