Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Башталдыбы!
ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ ПАРЛАМЕНТТИН ТОКТООСУЗ ТАРАТЫЛЫШЫН ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТЫШАТ
Кыргызстандын түштүк борборунда жана Ош облусунун райондорунда Жогорку Кеңешти таратуу жана Кыргызстандын Баш мыйзамын чукул арада өзгөртүү талаптары байма-бай көтөрүлө баштады. Ага ылайык партиялык тизме боюнча парламент курамай токтотулуп, депутаттар эми жер-жерлерден шайланып келиши керек дешүүдө. Биз алардын айрымдарынын ой пикирлерин угууга аракет кылдык.


"ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАСЫН!"
Чынара САЛИЕВА, Карасуу районунун тургуну: - Азыркы парламент дегеле болбой калды. Ар кимиси өз партиясынын көйгөйү менен гана алектенип, карапайым калктын негизги түйшүгүн таптакыр унутуп калышты. Эгерде депутаттар мурдагыдай округдардан шайланып келишкенде, чынында, элден кичине ийменишет эле. "Эртең сөзсүз сурашат!" деп, кур дегенде аймактардын муң-зарын трибунадан байма-бай көтөрүп турушмак. А азыр балээниби? Ар кимиси өзкөмөчүнө күл тартып,ошону бүтүрүү менен гана алек.


"Парламент калыстыктан тайыды"
Айдарбек БЕЛЕКБАЕВ, Алай районунун тургуну: - Ушул тапта Кыргызстанда эл ишенген бийликтин бир дагы бутагы калган жок. Парламентти анык кудай урду! Эң өкүнүчтүүсү: калыстыктан биротоло тайыды. Андыктан, токтоосуз таратылсын! Эгерде өз эрки менен антишпесе, түндүк-түштүк эли эми анык биригип, бүгүнкү бийликке каршы тегиз көтөрүлөт. Катуу эскертип коеюн, анда эле баары чатагына айланат. Эл деген - суу. Анда токтотуш чындап кыйын болуп калат…


Мындай "акмакчылык" Акаевдин тушунда болгон эмес
Базарбай СӨЛПИЕВ, коомдук ишмер, Ош шаары: - Мен дагы жогорку пикирге кошулам, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаев президенттикке шайланган күндөн тартып калыстыктан биротоло тайыды. Бийликти жалан "социал-демократтар" жана "республикачылар" басып алышты. Мындай "акмакчылыкты" Аскар Акаевдин тушунда дагы көргөн эмеспиз. Президент Атамбаевдин тарапкерлери түштүктүн жалаң тыңчыкма кыз-жигиттерин жыга чабуу үчүн дал ушундай кутумду уюштуруп жаткандай. Мындан ары көрөсүздөр, Алмазбек Атамбаев каалаганын кылат. Бара-бара Баш мыйзамды өзгөрттүрүп, өзүнө бийликтин көбүн ыйгарып, эл тагдырын чүкөдөй калчай тургандыгы билинип калды. Ага улай Жогорку Кеңешти куурчакка, мындайча айтканда, кол баласына айлантат. Азабын дал ошондо куп тартасыңар!


Өкмөт тарабынан эл үчүн кайсы маселе чечилди?
Тургунай АЙТИЕВА, "Ош шейиттери" коомдук бирикмесинин төрайымы: - Турмуш өзү тастыктабадыбы, өзү Кыргызстанга, чынында, парламенттик башкаруу дегеле жарашпайт экен. Андан көрө мурункудай эле депутаттар жалаң округдардан шайланып келүүсү кажет. Ансыз аймактардын көйгөйү Жогорку Кеңеште дегеле көтөрүлбөйт дагы, Өкмөт тарабынан маселелердин бири дагы чечилбейт, туугандар!




