Урматтуу окурман!
Жылдын мыктыларын тандайт!
Кайсы гана басылма болбосун жыл тогошоор алдында жыл жыйынтыгын чыгарып, өтүп бараткан ошол жылдын мыктыларын аныкташат. Биз да сиздер менен кеңешип таразалап, тандашып дегендей ушул өтүп бара жаткан коен жылындагы өлкө үчүн жасаган эмгеги менен эл оозунда алынган мыктылардын мыктысын тандоону баштадык.

Өтүп бараткан жыл демекчи биз 2010-жылы, "Айгай-пресс" гезити "Жылдын эң мыкты адамдары" номинациясына төбөсү көрүнгөн саясатчыны же кайсы бир чиновник же интеллигентти эмес, өлкөнүн эң жөнөкөй карапайым адамдарын, "Жылдын эң мыкты адамдары" номинациясына көрсөтүүнү эп көргөнбүз. Себеби, ошол эл азык-түлүк продукциялары асманга чыгып, алган пенсия менен маянасы алты күнгө жетип-жетпей, кокус ооруп калсаң ийне сайганга спирти жок, спирти болсо шприци жок, акчаң жок болсо аркы дүйнөгө аттана бер абалындагы саламаттыкты сактоо камкордугуна да кайыл болуп, ал эми ал учурда "эл дегендер" эл ырыскысын мүлжүп, коррупция кокодон алып, мыйзамың каалашынча буйдалмайланып, сот-потуңдун таразасы "ташбака" болуп, "кайда барсаң - мамайдын көрү" заманда жашап жатса да, абалың кандай десең, жакшы дегенден башканы айтпаган карапайым элдин эркине, таазим эткенбиз. Ошондой эле эң мыкты инсандар катары 7-апрель окуясында өлкө үчүн өмүрүн сайган азаматтарга да миң мертебе таазим эткен элек.
Кыскасы биз жогоруда кеп кылган карапайым адамдар менен 90дон ашык шейит кеткен баатырлардан өткөн мыктылардын мыктысын көрө албадык. Айтмакчы, ошол апрель каармандарынын дагы бири, 1978-жылы туулган, түбү Нарындык Султанов Чынгыз аттуу азаматыбыз Бакиевчилердин атылган огунан алган жаратынан улам өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөшүп жатып, кечээ жакында жүрөгү токтоп, сөөгү Токмок шаарына коюлду. (Өкүнүчтүүсү, жаштар министри Алиясбек Алымкуловдон башка бир да чоң баатырды акыркы сапарга узатууга барганга жарабады). Арабызда барларын бар болгула!-дедик. Учурда силерден өткөн эң мыкты адамдарды биз көрө албай турубуз! - деп жылдын мыктыларын ошентип аныктаган элек.
Бүгүн да коомубуздагы ыйманы түз карапайым адамдарыбызга кааларыбыз жана тилээрибиз "ачкан курсак эртең тоюнуп, жарыгың эртең жанаар, бүгүнкү болуп жаткан балит саясатты көрүп туруп үшүсөк да, жан дүйнөбүз үшүбөсүн, ылайым айланаңар түгөл болсун, оорубагыла дегибиз келет.
Урматтуу окурмандар, эгерде жыл мыктысын тандоо тууралуу сунуш, пикирлериңиз болсо редакция менен байланышыңыз! Телефон: 0770 200 451

Баарыңыздарды урматтоо менен "Айгай-пресс"
гезитинин баш редактору Кенжебек Арыкбаев




Футбол демекчи...
Эгер келечекте мыкты футболист болом десең, "Дордой" футболдук клубу сизди күтөт!
"Дордой" футболдук клубу 1998-2003-жылкы төрөлгөн уландарды чакырат. Сиздерди бардык шарттар түзүлгөн машыктыруучу футбол талаасы, дасыккан тренерлер күтөт.
Биздин дарек: Абдрахманов көчөсү 230а. (Мурдакы Совет-Күренкеев көчөлөрүнүн кесилиши). Кабыл алуу ар күн сайын (жекшембиден тышкары) саат 9:00 дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.

Байланыш телефон:
(0555)166140, (0550)878377, (0550)300568