Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кызмат эмес, КЫРГЫЗСТАНДЫ ойлойлу!
Суу Кыргызстандын башкы байлыгы !
Анда эмнеге Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитеттин маанисин түшүнбөйбүз? Ушул жана башка суроолор менен
Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу ЗИЯДИН ЖАМАЛДИНОВ менен маек курдук.

- Зиядин Исламович, жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн долбоорунда сиз жетектеген Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети кайрадан жарымы Айыл чарба министрлигине жарымы Энергетика министрлигине кошулат сыяктуу. Буга сиз кандай карайсыз?
- Албетте азыр суу чарба комитетинин мелиорация тармагын Айыл чарба министрлигине дарыя-бассейндер тармагын Энергетика министрлигине бир башкармалыктын деңгээлинде кошкону жатат. Бул структуранын долбоорун түзгөндөр менимче алар кыргыз эместер. Мен ойлойм, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде абдан билимдүү жана мекенчил адамдар отурат. Алар бул маселени чечкенде бүгүнкү мезгилдеги кызмат орундарын эмес Кыргызстандын эртеңки келечегин терең ойлонушат деп ишенем.
Кыргызстандын 90 пайыздан ашуун аймагы тоолордон турат. Мунун өзү Кыргызстан кошуна өлкөлөр үчүн ири суу бассейндерин жаратуучу мамлекет болуп саналат. Бул деген Кыргызстандын негизги байлыгы болгон сууну жаратат жана аны башка өлкөлөргө берип турат.
Суусуз Кыргызстан гана эмес Орто-Азия жашоосу кыйын болуп калаарын дүйнөнүн эли алда качан түшүндү. Бирок бул түшүнүк илимий негизде аныкталып иш жүзүндө Кыргыз мамлекети тарабынан кубатталбай жатканы канчылык өкүнүчтүү?
- Эмне үчүн колдоого алынбайт деп жатасыз?
- Анткенимдин себеби төмөндөгүчө. Бүгүнкү мезгилде Суу чарба жана Мелиорация боюнча мамлекеттик комитетте 5000 миңге жакын адам эмгектенип, алар өлкө аймагындагы 6000 км ден ашык стратегиялык каналдарды, көзөмөлгө алып иш жүргүп жатышат. Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтары сыяктуу жүздөн ашуун суу сактагычтарда жыл сайын миллиарддаган куб суулар топтолуп, ал аркылуу бир-нече мамлекеттин эли жашоосун улантат. Булардан сырткары 107 насостук станция суу чыгарса, 5000 миңден ашуун суу алуучу жана бөлүүчү гидро курулмаларда биздин комитеттин жумушчулары жана кызматкерлери иштеп келе жатышат. Айтканга оңой болгону менен бул багытта биздин комитеттин гана эмес Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз элинин алдында жасай турган иштер арбын. Кыргызстандагы суу чарбасы биздин мамлекеттин экономикасын көтөрө турган тармак. Ал мамлекеттин негизги байлыгынын булактары катары көздүн карегиндей сакталууга тийиш.
- Сиз жетекчи катары салыштырып көрдүңүзбү, суу чарба тармагы Айыл чарба министрлиги менен биригип турганда кандай абалда болду?
- Кандай болмок эле, колхоз-совхоз кандай кыйраса суу чарба тармагы да ошондой эле кордуктарга дуушар болду. Совет доорунда курулган канчалаган каналдар, насостук станциялар, бетон арыктары чарбасыздыктан жана талаш тартыштардан кыйрап каралбай калды. Бир эле мисалды айтайын Балыкчыдан чыгып, Кочкорду көздөй баратканда тоонун арасындагы Кызыл-Омпол деген кыйрап жаткан айылды көрдүңүз беле? Мындан 10-15 жыл мурда Кызыл-Омполго эки кабат үйлөр салынып, Кызыл-Омпол тоо арасындагы шаарча эле. Бүгүн ал жерде бир үй да бүтүн калбай талкаланды. Көрсөң зээниң кеийт. Талкаланган шаарчанын жок болуп кетиши анын жанындагы Кызыл-Омпол насостук станциясынын талкаланып каралбай калышына байланыштуу болгон. Миңден ашуун адамдар жашаган бул шаарчаны жок кылгандар, насостук станцияны талкалагандар бүгүн кимдер экени белгисиз, жооп берген да адам болбоду. Дал ушундай окуялар Суу чарба департаменти Айыл чарба министрлиги менен кошулуп турганда болбодубу.
- Жаңы түзүлүп жаткан өкмөткө кандай сунуш айтат элеңиз?
- Кыргызда "эл башы болгучу суу башы бол"деген сөз бар. Кудайдын кудурети менен Кыргызстан Орто-Азияда суу башы өлкө болуп калганына тообо дейли. Бирок биз суу башындагы элбиз,жербиз деп, колдо бар алтынды баалабай жатабыз. Бүгүнкү күндө кошуна өлкөлөрдө суунун тартыштыгы байкалып жатат. Андыктан Кыргызстан суу чарба жана мелиорация тармагын илимий жана стратегиялык негизде бекемдеп өркүндөтүүсү зарыл.
Дагы бир мисалды айта кетейинчи, бир литр бензиндин баасы 40 сомдун тегерегинде болсо, 1,5 литрлик суулар 20-30 сомдон болуп жатканын көрүп турабыз. Эмне үчүн биз бензинден кем эмес суубуздун баркын, наркын өркүндөтүүнү ойлобойбуз. Башканы башкадай көрсөк да суу чарба тармагына өзгөчө көңүл бурчуу мезгил келди.
Жаңы өкмөттү түзүү мезгилинде кызматты эмес Кыргызстанды ойлойлу.
Мен бул сөздү мекенчил сезим менен айтып жатам. Кимдир бирөөлөр министрлик креслого жармашып жаткандай ойлобосун. Бул тармакка ким жетекчи болсо да Кыргызстандын суу чарбасы анын негизги байлыгы катары ар тараптан өркүндөп өсүшү керек. Мен ишенем, парламенттик бийлик Кыргызстан үчүн суу адам өмүрүндөй кымбат экендигин билет жана аны сактап өркүндөтөт.





