Кечир, кеменгер!
Бийликтин бийлик мунарасында отурган бир да чиновниктин оозунан, эгер түз айтсак ушул эгемендиктин пайдубалын түптөгөн Жусуп Абдрахманов жөнүндө бир да ооз сөз чыкпайт. Эмнеге, эмне үчүн?

Жусуп Абдрахманов - Кыргызстандын өткөн кылымдын 20-30- жылдарында өзүнүн жемиштүү ишмердиги, таштын уюлундай уюган уюштуруучулук таланты менен өз элинин бакубатчылыгына жана улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышына зор салымын кошкон мамлекеттик жана саясий залкар ишмер... Муну эч ким тана албайт.

Ал профессионалдык жогорку даярдыгы, жетекчи катары табигый таланты, алысты көрө билген саясий көсөмдүгү менен кескин айырмаланат...
...Анын Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышындагы зор салымын эч унутууга болбойт. 1922-жылы Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча эң алгачкылардан болуп демилге көтөргөн. 1924-жылы Каракыргыз автономиялуу облусун түзүү иштерин жетектеген. Кыргыз АССРине союздук республика статусун берүүнүн максаттуу жана өтө зарыл экендигин ар тараптан негиздеген. Жусуп Абдрахмановдун ошол улуу эмгеги текке кетпеди. 1936-жылы Кыргызстан союздук республика болду.
Ж.Абдрахмановдун бул жеңиши - өз алдынча кыргыз мамлекетинин түзүлүшү, анын союздук республика катары статуска ээ болушу, 1991- жылы эч кандай саясий чайпалып-төгүлүүсүз Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүн жана күнкорсуздугун жарыялоонун укуктук негизи боло алды. Бүгүн биз ушуну түшүнүшүбүз керек эле.
Кайран Жусуп, кеменгер Жусуп, кечир бизди! Балким, кийин келечек муундар сенин баркыңды түшүнчү, ардактап алчу күн келээр. "Көздүү мончок жерде калбайт" дейт эмеспи, кыргызым!
Кенжебек
Арыкбаев

Түй, жүрөккө!
Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген, киндиги калган бүтүп тоо менен, жылдыз менен! (Табылды Муканов)