Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 2

Таттуу чындыкты көрө албадым
Жараткан,
сен кайда элең?
20 - кылымдагы Немец адабиятынын классиктеринин бири, Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрих Белльдин "Где ты был, Адам?" деген повести бар, дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган. Бул повесть дүйнөлүк экинчи согуш окуяларын баяндайт.

Ушул атактуу чыгармада мындай бир эпизод бар. Согуш учурунда бир орус солдаты курчоодо калып, немецтерге колго түшөт. Сурак жүргүзгөн немец офицери ага мындай суроо берет: - Сен эмне үчүн согушуп жатасың?
- Мен, Ата-Мекенимди коргоп согушуп жаттым эле, эми минтип колго түшүп, сурак берип жатам - дейт орус солдаты. Анда немец офицери тигини ойлуу тиктеп туруп, мындай дейт: - Сен Ата-Мекениңди эмес, сен советтик системаны, коммунисттик идеяны, Сталиндин чексиз бийлигин, анын кошоматчыларын коргоп жатып, колго түштүң - деп басып кетет. Орус солдаты бул сөздү угуп, катуу ойлонуп калат. Немец офицери да өз бөлмөсүнө барып, ал дагы Гитлер, анын бир ууч тобу үчүн элдин каны суудай агылып жатканына жаны кейийт. Бирок, өзүнүн аргасыздыгын сезип шалдырап отуруп калат…
Өткөн жылкы, кандуу 7- апрель окуясы да жогоруда айтылган эпизодко окшоп кетет, баамдаган адамга. 7- апрелде куралсыз миңдеген элдер Ала-Тоо аянтында куралдуу бийлик менен бетме-бет беттешти. Кан суудай агып, азаматтардын өмүрлөрү кыйылды. Нечендери өмүр бою майып болуп калышты. Булар өлүмүнө кайыл болуп, эмне үчүн күрөшүштү эле? Эртеңки жакшы жашоо үчүн, нечен жылдар бою элдин ырыскыларын талап тоногон мителер түрмөлөрдө отуруп жазасын алышып, уурдагандарын кайтарышат, бийликке таза адамдар гана келет - деген зор үмүт менен күрөшкө чыккандыгы айныксыз! Бирок, ошол максаттардын көбү аткарылбай, Генрих Беллдин чыгармасында айтыгандай, Сталиндин бийлигин, ал түзгөн системаны коргогон орус солдатынын абалындай, Гитлердик фашисттик иделогияны коргоп жүрүп, нечендердин бей күнөө канына забын болгон немец офицеринин окуясындай кеп болуп калган жокпу дегиң келет экен.
7- апрелдеги эл, чынында өзүлөрүнүн келечеги үчүн эмес, кыргызды кыйла жыл тоногон паракорлорлордун, бизнесмен аталышкан шылуундардын, эки жүздүүлөрдүн, арамдардын, саткындардын бийлике келиши үчүн күрөшүшүптүр, атаганат.
Өткөн жылы ошол кандуу окуянын түнүндө, андан кийин 8-9-апрель күндөрү ооруканаларда кансырап жаткандарга кан тапшыруу үчүн жүздөгөн карапайым адамдар Бишкектеги кан куйуу борборуна агылып барып жатышты. Бир канча күн өткөндөн кийин 7- апрелде октон аман калышкан азаматтар кан куйуу станцияга барышып, Акаев, Бакиев бийлигинин убагындагы атка минерледин, бизнесмендердин, ошол күндөрдөгү "Убактылуу өкмөт" - деп аталган топтун кимиси кан тапшырганын иликтеп көрүшсө, бир да бирөө басып барып, бир тамчы кан тапшырбагандыгына өкүнүп жүрүштү. Өмүрлөрү бычактын мизинде, кылдын учунда турганда жөн эле адамдык парс үчүн бир тамчы канын аяшкан азыркы бийликтегилер кыргызга күйөт - деп кепил боло алабызбы? Кайран элдин улуу үмүттөрү акталбай келет. "Эртен элди жыргатам!" - деп жаткандар өткөн жылы карапайым эл жабыла кан тапшырып жаткан 8 -9- апрель күндөрү кайда элеңер? Эгер элди жыргатаарыңар чын болсо бир тамчы каныңды аябайт элеңер го?
Жазуучу Г. Белльдин чыгармасынын лейтмитивинде: "адамзат бири бирин кырып жатканда "где ты был, Адам?"- деп, адамзаттын түпкү атасына жооп берүүгө мүмкүн болбогон суроо берет. Мен да бул залкар жазуучу сыяктуу : өткөн жылы эл толкуп, кан төгүлүп, кайрадан эле "эки жүздүүлөр" бийлике келип баштаганда - жараткан сен кайда элең, эгер адилеттигин, калыстыгын, кең пейилдигин чын болсо дегим келди…
Жолдошбек Токоев








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_7.htm on line 32