Улуунун сөзүн угасыңарбы?
МЕЙРАЖДИН ЗУЛПУЕВ. Мамлекеттик жана комдук ишмер,
Суу чарба тармагынын ардагери,
"Кыргызсуудолбоор" ачык акционердик коомунун төрагасы
Кыргызстандын суу чарбасы-экперимент болуудан качан токтойт?

Жаңы каолиция, жаңы өкмөт түзүлүп жатат дегенден улам атайын ушул кайрылуумду коомчулукка айткым келди.
1966-жылы Москвадан гидромелиорация институтун аяктагандан бери 45 жыл Кыргызстандын Суу чарба тармагында жетекчи кызматтарды аркалап келе жатам. Эмне деген гана тармактарда иштебедим. 2 жолу министрдин орун басары, 2 жолу Суу чарба министри, бир жолу Кыргыз өкмөтүнүн вице премьер министри, бир-нече суу чарба жана курулуш тармактарынын начальниги болуп иштедим. Ушул жылдарда Кыргыз элине, кыргыз жерине ак кызматымды арнап эмгектендим.
Менин көз алдымда Кыргызстандын суу сактагычтары, миңдеген чакырым каналдары курулду. Менин көз алдымда суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети канча ирет айыл чарбасына биригип, канча ирет ар-кандай статустарга алмашты. Мен ошол окуялардын баарына саресеп салсам, суу чарбасын абдан эле жүдөтүп койгон учурлар көп болуптур.
Акыркы 14 жылда суу чарба тармагы айыл чарба министрлигине кошулуп анын жашоосу экинчи максатта каралып келди. Ошол мезгилде канчалаган насостук станциялар талкаланып, каналдар каралбай калды. Натыйжада миңдеген га жерлер суугарылбай абалы начарлап, агромелиорациянын талабы бузулгандыктан айдалбай калды. Мындай көрүнүш мамлекетке чыккынчылык жана саботаж катары каралууга тийиш.
Бүгүн жаңы өкмөттү түзүп жаткандар кайра дагы суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетин, эки минстрликке бөлүп, коомдогу ролун төмөндөгү жатат. Бул туура эмес. Кыргыз баласы, мекенчил адам мындай иш кылбайт. Кыргызстан агрардык өлкө болсо, Кыргызстан Орто-Азия жана Казакстанга суу берген мамлекет болсо, анан кантип суу маселеси кайра да айыл чарбасына биригиши керек.?.
Суу Кыргызстандын бирден-бир стратегиялык байлыктарынын бири. Аны эч качан атрка түртпөй алдыга чыгарышыбыз керек.Түркмөнстан нефтиси менен, Өзбекстан пахта, газы менен, Казакстан өнөр-жайы менен, Кыргызстан таза мөңгүлүү суулары жана мал чарбасы менен даңазаланган. Эгерде биз мамлекеттин суу чарба тармагын көтөрө албасак, анда эч качан алдыга жылбайбыз.
Ким суу чарбасына адал кызмат кылса, кудай ага суудай өмүр, суудай улуу касиеттерди берет. Ким сууга кастык, пастык кылса ал кыргыздын, Кыргызстандын душманы. Анткени суу чарба бул мамлекеттин артериясы катары өзгөчө маанилүү тармак. Аны колдогондун ордуна кордоп бөлүп жаруу, Кыргызстандын келечегине ачык айкын каршылык кылуу дегенди гана билдирет. Айланайын эл суунун баркын билели, сууну сыйлайлы, суунун наркын көтөрөлү ошондо кыргыз өсөт.


Маектешкен Илязбек Балташ









кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??