Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

"Айгайдын" архивинен
Философская группа "Кристалл" сообщает:
о приходе новой духовной эры человечества, которая начнется с кыргызов
Кыргызы являются спасителями мира и через них будет идти гармония человечеству, сообщила на пресс-конференции в агентстве "АКИpress" представитель философской группы "Кристалл" Рая Хизриева.
Как пояснила она, философская группа из Нижневартовска (Россия) объединила в себе людей, которые получают послания о приходе новой эры человечества, и начаться она должна через кыргызов. С 1997 года, по ее словам, Адам и Ева начали отправлять послания о переходе мира в эпоху "золотого века", который начнется с Кыргызстана.
Перерождение человечества, как говорит она, начнется с кыргызов, так как именно кыргызский народ сохранил в себе чистый ген, первозданную чистоту, гармонию, духовность и жертвенность.
"Кыргызы - это не национальность, а состояние души. Путешествуя по Кыргызстану, мы также переродились и стали кыргызами. Все человечество должно стать кыргызами", - сказала она.
"Сейчас идет очищение от всего иллюзорного и конца света, о котором так много говорят, не будет, просто человечество перейдет в духовную эру. Происходящие катаклизмы и катастрофы связаны с очищением человеческого сознания", - отметила она.
Также, как сообщила Р.Хизриева, на землю пришел Адам, и находится он в горах Алая. Он пришел для того, чтобы объединить своих детей и очистить их.
Участники пресс-конференции призвали кыргызстанцев обращать внимание на свои сны, видения, чтобы раскрыть через послания свой чистый ген, пробудиться и предать гармонию всему человечеству.

26-май, "Айгай-пресс"




Өйдөкүлөрдүн
"арифметикасынан"
Алмаздын катасын
Асылбек тууралап...
Коалициянын атынан көрсөтүлүп жаткан спикердин кызматынан бирдиктүү талапкер Асылбек Жээнбеков "кыргыз эли курама эл эмес" деп билдирди. Муну айтканыбыз, буга чейин азыркы жаңы президентибиз кыргыз элин "курама эл" деп айтып келген. Бирок, чынында эле кыргыз эли эч убакта курама эл болгон эмес. Бул сөз анын талапкерлиги талкууланып жаткан учурда, депутат Мыктыбек Абдылдаев "азыр Кыргызстанда курама эл" деген концепция чыгып жатат. Буга макул болосузбу?" деген суроосунан улам суурулуп кетти.
"Кыргыз эли - эң байыркы эл. Тамырлуу, тарыхы көз арта албаган эл, бул улутту сактап калабыз деп чоң үмүтүбүз бар. Кыргыз эли курама эл эмес" - деди ал.
Ал эми Ахматбек Келдибековдун паспорттогу жарандардын улутун жазууга болгон графага кандай карайсыз деген суроосуна А.Жээнбеков "ар бир жарандарда улутун көрсөтүү, же көрсөтпөө боюнча мүмкүнчүлүк болуш керек" деп жооп берди.
"Кыргыз эли байыртадан салт менен жашап келген. Ата-бабадан келе жаткан салтты "кыргызмын" деген барктуу аталышты жазып коюш керек. Кыргызды кыргыз, башка улутту башка улут деп эч качан унутпай жазып коюш абзел" - деди анда А.Келдибеков.
Айтмакчы, бул графаны жоюп салуу боюнча азыркы президентибиз өзүнүн президенттик кызматына кирип жаткан алгачкы эле минуталарда, инаугурациясында жар салганы эсибизде. … "Я уверен, по примеру США, мы должны в нашем паспорте, вместо графы о национальности написать только одно: гражданин Кыргызстана!"… (А.Атамбаев 1-декабрь. 2011- жыл). Ал боюнча, президенттин ошол жаңылыштыгын "Айгай-пресс" гезитинин башкы редактору К.Арыкбаев гезитибиздин кийинки эле санында "инаугурациядан кийинки ой" деген рубрикасында "Кыргыз деген улутту, анын ыйык туулган жерин чийип салуу маңкурт Жоламан энесин атып таштагандай эле кеп..." деген сын пикирдеги ачык катын президентке гезит аркылуу жарыялаган. А чынында эле кыргыз эли далайлаган кылымдардан бери үзүлбөй ушул күнгө туш келгени анын бекем каада салты, нарк насили экенин азыркы чоңдорубуз эстеринен чыгарбаса экен...

