Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

А-уу, жаңы оппозиция?
"Билим берүү ийне менен кудук казгандайбы", же Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башчысы Ниязова ошол орунга татыктуубу?

"Айгай-пресс" гезити өтүп бара жаткан жылдын илим, билим, медицина тейлөө тармагында, саясатта, көркөм өнөрдө, бизнесте жана башка тармактарда мыкты адамдарды тандап, газета бетине коомчулукка билдирип коелу- деген максат менен, 2011-жылдын 15-декабрындагы санында жарыя кылган элек.
Ошол эле учурда ар кыл тармактардын министрликтерине да телефон чалып: татыктуу талапкерлериңер болсо көрсөткүлө - деп өтүнүп көрдүк. Муну айтканыбыз, "Жылдын эң мыкты мугалими" - деп кимди атаар элеңер? - деп Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башчысы Ниязова Айнагүл деген айымга телефон чалсак: "Айгай-пресс" деген гезитти билбейт экенмин деп жооп берди. Бул сөздү уккан соң, ачык айтсак кандайдыр бир жан дүйнөдө жыйрылуу пайда болду. Жашырганда не, ошол биз кеп кылган, азырынча балким аз бирок саз интеллектуалдуу адамдар үчүн "Айгай-пресс" газетасы ушак-айыңдарды тыңшоочулардын эмес, дал ошол интеллектуалдык чөйрөдө жакшы абройу бар экенин айтып өткүбүз келет. Тилекке каршы, болгондо да мамлекеттин борбор шаарынын билим берүү тармагын жетектеп отурган А. Ниязова бул газетаны билбегени өтө өкүнүчтүү. Бир чети окуянын дал ушундай өңүттө болгонуна курсант да боло түштүк, себеби, билим башындагы мындай адам чын дилден бизге, татыктуу мугалимди тандап бере албаарына көзүбүз жетти…
Бишкек шаарынын мектептеринде окуучулардын ата-энелеринен акча жыйноо, кызылдай акча менен окуучуга тигил же бул мектептерден орун берүү өнөкөткө айланып, окуучулар арасында кылмыштуулук көбөйүп жатканынын бир себеби - коомдук турмушка кайдыгер, бирок, артында бийликтеги тирек-жөлөгү бар мектеп директорлорунун, жогоруда сөз кылган билим берүү департаментинин жетекчиси А. Ниязова сыяктуулардын кесепети эмей эмне? (Мындан эки-үч ай мурун болсо керек, шаардын жаңы конуштарынын биринде жашаган бир ата-эненин КТР аркылуу арыз арманын көрүп калган жайыбыз бар. Анда ал эне айтып жатат, балдарына зордоп концертке билет алууну сунуштап жатканын, жаңылбасак аталган концертке Россия эстарда чеберлеринин бири келсе керек эле, Бишкеке)
Баса айтмакчы, ушул кезде Бишкек шаарындагы атактуу делген 6-мектептин директоруна финполиция тарабынан кылмыш иши козголуп отурса, биздин "каарманыбыз" ордунан былк эте элек. Эске сала кетсек, А. Ниязованын түздөн-түз жетекчиси Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүкуловдун колунан бир кезде "Айгай-пресс" газетасы түшчү эмес эле, эми ал борбор шаарга мэр болгондон бери терс "каарманга" айланып, аталган газетанын бетинен түшө элек. Таң калганыбыз ошол, А.Ниязованын "сүйөп тайоочусу" кезинде өзүнүн, ал тургай анын уулу жөнүндө "керемет" иштери гезитибизге тынбай жазылып турса кантип "Айгай-пресс" гезити жөнүндө укпасын десең. Адатта, андай нерселер бат жетет эмеспи.
Редакциядан: Учурда парламенттик оппозиция жаңылана турган болуп турган чагы. Муну айтканыбыз, парламенттик жаңы оппозиция А. Ниязова сыяктуулардын ишмердүүлүгүн, билимин текшерип көрөөр деген ойдобуз. Канткен менен баарыбыз эле айтып келебиз го, "балдар биздин келечегибиз, аларга татыктуу билим беришибиз керек" деп…
"Айгай- пресс"




