Жаңы жылга жакындап...
Жаңы түзүлгөн "мурас партиясы курултайын өткөрөт
XXI кылым заманы - буга чейинки адамзат тарыхында эгерим болуп көрбөгөн ааламдык таасирлерге жыш заман. Дүйнө элдеринин ар биринин өзүнө таандык өзөктүү өзгөчөлүктөрүн сактоо, ошол негизде өнүгүү маселеси - өтө курч абал.

"Ааламдашуу ачымы бизге эч канчалык зыян келтире албайт. Бизде бекем калыптанган, өнүккөн, эч убакта бузулбас системалар бар" дешет, жөөт эли. Миллиарддан ашык кытай да түйшөлбөйт, кебелбейт. Орус элинде бул жагынан мамлекеттик, коомчулук деңгээлде аракет күч. "Биз бай түп даракбыз, сырттан алынган баалуулуктар - болгону бүчүр. Өзөк күч өзүбүздө" деп жашап келет, жапан эли. "Бизде жакырчылыктан жабыркаган адам, үй-бүлө болбош керек. Ошондо гана баарыбыздын жашообуз жакшы болот" деген максатты көздөйт, немис калкы.
Биз, кыргыздар - далай даңазалуу да, азаптуу да каар заманды, тар заманды башынан кечирип калыптанган каада салттуу, байыркы бай тарыхы бар элбиз. Маселе ошол кылымдар бою муундан-муунга уланып келген мурас дөөлөттөрдүн - өзөк тамырыбыздын негизинде өнүгүү жолубузду таамай таап, телегейибиз тегиз болуусуна жетишүүдө.
"Мурас" саясий партиясы быйылкы жылдын 15-августунда расмий каттоодон өтүп, мурдатан жылдар бою изденип иш жүргүзүп келген аз гана бир нече атуулдардын аракети өткөн төрт айдан бери партиялык негизде улантылып келет. Түпкү максаты - дөөлөттүү кыргыз мамлекетин курууга, жалпы элдик бактылуу жашоого жетишүү. Кантип? Анын жол-жоболорунун баары иштелип чыккан. Бардыгына так, таамай аныктамалар, негиздөөлөр берилген.
Эртең 23-декабрда Ала-Тоо кинотеатр имаратында I съезди өткөрүлөт. Бардык облустардан өкүлдөр келет. Партиянын Саясий Кеңеши, Аткаруу Комитети, Даанышмандар Кеңеши, Жаштар канаты жана башка түзүмдөр, күн тартибиндеги маселелер макулдашылат.

Кенжеаалы СарыМсаков




Баса айтмакчы...
Келе жаткан жыл Россия бийлигинин негизги көзүрлөрүнүн бири Владимир Путиндин мүчөөлүү жылы...

Ал 1952-жылы 7-октябрда Ленинград шаарында туулган. Өспүрүм чагында жана азыр да спорттун самбо жана дзюдо түрү боюнча машыгып келет. Кезинде монолиттей бекем туюлган СССР КГБсынын алдыңкы чалгынчысы жана офицеры болгон. 1999-жылы 31-декабрда Ельцин күтүүсүздөн президенттик милдетин таштап, ордуна мураскер болуп дайындалган. 2000 - жылы 26-мартта жалпы элдик шайлоо менен Путин Россиянын президенти болуп шайланат жана өлкөнү эки мөөнөттө жетектеген... Учурда Россия федерациясынын өкмөтүн жетектейт. Келээрки жылы В.В.Путин өлкөнүн башкы кызматы үчүн ат салышууга бараарын да жар салды.