Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 2

Мүйүз, туяктар
"конторасында"
Келдибеков "кеткен" жокпу?
2011-жылдын 12- декабрындагы кезексиз чакырылган парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековду кызматтан четтетүү боюнча кыл чайнаш түн киргенче уланып, К. Келдибеов өз арызын жазууга макул болду. Билек түрө кармашкан депутаттардын бир тарабы буга өкүнүшсө, экинчи тарабы сүйүнүшүп, жеңишке жетишкендей болушту. Бирок мыйзамчылар бир олуттуу жагдайга көңүл бөлбөштү. Анын жөнү мындай: Конституциянын 75- беренесинин 3-пунктына ылайык "Жогорку Кеңештин төрагасы жалпы депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртылып алынат" - деп жазылган. А. Келдибековду кызматтан четтетүү боюнча бул конституциялык норма колдонулбады, так айтканда добушка коюлбады. А. Келдибековдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия төрагага ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин, жогоруда айтылган конституциянын 75- беренесине таянылган эле. А.Келдибеков Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекстинин негизинде кетти өз кызматынан, 2011-жылдын 14-декабрынан тарта -деп коелук. Ошол күнкү парламенттик жыйындын экинчи жарымын "Республика" фракциясынан "шайланган вице-спикер" Бакыт Төрөбеков алып барды. Түн киргенде, А. Келдибеков арызын жаза электе "Ата Журт" фракциясы токтомдун долбоорун алып чыкты эле (токтомдун долбоорун К. Осмонов окуду) аны 103 депутат жактырышып добуш берди. Бул токтомдун мааниси: А. Келдибековдун ишмердигине карата түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгындагы фактылар анча мааниге ээ эмес - деп айтылат. Эми ток этээр жерине келели. Жыйындын экинчи жарымына төрагалык кылган Бакыт Төрөбеков Жогорку Кеңештин төрагасынын лигитимдүү орун басарбы? Бул суроого так жооп бериш үчүн Конституциянын кайра эле 75-беренесинин 1-пунктына келели. Бул пунктта: "Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына кирген депутаттардын ичинен, алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат" - деп даана жазылган. Бакыт Төрөбеков оппозициялык фракциядан эмес, ал коалицияны түзгөн "Республика" фракциясынын депутаты. Демек, анын, 2011-жылдын 12-декабрындагы жыйынды алып барышы, (буга чейинкилери) лигитимдүүлүккө жатпайт. Демек ошол күндүн жарымындагы жыйындын өзү мыйзамдуу эмес. Кимдир бирөөлөр Б.Төрөбековду парламент бекиткен - деп айтышаар. Парламенттин ошол кездеги Б. Төрөбековду вице-спикер кылып дайындаган токтому, Баш мыйзамга каршы келет. Ошентип, А. Келдибековдун Б. Төрөбековдун дарегине жазылган арызы, (А.Келдибеков эмгек кодексинин негизинде кызматтан кетип жаткандан кийин, арызды жалпы депутаттарга жазмак беле?), ал арызга кол коюлганы эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Ошол күнкү жыйындын экинчи жарымы таптакыр лигитимсиз болуп жаткан соң, арыз жазуу, арызды кабыл алуу кандайча юридикалык күчкө ээ болмокчу? (Мүмкүн Жогорку Кеңеш Келдибековдун арызын канаттандыруу боюнча токтом кабыл алгандыр, антсе деле ал токтом дагы эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Бул жагдай жогоруда айтылган легитимсиз төрага катары Б.Төрөбековдун ошол күнкү жыйынды алып барышына байланыштуу).
Келээрки жылы Конституциялык палата сөзсүз түзүлөт. Эгер А. Келдибеков бул сот органына кайрылса, эгер Конституциялык палата "күн карама" болбосо, 2011-жылдын 12-декабрындагы жоболоңдуу Жогорку Кеңештин жыйынын, А. Келдибековдун арызын таптакыр жокко чыгарат. Кыскасы, кыргыз парламенти улуу комбинатор Остап Бендердин "Черноморецк шаарынын мүйүз, туяктар конторасындай" эле болуп калды.
Токо Мамбетов


