Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 2

Ой, то-боо!
Аскарбек акылыңа жараша "ышкырсаң" боло?..
Кечээ жакында эле Энергетика министри "Кабар" маалымат агенствосунда маалымат жыйын өткөзүп момундай нерселерди божурады:

… Быйлкы жылдын 11 айында "Түндүк электро" тейлеген энергия тармагында 12 миң 176 авариялык өчүрүүлөр болуптур. Мунун себеби, калк энергияны арбын колдонуп жатыптыр. Айрыкча 3 фазалык эсептегичтер энергияны арбын колдогондон улам, Бишкектиктердин ашыкча колдонуусу жылдагыдан 45%га жогорулаптыр...
Болуптур, министрдин айтканы туура деп коелу. Анткени, Убактылуу өкмөт кезинде популисттик кадамдарга барып Бишкектиктерге 3 фазалуу эсептегичтерди колдонууга уруксат берип койгону бар. Калыстык үчүн айталычы, негизинен 3 фазалуу энергияны кимдер колдонот? Албетте кафе, ресторан, сауна, казино жана хан сарайда жашагандар. А бирок мунун кесепетин калктын жарды катмары көрүп жатат. Кедейде кайдагы 3 фазалык линия бар дейсин. Министр мырза жыл башында ушуну эске алыш керек болчу. Дагы бир жагдай - бийликтегилер, бизнесмендер жыл сайын эмес, ай сайын байыгандан байышып, бир жыл ичинде 3 фазалуу линия колдонулуучу нечендеген курулуштарды, коомдук тейлоо жайларды, тигүү цехтерин куруп жиберишти. Демек, энергияны керектөө өстү. Министр А. Шадиев жөнөкөй арифметика менен ушуну эсептеш керек эле. Тилекке каршы муну да эске албаптыр. А. Шадиевдин айтымында быйылкы жылы 600 трансформатордык подстанциялар орнотулуп, ал чыгымдар Дүйнөлүк Банктын каражатынан каржыланып, андан 400 миң доллар үнөмдөлүп калган экен. Бирок, министр Дүйнөлүк Банктын канча суммадагы каражатынан жогорудагы доллар үнөмдөлгөндүгү жөнүндө ныпым ооз ачпады.
Сөзүнүн акырында А. Шадиев калкка карата: "энергияны үнөмдөгүлө, болбосо авариялык өчүрүүлөр боло берет" - деп акыл айтты. Калктын жарды катмары министрдин акылысыз деле билишет, энергияны болушунча үнөмдөөнү. Энергияны эсепсиз колдонуп, ал үчүн ашык акча төлөөр акчалары жок карапайым калк эмес. Кеңеш болбосо кое калгырдыкы. Президент А. Атамбаев А. Шадиевди кеңешчи кылып алса болчудай, бул жигиттен "баа жеткис" акылдар чууруп турат экен. Айта кетүүчү бир сөз - 3 фазалуу эсептегичтердин акчасынын бери дегенде 50% казнага эмес, "энерго барондордун" чөнтөгүнө кетет. Бул коррупциялык схема дагы эле гүлдөп жатат дегендик демей эмне.
Алтынай Бакирова




хи - хи - хи эмес…
Ниязалиева вице-премьер министр болобу?
...Ошентип А. Келдибеков ээрден шыпырылды. Өткөндө жазганыбыздай чындап эле эми парламенттин төрагалыгына "КСДП" фракциясынан Асылбек Жээнбеков көрсөтүлгөнү калды окшойт. (Албетте, аталган орун боюнча "Республика" фракциясынын өкүлдөрүнөн да келип калышы жөнүндө кеп сөздөр кенен эле айтыла баштады)
Ал эми жаңы өкмөттүн вице-премьерлигине дагы эле "КСДП" фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиеванын ысымы каңкууланып жаткан экен. А. Атамбаевдин бул стратегиясы ишке ашса, анда Жээнбеков Бакиев тушундагы Айтибай Тагаевдей болпойуп отуруп берет окшойт, парламенттин төрүндө. Бирок, бул жигит оппозицияда калабыз деп жаткан "Ата Журтчуларга" туруштук бере алаар бекен? Бир эле Ж. Жолдошова эмнеге гана татыбайт. Кокус чын эле андай болуп кетсе, "Ата-Журт" оппозицияда калса А. Жеенбековдун желкесинен алып уйпалап коер бекен, бир айдын эле ичинде.
Ал эми Д. Ниазалиева вице-премьер болуп калса, ал түздөн түз тейлей турган оорукана, бейтапкана ичиндеги бош жерлерге бир сом ижара акы төлөбөй, өзүнүн аптекаларын жайнатып жибериши мүмкүн эмеспи?
"Жакшы көргөн балаңды базар көрсөтпө" - деп кыргыз айткандай, бизнес адамын мамлекеттик кызматка жолотпош керек эле, депутатар чын эле элди ойлонушса...

"Айгай-пресс"




Дейт, десе эле...
Жогорку Кеңештин кызматкерлери, депутаттары кыргыздын илимий, маданий интеллигенциясынан артык кызмат кылып жиберишиптирби?

Эсиңиздерде болсо керек, (2011-жыл 3-ноябрь) мындан бир айча мурун "Ар-Намысчыл" депутат айым Камила Талиева Жогорку Кеңештин кызматкерлерине камкор сөзүн көтөрүп чыккан. Ал жөнүндө арадан ай өтүп кетсе да андагы окуяны эстеп жатканыбыз, депутат айым көтөргөн атайы ооруканада биздин кызматкер да болуп, даарыланып чыкты. Бардыгын өз көзү менен көрдү. Ошондон улам, ушул сөздөр айтылууга аргасыздык кылды. Кыргызда "сөз учурунда айтылбаса, сөз атасы өлөт" деп койчу беле. Анда кеп төркүнүн ошондон улайлы.
(Уландысы 5-бетте)




Ак ийилди, бирок, сынбады
"Мегаком" курмандыгы кутулду
Ала-жазда баш прокурор К.Байболов башында, Ө.Бабанов кашында турган "Мегаком" чатагы эсиңерден чыга электир, окурман. Мына ошол чуулгандуу фактыда "Акыйкатчы" А.Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид Коптлеуовдун да ысымы аталып, (Компаниядан оңбогондой каражат алган таризинде айыпталып) бир кезде шефи жаткан УКМКнын жер төлөөсүнө бир топ ай жатып чыккан. Бирок, бир жылга жакын соттук процессте Аликенин жардамчысына коюлган айыптардын бири да далилденбей, өткөн аптада Бишкек шаардык соту тарабынан толук акталды. Буга дейре да ушул эле иш менен Биринчи Май райондук соту тарабынан акталган. Керек болсо соттук көрсөтмөдө "Акыйкатчы" жигиттер компанияны карактабай эле коргоп бергендиги тастыкталган. Ошентип, саясий буюртманын курмандыгына айланган Рашид Коптлеуов кутулуп, кудуңдап жүргөн учуру.

Калыбек Бейшекеев






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_4.htm on line 52