Алтынай Бакирова




Ак чүч!
А.Атамбаев: "Главный враг Кыргызстана - это национализм"
Бишкек (АКИpress) - Главный враг Кыргызстана это националимз, заявил премьер-министр КР Алмазбек Атамбаев сегодня, 29-марта, во время встречи с космонавтами России Салижаном Шариповым и Анатолием Березовым. Об этом 29-марта сообщила пресс-служба правительства.
"Айгай-пресс" 31-март




Улут демекчи...
"Эрден ашмак бар, элден ашмак жок"
"Эрден ашмак бар, элден ашмак жок" дейт элибизде. Эгер чынын айтсак жакшы тилек менен шайлап алган жаңы президентибиздин кадрдык жүрүштөрү, айрым титулдук улутка карата айтылган ойлору далай жарандарыбызды башкача ойго салчу болду. Балким, бул сиздин күнөөңүз эместир, балким сиздин жаныңыздагы акыл кошчуларыңыздын айткандары чыгаар. Анан калса ошол эле карт тарыхыты батырган кайран кыргыз эли "вазир жакшы, хан жакшы" деп таамай айткан кеби бар эмеспи.
Чыныда эле бул жер шаарында кыргыздай мейман дос эл жок болсо керек. Демек, анчалык эле өз улутубузду улутчул деп чочулай берүүдөн оолактасак.
Качан биз, качан биздин жетекчилер башкаларга жагынуучулуктан арылып, улутка чындап урмат кылуу формасын кабылдайт болду экен. Эстеп көрсөк, дүйнөлүк экинчи согуштан кийин, атомдук бомбага улуукканда да, экономикасы эбегейсиз кризиске учураганда да, кечээ жакындагы жер титирөөдө да кабагым кашым дебей бир муштумга түйүлүп, кайрадан келечеке ишенимдүү кадам таштап баратат, Жапон эли. Эмне үчүн, анткени аларда улуттук дух өтө күчтүү ...




Расмий демекчи...
Жаңы өкмөттүн курамында премьер-министр, 4 вице-премьер-министр, 41 мамлекеттик орган болот
19-декабрда өткөн коалиция жыйынында Кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн долбоору боюнча баяндама жасаган премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун берген маалыматына караганда, жаңы долбоордо биринчи кезекте учур талабы менен өлкөнүн экономикалык абалы эске алынды. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын иши менен кызмат адамдарынын санын оптималдаштыруу, бюджеттик каражатты үнөмдөө чаралары да каралууда.
Долбоорго ылайык, тармакташ жана жармакташ мамлекеттик органдар бириктирилүүдө. Ошону менен бирге, көпчүлүк мамлекеттик мекемелердин штаттык бирдиги кыйла кыскарууда. Анын жыйынтыгында Өкмөт түзүмүндө мурдагы 20 тармактык министрликтин ордуна 15 министрлик менен комитет түзүү сунушталып жатат.
Анын курамындагы премьер-министрден, экономикалык блок боюнча биринчи вице-премьер-министрден, реалдуу сектор жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министрден, социалдык блок боюнча вице-премьер-министрден, вице-премьер-министр - өкмөт Аппаратынын жетекчисинен сырткары, КР өкмөтүнө бардыгы 41 мамлекеттик орган - министрликтер, комитеттер, агенттиктер, инспекциялар, кызматтар, фонддор, комиссиялар, институттар карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.





Мактанба, өкмөтүм!
Өңгөлөр кетип,
өздөр калабы?
"Айгай-пресс" - Ө. Бабанов кечээ эле айдан түшүп келгенсип, айтып жатканын баамдасаңыздар. Андай болсо Бабанов өткөн жылы эле А. Атамбаев менен бирге өкмөттүн курамын эпсиз кеңейтпеш керек болчу. Бирок, өкмөттүн курамын кеңейтиш алардын өздөрүнө керек болгон. Парламенттик шайлоодо чуркагандарды кайсы бир жерлерге орноштуруп, убадаларынан кутулуш керек эле. Жогоруда кыскара турган 3260 адамга бюджеттен бир жыл бою 100 миллиондогон сом ашыкча каражат кетти - десек жаңылыштык болбойт. Эми мамлекттик кызматкерлерди кыскартууда эки маселе келип чыгат. Биринчи маселе, КРнын Эмгек Кодекстине ылайык жумуштан кыскаргандар үчүн эки айлык эмгек акысын төлөп бериш керек. Бул миллиондогон сом. Экинчи маселе, мамлекетик мекемелерде кыскартууга туш келгендер артында жөлөгү жок, бирок мыкты, тажрыйбалуу адистер болот. Мындай көрүнүш кыргызбайчылыкка өнөкөт болуп калган. Акылдары кем, билими тайкы, тажрыйбасы жок, бирок артында таянычтары барлар иштеринде кала беришет...
Мындан ары мыкты адистердин мамлекеттик кызматка келүүсү өтө кыйын. Кызматка "мурду маңка болсо да" парламенттеги фракцияларды түзгөн депутаттардын, өкмөткө келгендердин жек жааттары гана ишке алынат… же андай эмеспи…

Кенжебек Арыкбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«