Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 2

Мораль, нрава, уят-сыйыт дегендерге
Бир жыл ичинде "КСДПчылыр" менен "Республикачылардын" "Ата Журтчуларга" болгон
"махабаттары" небак өчүп, эми "Ар Намысчыларга" ашык боло башташыптыр…
же
Ордо оюну,
анын эрежелери жөнүндө…
Мындан туура бир жыл мурда Парламентте "Ата-Журт", "КСДП", "Республика" фракцияларынан түзүлгөн коалиция жаңылана турган болду окшойт. Себеби, бир жыл ичинде "КСДПчылыр" менен "Республикачылардын" "Ата Журтчуларга" болгон "махабаттары" небак өчүп, эми "Ар Намысчыларга" ашык боло башташыптыр. Бул "сүйүү" деле орустар айтмакчы "брак по расчету". Баягы эле байлык, мансап талашмай. "Брак по расчету" ушундай максатта түзүлөт эмеспи...
Коалиция - демекчи, өткөн кылымдын аламааты болгон дүйнөлүк экинчи согушта Германиялык фашизмге каршы биргелешип күрөшүү үчүн, 1943-жылы Крымда 3 державанын лидерлери АКШ президенти Ф. Рузвельт, Улуу Британиянын премьери У.Черчил, СССРдин жетекчиси И. Сталин декларацияга кол коюшуп, жогорудагы 3 мамлекеттин коалициялык армиялары 1944-жылы Германияга каршы 2 - фронт ачышып, бир жылга жетпей фашизмдин ташын талкан кылышкан. Бул эми олчойгон тарых деп коелу. Ал эми кыргыз бийлигинин коалициясы кимдин ташын талкан кылаар экен? Сыягы "элдин тапкан ташыганын үзүп-жулуп… жеп ичишип, мамлекетти карызга батырышып, кен байлыктарын жең ичинен сатышып, ташын талкан кылганы жатышкан" окшобойбу. Бирок, мындайлар дагы улана турган болсо 2010-жылкыдай эл жыл айланбай толкуп кетип, коалициянын өзүлөрүн чилдей бырпыратып таратып жибериши мүмкүн. Себеби, өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаал элди ушундай абалга жетелеп бара жаткансыйт. (Өлкөнүн бюджети болсо 22,4 миллиард сом тартыш.) Акча менен чечилүүчү маселе арбын. Коңшу мамлекеттер улам "гайканы" бурап жатат. Анын үстүнө ызага уугуп турушкан парламенттеги "Ата Журт" фракциясынын жана дагы башка депутаттар президент А. Атамбаевди, анын "КСДП" фракциясын, "Ата Мекенчил" Ө. Текебаевди талуу жерден кармашып, Убактылуу өкмөттүн тушундагы банктардагы уурдалган , "Өлкөнү стабилдештирүүгө сарпталды" - делинип, жок болуп кеткен миллиондогон долларларды кайра козгошуп, түштүктөгү окуяларга жол бергендер алигиге чейин жоопко тартылышы, өзбек сепаратистеринин, К. Көлбаев менен А. Анапияевдин "туш тарабын кыбыла" - деп качырылышын тынымсыз көтөрүп чыгара бериши, күтүлүүдө. Ошентип, бийликтеги ырк ого бетер ырбайт…
Кыргыздын "Ордо атмай" деген оюну тээ илгери дал бийликтин ордосуна байланышкан окуялардан келип чыккан. Бул оюнда "жыдыкей" деген эрежелер бар. Азыркы парламенттеги партиялар "жыдыкей" эрежесинде турушат. Калктын арасында азыркылардын абройлору күн эмес, саат сайын түшүп бара жатат. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо мандат ала албай калышкан "Акыйкат", "Ак Шумкар", "Бүтүн Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Замандаш" сыяктуу саясий партиялар эртедир-кечтир, мүмкүн күздөгү парламенттик шайлоого эмитеден камына берсе болот. Жогорудагы аттары аталган (азыр парламентте эмес) саясий партиялар абалак калчап, азыркы ордодогу чириген "чүкөлөрдү" чимирилтип, чийинден чыгара атып таштаганга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Аны өйдөкүлөр кылган иштери менен өздөрү ошого мүмкүнчүлүк түзүп жатышат.
Мамлекеттин Конституциясында, мыйзамында таркалып кеткен парламенттин экс-депутаты кайра шайлоого катыша берет. Бирок, Ордо эрежесиде - ордонун чийининен сыртка атылынып чыгарылган чүкө кайра чийиндин ичине - ордого салынбайт. Улуттук ордо оюнунун эрежеси күчтүү бекен же азыркы мыйзамдардын эрежелериби? Муну айтканым Ордо оюнун дагы бир эрежесинде абалак кармап туруп, жерге түкүрүп койгон адам бир саамга ордо атуудан ажырайт. Мунун себеби, ал түкүргөн адам өзүнүн адепсиздигин көрсөтүп, ордону сыйлабады, түкүрдү - деген айыпка кириптер болот. Азыркы кыргыз бийлигинин ордосундагылар жерге түкүрмөк турсун, не деген абийирсиз, адепсиз иштерди жасашпайт, бирок эч жоопкерчилик тартышпайт. Ордо оюнунун эрежелери бийликтин ордосуна байланышкан окуялардан келип чыккан - дедим эле жогоруда. Байыркы кыргыздардын хан ордосунда жүрүп, кандайдыр бир туура эмес иштерди жасашса ал адамдар ордодон чыгарылып, кайра ордого киргизилген эмес. Бул эреже ордо оюнундагы чийинден сыртка абалак менен атылып чыгарылган чүкө сыяктуу. Ошондуктан, мен кыргыз элиме айткым келет эле, шайлоочулар кыргыздын кылымдык турмушунан келип чыккан ордо эрежесин колдогону туура болоор, эгер парламенттик шайлоо болуп калса…
Жолдошбек Токоев