Ала тоону дүңгүрөткөн бир күн
Жума башында парламент өзүнүн кезексиз жыйынын өткөрүп, анда А.Келдибековдун ишмердүүлүгү боюнча "Ата Мекен" фракциясы көтөргөн маселени карашты. Анда фракциялар аралык түзүлгөн комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгарып, "Ата Мекен" койгон 13 суроонун 11и далилденгендигин комиссия башчысы депутат К.Иманалиев билдирди. Анда ЖКдагы ыксыз чыгымдар, миллиондогон акчалардын ысырапталганы, төраганын Малайзия, Дубай, Стамбул жана Астрахань шаарларына жасаган сапарлары да мамлекеттик жогорку рангадагы адамдын этикасына сыйбастыгын, ошондой эле бир эле белектер үчүн 4,5 миллионго жакын сом ысырапталганы жана Россияда Кыргыз парламентинин өкүлчүлүгү мыйзамдык этикадан алыс түзүлгөнүн, андагы кызматкерлер 3000 доллардан кем эмес айлык алганы, ошондой эле мамлекеттик эң жогорку кызматты ээлеген А.Келдибеков ОПГ мүчөлөрү менен байланышта болгон деген күнөөлөр айтылды. Ошонун негизинен уламбы ЖК төрагасы А.Келдибеков кызматтан кетүү туурасында арызын жазды.
Нурдин Асанов




Андан кийин...
Келдибеков Бакиевдин сөзүн кайталадыбы?
Эсиңерде болсо керек, канкор Бакиев 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте элди снайперлер менен аттырып, түнү бою Жалал-Абадка качып, Тейит айылында жашынып жатып, үч күндөн кийин үңкүрдөн чыгып: "Мен мыйзамдуу президентмин. Эгерде менин президенттигимди кайра кайрып беришпесе, эл канга боелуп калат" деп айтканын али көпчүлүк унута электир.
Ал эми 2011-жылдын 13-декабрында парламенттик башкаруудагы Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы А.Келдибеков Ош шаарына барып, эл менен жолугушуу учурунда: Түштүк окуясы боюнча маселеде сөзсүз түрдө чекит коюла тургандыгын жана күнөлүүлөр жазаланышын белгилеп, "Эгер бул маселе аягына чыкпаса, анда июнь окуясы кайталанып калат" дептир. Бул не деген шумдук!. Же кызматынан ажыраган Келдибеков кызматынан куулган канкор Бакиевдин оюн кайталап жатабы? Балким, жөн гана окшоштуктур...
"Айгай-пресс"
(А.Келдибековдун Оштогу эл менен жолугушуусу боюнча 5-бетте)




Чын эле мыйзам буйлалаган төөбү?
Төртүнчү микрофонду күйгүзүп койгулачы?
Мындан бир канча күн мурун, президент А.Атамбаев СДПК фракциясынын төрагасы Ч.Турсунбековго парламенттик фракцияны түзүүнү тапшырган эле. Бүгүнкү күндө КСДПК фракциясы "Ата-Мекен", "Республика", "Ар-Намыс" фракцияларына коалицияга кирүүгө кат жолдоп жатат. Ошол эле учурда КСДПК коалициялык макулдашуунун долбоорун иштеп чыгышыптыр.
Бул макулдашуу документинин негизинде Жогорку Кеңештин төрагасы коалицияга кирген фракциялардан гана көрсөтүлөт экен. Мындай долбоор Конституцияга карама-каршы келет. Баш мыйзамдын 75-беренесинде Жогорку Кеңештин төрагасына талапкерди сунуштоо коалициялык фракциялардан гана көргөзүлөт деген норма жок да? Ушул эле документте жыл сайын Жогорку Кеңештин төрагасы алмашылып, шайланып турат деп жазылат. Спикердин жыл сайын алмашуусу коалициялык фракциялардан төраганын шайлануусу деген эч кандай норма да көрүнбөйт. Эгер ошончолук эле мыйзамдын тили менен айтсак, коалициялык макулдашуу бул жөн эле фракциялардын келишими, бул документ Баш мыйзамдан эч качан жогору турбайт. Эгерде жаңы коалиция мындай кадамдарга барса анда коалицияга кирбей калган фракциялардын депутаттарынын Конституциялык укуктары түздөн-түз бузулат дегендик. Мындай кырдаалда оппозицияда калган фракция анда эмне кызмат кылат? Аларды ашка жүк, башка жүк кылбай таратуу керек.
Дагы бир жагдай, мындай кырдаалда парламент коалициясы өкмөт башчысын, анын курамын Жогорку Кеңештин төрагасын, сот бийлигинин курамын түзүп, бийликти бүт монополияга айлантып алат.

Күлчоро Кабылов






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_2.htm on line 47