Мөөнөтсүз митинг башталып…
ОШТУКТАР: "ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАСЫН!"
Ош шаарынын борбордук аянтындагы нааразычылык акциясы али басаңдачудай эмес. Алардын сабына кошулагандардын саны күн өткөн сайын калыңдап баратат. "Президент Алмазбек Атамбаев эл пикири менен токтоосуз түрдө эсептешсин!", "Жогорку Кеңештин күнү бүттү. Тарасын!" деген ураандар Ош шаарынын борбордук аянтында тынбай жаңырып турду. Биз андагы чогулган элдердин айрымдарына собол таштадык.
Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков Бишкектен атайы учуп келди.

Айдарбек БЕЛЕКБАЕВ, Алай районунун тургуну: - Негизги талабыбыз - Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев парламенттен жоголсун! Дегеле өлкөбүздө биз ишенген бийликтин бир дагы бутагы калган жок! Парламентти анык кудай урду. Андыктан, тарасын! Антишпесе, түндүк-түштүк эли биригип, бийликке каршы эми анык көтөрүлөт!

Бекмырза ЭРГЕШОВ, Ош шаарынын тургуну: - Жөн койсок, өкмөтчүл массалык маалымат каражаттары бүт Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков криминалдык чөйрөнүн анабашы Камчы Көлбаев менен жолукту деп жар салышты. Бул аралыкта улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети эмне эшек такалап жүрүптүрбү? Андай кыйын экен, кримавторитет Көлбаевди Ысык-Көлдө дароо кармап, анан жар салышпайбы? Ошондо биз да чындап ынанып, унчукпайт элек.

Базарбай СӨЛПИЕВ, коомдук ишмер, Ош шаары:
- Анчалык эле эр экен, Жогорку Кеңештин атайылап кулатылган төрагасы Акматбек Келдибековго жөнсүз тиш кайраган Өмүрбек Текебаев баш болуп мына алдыбызга келсин! Эгерде антишпесе, акыркы ирет эскертип коеюн, мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт! Көрдүңөрбү, азыркы Атамбаевдин бийлиги түштүктүн тыңчыкма жигиттерин чекесинен жайлат атат.

Тургунай АЙТИЕВА, "Ош шейиттери" коомдук бирикмесинин төрайымы:
- Турмуш өзү тастыктабадыбы, өзү Кыргызстанга куралган парламенттик башкаруу дегеле жарашпайт экен. Андан көрө мурункудай эле депутатттар жалаң округдардан шайланып келүүсү кажет. Ансыз аймактардын көйгөйү Жогорку Кеңеште дегеле көтөрүлбөйт дагы, Өкмөт тарабынан маселелердин бири дагы чечилбейт дагы, туугандар!


Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош шаары





Ахматбек Келдибеков:
"УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ СОО КАЛБАЙТ!"

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков Оштун толкуган тургундары менен жолугушуусунда дал ушунтип эскертти.
- "Былтыркы июнь коогалаңын иликтөөгө али чекит коюла элек. Ошогезде улуттар аралык жаңжалдын алдын алууга жарабаган Убактылуу Өкмөттүн жана анын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги сөзсүз каралат. Ал эми өзбектерге автономия убада кылган убада дагы дыкаат иликтенет. Албетте, мен төрагалыктан кетсем да, жөн жатпаймын! Катардагы депутат катары көптөгөн максаттарымды жүзөгө ашыруу ниетим бар. Ошондо дагы Сиздер мага бүгүнкүдөй тирек болуп берээриңиздерге терең ишенем!" - деди Акматбек Келдибеков Ош шаарынын борбордук аянтында туруп. -





Дейт, десе эле...

Жогорку Кеңештин кызматкерлери, депутаттары кыргыздын илимий, маданий интеллигенциясынан артык кызмат кылып жиберишиптирби?

Ошондо "эжекебиз" минтти: "Жогорку Кеңештин кызматкерлери спецбольницадан (Президенттин иш башкармалыгына караштуу дарылоо саламаттыкты чыңдоо бирикмеси) бекер дарыланышы керек. Кымбат баадагы дарыларга кызматкерлердин акчалары жетпейт. Парламент 2010-жылы спецбольницага 5 миллион 770 миң сом которуп берген, кызматкерлердин маяналарынан дагы 2%ы ФОМСга ( милдеттүү медицина камсыздоо фонду) төлөнүп жатат" - маанисинде.
Чынын айтсак ансыз деле Жогорку Кеңештин депутаттары кудайдын эркелериндей эле жүрүшөт. Элдин эсебинен. Эми катардагы кызматкерлери дагы таптакыр бир сом коротпой дарыланыш керек экен, эгер Талиеванын айтканына такалсак.
Керек болсо жогорудагы оорукананы азыр пенсияда жүрүшкөн карапайым курулушчулар эле курушкан. Бул атайын оорукананын кызматынан ошол адамдар пайдаланбай эле жүрүшөт. Ал эмес депутаттарга караганда элге эмгеги көбүрөөк сиңген, ооруканага бекитилген нечендеген академиктер, эл артистер, эл жазуучулары дарыны бекер бергиле - деп догурунбай эле жүрүшөт го? Же Жогорку Кеңештин кызматкерлери, депутаттары кыргыздын илимий, маданий интеллигенциясынан артык кызмат кылып жиберишиптирби?
К. Талиева айтып жаткан 5 миллион 770 миң сом элдин акчасы, Жогорку Кеңештин кызматкерлери бел оорутуп, кол жоорутуп тапкан акчасы эмес. Эгер толук түшүнбөстүр десек, ал эми ФОМСга которулуп жаткан 2% акчанын кайда кетээрин К. Талиева, кашында отурган ЖКдагы коллегасы медицина, социалдык меселе боюнча комитеттин жетекчиси Д. Ниязалиевадан сурап, жакшылап түшүнүп алуусу абзелго дейбиз...

"Айгай-пресс"


Айтмакчы...
Камила Талиева деген ким?
Ал "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Ф. Куловду жөөлөп таштап, 14 депутаттын колдоосу менен фракция лидери болуп чыга келген. Азыр да Камила Талиева деген айым мурда ким эле, кайда иштеди эле? деген суроолор эл ичинде пайда болууда. Иликтеп көрсөк - бул депутат айым кадимки эле өткөн бийликтин "сүймөнчүктөрүнүн" бири дешет.
2005-жылы мартта, Жалал-Абаддын эли көтөрүлгөндө К. Талиева ошол кездеги лидер Бакиевди катуу колдоп, кийин ошол эмгеги үчүн Жалал-Абад областынын социалдык маселелери боюнча губернатордун орун басары болуптур. Өзү тейлеген тармакта жаш балдар ууланышып, (отравление) ошондон улам болсо керек ээрден шыпырылып, бир аз бош жүрүп, анан өткөн жылкы революцияга чейин президенттин администрациясында иштептир. Туулган жери Баткенден болсо, түшкөн жери Сузактан экен.