Боже, божомол...
Тараза ташы кимге оойт?
Кечээ парламент жыйыны мурдагыдан да тынч өттү. Жалпы депутаттар күн тартибиндеги иштерин регламенттин негизинде алып барышты. Бирок, бир байкалганы - Жогорку Кеңеште көзүр делген он чакты депутат көрүнгөн жок. Байкашыбызча, алардын айрымдары Ак үй ичинде, айрымдары Ак үйдөн тышкары жерлерде жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү, ачык айтканда соодалашуулар менен алек болуп жүрсө керек.
Ал эми ошол эле Ак үй менен Көк үйдүн ичинен агылып чыккан айрым маалыматтарга таянсак, өлкөнүн премьер-министрлик жана ЖК төралыгына да дайындоо жумшак рейтинг аркылуу өткөрүлөөрү айтылууда. Мисалы, ЖК төралыгына Камиля эжебиз Талиева катуу чуркап жүргөнү жөнүндө каңшаар кеп ачык эле айтылууда. Андан тышкары бул орунга Марат Султанов, Жусупжан Жээнбековдун да ысымдары айтылып жатат. Ал эми баш бакандык кресло үчүн негизинен Өмүрбек Бабанов, Нариман Түлеев, Равшан Жээнбековдордун талапкерлиги коюлары жөнүндө коюу кептер көбүрүп жаткан чак.
Ушундай айың кептерден кийин "өзгөчө экономикабыз эңшерлеп турган мезгилде кандай адамдын премьер-министрликке келүүсүн каалайт элеңиз?" деген суроо менен Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдарга собол таштап көрдүк. Жалпысынан айтылган пикирлердин дээрлиги башбакандыкка Н.Түлеевдин келишин туура көргөндөрүн билдирип, аталган инсанга экономикабызды өргө сүйрөп кетчү мыкты менеджер экенин белгилешти. (Бул туурасында ой пикирлер гезитибиздин кийинки санында.) А бирок, качан болсо, кайсы доордо болбосун аксарай оюндары чоң интригалар менен коштолуп келген. Андай көрүнүш аталган эки үлкөн кызматты талашууда да чоң ыкмаларын көрсөтүшү мүмкүн (жердешчилик, бийлик жетекчилерине айтылган жеке кызыкчылыктагы кеңештер, ж.б. саясаттагы миң кырдуу оюндар ар кандай өзгөрүштөрдү алып келбейт деп эчкимибиз кепилдик бере албаспыз).

Тамерлан Кылыч




Ал. Айда. Бол!
Ну, "Фигура"
"Отличник" окуучудай өзүнүн элпектиги менен кыргыз саясатында жепжеңил фигурага окшогон Марат Султанов дегенди кимдер гана тааныбайт.


Акаев учурунда да, Бакиев башкаруусунда да башчыларга элпектигин дурус эле көрсөтүп келди. КурСалиевичтин мезгилинде ЖК төрагасы боло калган кезде да өзүн "салабаттуулугун" жакшы эле көрсөттү. Айрыкча, жепилдеп-эпилдеп "оор" басырыктуулугу менен.
Ошол жигит Бакиев кулагандан кийин "Ата-Журттун" офисинен чыкпай, жалдырап, жалбарып олтуруп тизмеге кирип, депутат болуп чыга келгени туурасында айрым ММКлар жазып чыгышкан. Анан Ак үйгө кирээри менен аталган партиядан аткез берип, ал тургай тагасыбы же жээниби А.Келдибековду да жээрип, далысын салып кеткен жайы бар эле.
"Чабал өрдөк эрте учат болуп" тээ ала жазда эле ажолукка аттанам деп чыккан. Анан "шайлоодо негизиги атаандашым Атамбаев", "Түндүк-түштүккө бөлүнбөш керек, анткендер кыргыздын душмандары" деп көрүнгөн гезитке оңду-солду маектерин төгүп жүргөн.
Ал эми мурдагы күнү (Келдибеков ээрден шыпырырылаар күнү ) илгеркичилеп эпилдеп-жепилдеп, аткез берген "Ата-Журтчулар" менен бул эшиктен кирип, тиги эшиктен чыга калып, бир туруп төрага олтурган жакка чуркап, бир туруп жериген "Ата-Журтчулары" менен "шыбырашып", кыскасы тааныгысы келбеген тагасы А.Келдибековду коргоодо Чолпонбай дзотко төшүн тоскондой эле кызмат кылды, баракелде, эй! Жердешчиликти так ушу Марат Султановдон үйрөнгүдөй окшойбуз.
Баса, анысы менен эле бүтүп калбай, А.Келдибековду ээрчип алып Ошко жөнөмөкчү болгондо Ахмат мырза өзүм эле учуп барам дегенелик кылып койгон дешет... Ушундайда, кайран Шакенин (Шайлообек Дүйшеев - ред. ) бир сап ыры аргасыздан эске келет: "бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет…"

Нурдин Асанов







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_3.htm on line 55