Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 2

Эмне үчүн?
Эмне үчүн биздин жетекчилер Ж.Абдрахманов жөнүндө бир да ооз сөз айтканга жарабайт, эмне үчүн?
Жазганбыз, жаза да беребиз…
Көөдөн караңгы, намыс караңгы…
Ошентип, быйылкы жылды билермандарыбыз "Курманжан Датка жылы" деп атады. Андагы (ал кездеги) айым президент Р.Отунбаева өзү барып катышып келди, ал тойго. Буга эч ким каршы эмес. Ырас, Курманжан Датканын кыргыз тарыхында өчүрүлгүс орду бар. Аны эч ким тана да албайт. Бирок, эгемендигибизге 20 жыл толгон быйылкы жылы, (акыркы жылдары ынтымагыбыз ыдырап, акылы бары, жогу деле бийликке жулунуп жаткан кезде, "сен куйрук, мен куйрук" болуп бөлүнүп турган абалда, өлкөбүздө болуп жаткан оор учурда,) ошол эгемендиктин негизги түптөөчүсү болгон Жусупту бир да чоңдорубуз эскербеди. Ал жөнүндө улуу кеменгердин эмгеги жөнүндө "Айгай-пресс" гезити дээрлик бир жылга жакын убакыттан бери сандан-санга какшап жазып келдик. Аттиң десең, "жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап" дегендей, өкүнгөндө эмне, ошентсе да ушул жыл (үстүбүздөгү) "Ж.Абдрахманов жылы" деп аталса жарашпайт беле, атаганат...?
Өз өлкөсүн терең сүйгөн, ал үчүн өмүрүн да аябаган андай улуттук лидерлер жүздөгөн жылдарда бир жаралаарын келечек муундарга аңыз кылып айтып, чоңдорубуз анын басып өткөн өмүр жолуна, иштеген ишине түздөнсө, балким бүгүнкү оор абалдан эртерээк чыгып кетет белек... Балким, ошол улуу инсандын өмүр жолу бүгүн биз тыгылып жаткан абалга өрнөк болуп, андан сууруп чыкчу улуттук идеологиянын уңгусу болмок беле дейсиң, түтөгөнүңдө! Анан да азыркы "ум, честь, совесттердин" жасаганын көрүп туруп…
Улуттук кеменгер жөнүндө, анын быйыл 110 жылдыгы экен, маселе көтөрбөйсүңөрбү деп далай аттуу-баштууларга, акылдуубуз деген айрым интеллигенция өкүлдөрүнө канча кайрылдым. Абдрахмановдун ысымына жамынып, өзүнчө фонд ачып, күпүлдөп жүргөн анын көлдүк жердештерине да бардым. Беш манжага толбогон эки-үчөөсүн айтпаганда, дээрлиги унчугушпады. "Улуу сөздө уят жок" дейт, кур дегенде баланын чочогундай болгон эки сап эскерүүсүн жазып койгонго кудуреттери жетпеди. Андан көрө алар алты жылкы сойсо, андайды аке көтөрүп, ошол жерден уча жегендерине курсант болуп жүргөндөрү артык окшойт деп калдым. (Минтип мурун да жазгам, азыр да жазып жатам- авт. ) Же "улуттук" деген түшүнүк аларга мокочо көрүнөбү, түшүнө албадым. Бул деген "мекенчил" деген эле түшүнүк го? А, эмне мекенчил болуу кылмышпы? Балким, Жусуп улутчул болгон деп көлөкөлөрүнөн коркушуп жаткан чыгаар. Анда бийлик үчүн баарына баргандар бийлик мунарасында бийликке "мас" болгондор ошол күнүмдүк жыргалы үчүн айтпайбы ачык эле, "Жусуп улутчул болгон. Биз аны даңктай албайбыз, коркобуз, бийлигибизден шыпырылып калабыз" деп. (Мисалы, оппозицияда жүргөн кезде Э.Каптагаев кеменгерди оозунан түшүрчү эмес эле го? Кызматка барганда талкан "сугунуп алганын" көрбөдүкпү).
Мурда да жазганбыз, жаза да беребиз, эгер андай ойлогондорго - мекенчил болуу бул кылмыш эмес! Керек болсо дүйнөнүн мен деген адамдары улутчул болушкан. Бүгүн баарыбыз окуп-билген Пушкин, Лермонтов, Достоевский, Ломоносов, Шолоховдор улутчул болгон эмеспи? Алардын ар бир жазганында өз улуту алдыңкы саптарда турган. Өткөн эле санда жазгам, азыр да кайталап өтөм, керек болсо бир кезде Путин (анда Россиянын президенти болчу- авт. ) дал ушул орус классиктеринин адабияттарынын 50 томдугун далайлаган нускада мамлекет эсебинен чыгарып, аны бекер тараттырган. Мунун өзү В.Путин мырзанын улуу орус эли өз маданиятын билсин деген камкордугу эмей эмне? Керек болсо апрель революциясында курман болгондордун дээрлик баардыгы мекенин берилип сүйгөн, жөнөкөй, карапайым үй-бүлөөнүн уулдары болгон. Мекенин чексиз сүйгөн ошол азаматтарга миң мертебе таазим!
Кыргыз табиятынан меймандос эл. Эч качан башка улутту кемсинтип көргөн эмес. Азыр да алты кыргыз чогулуп, арасында бир орус отурса тигида түшүнсүн дегенчилик кылып анын тилинде сүйлөшөт, (Кокус Прибалтикадай же Россия менен Украинадагыдай такыр баштар бизден да чыкса эмне болмок. Бирок, кыргыз эч качан андайга барбайт, сый тамагы болсо аны баласынан биринчи коногуна берет. Же жалганбы?
Өткөндө "Ата-Мекенчил" Ө.Абдрахманов деген депутат кабинетине чакырып алып, "сага эмне батыштын идеологиясы жакпайбы, эмне эле Батышты жамандайсыңар" деп ызырынып атпайбы. Батышыңды жамандаганыбыз жок, бирок, ар улуттун улуттук идеологиясы болмоюн ал өлкө өнүгүп өспөйт десем, укчу түрү жок. Бир кезде Хрущевчосунан батинкесин чече калып үстөлүнүн үстүн чапкылап кирсе болобу… Мына, элита сөөрөйүбүздүн жүзү.
Эгер андайлар арданбай укса, чынында эле саясат менен бийликке "кул" болгон бүгүнкү эрендерибиз учурда абдан жүдөштү, элди да жүдөттү. Бүгүн ошол эрендерибизде лидерликтин башкы сапаты болгон айкөлдүк, жоомарттык, мекенчилдик барбы деги? Мударис Кусейин агайым айткандай бүгүнкүдөй оор учурда бүгүнкү жол башчыларыбыз "эл журтунун, жеринин бүтүндүгүн жана анын кемибестиги үчүн такай кам көргөн" улуу саясий жана мамлекеттик ишмер, улуттун лидери Ж.Абдрахмановдой инсандардын басып өткөн жолуна түздөнмөйүн, бүгүнкү балчык жолдон чыгып кетүү мүмкүн эмес...








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_8.htm on line 29