кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"

п»ї

Учурда, 7-апрель күнү "Ала-Тоо" аянтынын батыш жагына, 2010-жылы кандуу окуяда диктатуралык бийликтин огунан курман болгон 90 дон ашык баатырдын эрдигинин урматына эстелик тургузулуусу жүргүзүлүүдө. Аталган эстеликтин бийиктиги7 метр .
Бул эстеликтин идеялык чечилиши сүрөттөгү макетинде көрүнүп тургандай адал, ак күчтөр кара күчтөрдү ураткандыгы эмгектин негизги өзөгүн түзөт. Эстелик - монументтин ак түстөгү плитасына 7-апрелде курман болгон баатырлардын ысымдары чегилет. Деги эле 7 санын кыргыз эмес, дүйнө элдери ыйык сан катары баалап келет.
Бул эстелик - монумент түшүнгөн адамга XXI кылымдын башындагы кыргыз элинин эркиндиктин, эрдиктин символуна ар бир адам таазим кылуучу ыйык жайга айланышы мүмкүн. Бирок, эч качан адамдын бир тамчы да каны бейкүнөө төгүлбөшү, мындай монумент курулбашы керек деп тилек кылаар элек..

"Айгай-пресс"
(Аталган эстеликтин авторлору туурасында 5-бетте)












??.??