Кышкы чыйрыгуу
Учук оорусун ойлогон жан барбы?
Бул жарык дүйнөнүн бир бети караңгы да, бир бети жарык. Бул сөз астрономиялык мааниде айтылып жаткан жок. Кеп адам жашоолору жөнүндө болуп жатат. Ушу заманда тагдырдын катаалдыгы, бирөөлөрдүн жалаасы, адилетсиздиги менен бей күнөө адамдар түрмөдө отурса, чындап түрмөгө отуруучу адамдар бийликте тайраңдап жүрүшөт. Быйыл түрмөдө отурушкандардын туугандары 2 жолу Бишкекте митинг өткөзүштү. Бири жайкы аптада болсо, экинчиси өткөн аптанын акырында болду. Мындай акция бекер жерден болуп жаткан жери жок. Кыргызстандын жазык өтөө жайларына "жылаан жаткылык кылбасын!"- деп келишет, баштарынан бул жайлары көрүп келгендер.
Кечээки митингде да ушул өңүттө ойлор сыздап да, боздоп да турду, го.... Көрсө, жазасын өтөп жаткандарга бир баштык оокат киргизиш үчүн, бул жайлардын кызматкерлери 50 сомдон 100 сомго чейин акы алышып, дагы ырыстуу тамактарынын жарымын жеп коюшуп, калганын берет экен. Индиянын улуу философу Махадма Гандинин мындай деп жазганы бар. "Кандай гана жан кечти болбосун, ал баары бир айого арзыйт" - деп. Азыркы "рынок", "демократия" деп аталган жаңы заман коомдун бир чөйрөсүн ашынган ачкөз кылып , бул ачкөздук башкаларга тумоодой жугуп, адамзаттын улуу баалуктарынын бири гумандуулук - деп аталган түшүнүктү унуттуртуп койду…
Түрмөлөрдө нечен ирээт отуруп келишкендер айтып жүрүшөт, жазык өтөө жайларында азыркыга караганда совет доорунда алда канса жакшы болчу дешип. Себеби, түрмөлөрдө заводдор иштеп, эмгек акынын кандайдыр бир пайызына ошол жайдагы дүкөндөн майда -чүйдө алып, кадимкидей балдарына алимент төлөп турчусуң дешет. "Иштеп жүрсөн ден соолукка да жакшы болчу, убакыт да тез өтчү" дегендеричи. Азыр болсо түрмөлөр эмес, сыртта заводдор жок. Учук оорусу көп. Мунун себеби, эмгектин жоктугунан. Ушунун кесепетинен азыр түрмөдө отругандарын иммунитети начар. Алардын айткан арыз-муундарында калет жок. Учук оорусу эпидемиясынын очогу так ошол азыркы Кыргызстандын жазык өтөө жайларында. Бул маселеге баш оорутчу жетекчи да калбай калгандай…

Ногойбай Султанов




Күн турмуш
Ошто көмүрдүн
баасы кымбаттап
жатат
Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Ош облустук бөлүмүнүн маалыматына ылайык, азырынча бааларды бир калыпка салуу боюнча иш-чаралар эми гана башталды. Көмүр сатып ала албай, үйүн электр энергиясы менен ысыткан үй-бүлөлөрдүн акыбалы оор. Анткени, облустагы айылдарда гана эмес, шаарда да күн сайын электр жарыгы өчүрүлүп жатат. "Ошэлектро" ААКнын жетекчилиги анын себебин кышка карата жарандар тарабынан даярдык начар экендиги менен түшүндүрүп келишет.
Маалыматка ылайык, көмүргө болгон баа көмүр карьерден казылып алынганына карата коюлат. Мисалы, Кызыл-Кыяда 6 сомдон башталса, Сүлүктү көмүрү 8-9 сомдун тегерегинде сатылууда.

("Баракелде")





Аалам алкагында
Адамзаттагы
улуу
гуманисттер
Мурда дүйнө элдерине бүдөмүк болуп келген Американын тышкы мамлекеттерге болгон жүзү кара саясатын атактуу "Викликс" интернет сайты аркылуу ачыкка чыгарылганы жалпыга белгилүү. Бул сайттын негиздөөчүсү Джулиан Ассанджка АКШнын Борбордук чалгындоо башкармасындагы (ЦРУ), АКШнын куралдуу күчтөрүнүн штабы болгон Пентагондун жашыруун сырлары камтылган 10дон ашуун материалдарды, анын ичинде Американын баш кесерлери тарабынан Иракта, Ооганстанда бей күнөө адамдардын өмүрлөрүн кыйышкандыгы тууралуу видео сюжеттерди берип жүргөн катардагы жоокер Мейниг Брэдлиге "мамлекетке чыккынчылык кылган" - деген айып коюлган эле. Эми бул иш сотко өткөнү турат. Бул статья боюнча М. Брэдли өлүм жазасына тартылат. Мүмкүн жаш адамга кечирим берип, күнөөсүн жеңилдетээр - дегендер да жок эмес.
Ошол эле учурда М. Брэдлиге жеңилдик берилиши күмөн, себеби президент Б. Обама бул экс-жоокерди: "чыккынчы" - деп атаган, сот ушул сөздүн алкагында өкүм чыгарат деп так кесе айткандар да арбын. Мейнинг Брэдли колго түшкөндө, аны түрмөдө эмес башка жайда камашып, нечен кордуктарды көрсөтүшүп, ырайымсыздык абалда камашкан. Ушундан улам эки ой туулбай койбойт. Биринчи ой мындайча: Канча кылса да Америкалыктарда (карапайым адамдарда) чындык үчүн өмүрүн сайгандар да бар экен, М. Брэдли сыяктуу. Экинчи ой: АКШ бийлиги тынымсыз "адам укугу" - деген лозунгду көтөрүшүп, ооздорунан түшүрүшпөй, бизге окшогондорго үйрөтүп, дарс окуп келишет. Эгер, АКШ бийлиги эки жүздүү болбосо өлүмгө, же өмүр бою түрмө жазыгы буйрулганча М. Брэдлиге адам катары мамиле кылышат эле го. Кандай болсо да Дж. Ассандж менен Мейниг Брэдли тарыхта адамзаттагы улуу гуманисттери катары калаары шексиз.






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«