Өй, не дейт?
Кайрадан толкундоолор
башталабы?
Учурда экс-президент Р.Отунбаева баш болуп, калаа менен айылдагы карапайым эл дагы акыркы бийлик оюндарына болгон нааразычылыктарын "ат тезеги кургай электе эле" ар тараптан билдире баштады. Минтип отурсак жаз алды менен да тынчыбаган окуяларга тушугат окшойбуз. Өйдөкүлөрүбүз бир кезде (оппозицияда жүргөндө) мисалы А.Атамбаев "Ак үйгө киргендердин баары эле ажыдаарга айланып кетеби?" деп кейигендей, биздин азыркы "ум, честь, совесттерибиз" жылуу креслолорго отурганда эле чыны менен эле эшиктеги элди унутуп калышабы?
Баса айтмакчы, ушул сыяктуу пикирлерин бир кездеги Убактылуу өкмөттүн төрагасынын экс-орун басары Азимбек Бекназаров да "Вестиге" төмөнкүчө билдирди: "Биз Конституция боюнча жашашыбыз керек. Андай болбосо кезектеги элдик толкундоолор башталат. Эгерде өлкөнүн саясатчылары бийлик үчүн дагы эле Конституцияны буза беришчү болсо, келээрки элдик толкундоолор алыс эмес. "Кыргызстандын Конституциясында "мырзалык" жана "жашыруун макулдашуу" деген пункттар жок. Биздин саясатчыларга кызыкчылык боюнча эмес, мыйзам боюнча жашоого убакыт келди. Коалициялык макулдашуу өлкөнүн негизги мыйзамын бузуу менен жазылды. Анда коалицияга депутаттар эмес, фракциялар гана кире алат деп жазылган. Бийликти алыш үчүн парламенттегилер бардыгына барып жатышат, ушул мени кооптондуруп жатат". А чынында эле айрым учурда биз ММКлар А.Бекназаровду далай сындаганыбыз менен, ал мырзанын бул жолку айткандарында чындыктын чоң үлүшү жатканын сезээр бекенбиз...
Бекназаров демекчи, буга чейин "чээнге кирип кеткен аюдай" үн катпаган Азикебиз акыркы учурларда кайрадан саясий аренада үнү катуу чыга баштады. Кечээ да кайсы бир маалымат каражатына берген маегинде "Эгер парламент тарап кетсе, мен анда эки эмес, төрт колдоп колдойт элем" деген пикирин билдириптир.
"Булар бардыгы биригип, шайлоочулардын 36%ын эле алышкан. Калган 70 пайызга жакын шайлоочулар бул депутаттарды шайлаган эмес. Ушундан улам, өткөн парламенттик шайлоо легитимсиз эмеспи деп да ойлоп кетебиз. Анын үстүнө, ошол убактагы шайлоо, согуштан кийинки шайлоодой болуп, кыйын кырдаалда өткөрүлгөн" - дейт А.Бекназаров, ошол маегинде. (Анда эмне үчүн ошол кезде бүгүнкүдөй ачуу айкырыгын салып чыкпады десең - ред. )
Анын айтымында, Кыргызстанда да башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй 50%дан көп добуш алган күчтүү партия келсе, бийлик бөлүштүрүү маселеси токтомок экен.
"Эгер парламент тарай турган болсо, мен абдан сүйүнүп колдойт элем. Бирок, "Ата-Журт" партиясы парламентти таратууга баралбайт. Анткени, алар көп акчаларын коротуп келишкен. Андан тышкары, эмки парламенттик шайлоодо кайра жеңишке жетеби-жетпейби, бул белгисиз. Анын үстүнө, чөнтөктөрүнөн акча чыгарып, жалаң бизнесмендер, чөнтөгү калыңдар келген. Алар жөн эле көчөдө калгысы келбейт" - деп кошумчалаптыр.

"Айгай-пресс"






"ЭЛ ТАЛАБЫН СӨЗСҮЗ ЖЕТКИРЕМ!"
Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков борбордук аянтта чогулган элдин алдында чыгып сүйлөп, төмөндөгүдөй убадасын узаткан эле.
- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мен эзели элден качкан жигит эмесмин. Мына, азыр деле минтип кашыңыздарда турам. Бирок, ачыгын айтып коеюн, ар бир кыймыл-аракетибиз мыйзам чегинде болууга тийиш! Элдин пикири менен ар кыл деңгээлдеги бийлик сөзсүз эсептешет, - деди губернатор Сооронбай Жээнбеков. - Ошондуктан, мен Сиздердин бүгүнкү суроо-талабыңыздарды Бишкектеги Акүйгө толук бойдон жеткирем.


Редакциядан: Бул сүрөттөр балким жогорку айтылган ойлордун балким өзөгү болуп чыгаар. Сүрөттөр, ЖКнын экс-төрагасы Ош жергесине келгенде тартылган. Андагы элдик пикирлер да ошол учурларда айтылганын эскерте кетебиз.







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«