Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 2

  Төртүнчү президентке

"Кызыл мугалим"
тарыхтан чийилеби?

Автордон:
Аталган макала мурун К.Бакиевдин тушунда да, Р.Отунбаеванын тушунда да жарыяланган. Бирок, негедир ал бийликтегилер маани да бербеди. Заман өзгөрүп, эл башына чыгармачылыкты түшүнгөн азамат келди дегенинен илгери үмүт менен макаламды кайрадан басып берүүгө "Айгай-пресске" жөнөтүп жатканым...

Октябрь революциясынан мурун бизде сабаттуулук 0,06% гана болгон. Бул деген миң адамдын арасынан 6 гана адам араб алфавитинде жаза алат жана окуй алат дегендик.
Алардын кат ордуна пайдалангандары калпак, тебетей, кемеркур, камчы жана башка өздүк буюмдары болгон. Маселен бирөөдөн бир нерсе сурап алдырып алуу үчүн же бир муктажын айтуу үчүн өзүнүн жогорудагы буюмдарынын бирин колуна кармаптып: "Ме, мобу тебетейди көрсөтсөң ал ишенет. Менин тебетейимди ал тааныйт"- деп жиберчү. Сабатсыз адамдар ар кандай, арга амалдарды жасоого аргасыз болушкан.
Ал эми жашоо тиричилиги, үй-жайы кандай болгон? Курулуш материалдарынын (цемент, шифр, мык, айнек, тактай, фанера ж.б.) жетишсиздигинен ачык эле айтканда жоктугунан азыркы кездегидей заңгыраган имараттарда, турак жайларда, короо-сарайларды, шаарларды кура албагандыктан сууга жакын жерлерге боз үйүн, алачыктарын тигип же жер кепе казып жашашкан. Жанына таш короо же калкалап короо жасашып, малдарын камашкан.
Ушундай жагдайда айыл кыштакка чогулуп отурукташып жашай алышпаган. Ошол себептүү байыркы кыргызды "көчмөн калк" деп да атап келишпедиби. Азыркы мезгилге көз чаптырсак жомоктогудай эле өзгөрдү.
Бишкек, Токмок, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Каракол, Нарын, Баткен, көптөгөн райондук борборлордогу көк тиреген көп кабаттуу үйлөр, мекемелер, мектептер,кенен салынып асфальт төшөлгөн жолдор, биринен бири жол талашып жүргөн троллейбус, автобус, жеңил авто унаалар деги койчу санасаң сан жетпейт, айтсаң сөз түгөнбөйт, жазсаң кагаз жетпейт. Мунун бары өзгөрүү эмей эмне?!
Буларды айтканым ар адамдын адамдай жашашына, зор ийгиликтерге жетишине үч нерсе көмөк болот экен. Биринчиси - үмүт. Ушундай ийгиликтерге жетем, ушуларды жаратам, ушундай болтурам деген зор үмүт болот тура. Элибизде үмүтсүз-шайтан деп коюшат. Шайтан гана үмүт кылбайт.
Экинчиси - намыс. Намыс биздин ата-бабаларыбыздын кан-жаны менен, дили менен бирге келген. Ошондуктан, "Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт" деген макал бекеринен жаралбаган чыгаар. Бирөөнүн жетишкендиктерин, жасаган жакшы иштерин көрүп туруп, мен эмне үчүн андай ийгиликтерге жетише албайм, мен эмне үчүн андай жакшы иштерди жасай албайм? Андан менин эмнем кем дегендей... Ошентип намыс адамды ардантып, ага шык, кайрат күч берип, илгери, жакшылык жакка түртөт турбайбы!
Үчүнчүсү- эмгек. "Жалкоолорго зар заман, эмгекчилге бар заман" деп ыраматылык акын Эстебес Турсуналиев айткандай бардык ийгиликтерди эмгек гана жаратат. Эмгексиз "алма быш оозума түш" деп жатсаң эч убакта, эч качан жакшылыкка жетпээриң турган иш.
Дагы бир белгилеп кетчү нерсе бул - билим. А.Акаевдин айтканы бар: "XXI-кылым компьютердин кылымы" деп. Билим демекчи, ушундан улам бир нерсени айткым келет, өткөн тарыхка кайрылып... Мисалы, ал кездеги төбөсү көрүнүп, эл алдындагылардын бири болгон Жантайдын уулу Шабдан Ислам динин бекем туткан, такыба Адам болгон. Дегеним, Шарияттынкырк парзынын бири билим алуу, илимге жетишүү жана башкалардын билим алуусуна, илимге жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ислам Динин ыйык туткан Шабдан эл журттун сабатсыздыгын жоюунун аракетинде болуп келген, 70 жаш курагында Тар-Суу суусунун жээгине медресе курдурган. Бул медресе диний мектеп болчу, ошондой болсо да адамдар араб алфавитинде окуп, жазууга үйрөнүшкөн.
Ошентип Кемин өрөөнүндө сабатсыздыкты жоюунун биринчи кадамы башталган. Бул жыл 1909-жыл эле. Быйыл 2009-жыл. Арадан 100 жыл (бир кылым) өттү. Ошол жылды кеминдиктердин, анын ичинде Тар-Суу элинин сабаттуулукка арыш алган жылы деп атасак болот. Ошондуктан Тар-Суу мектебинин түптөлүшүнө быйыл 100 жыл толду деп айтууга толук негиз бар.
Ал медреседен көптөгөн адамдар араб алфавитинде болсо да тамга таанып, жазууга үйрөнүшкөн. Жунуш молдо, Зулпукадыр, Чекир молдо, Тентимиш молдо, Муса молдо, Кыдык молдо, Айдаркул молдо, Ыбрайым кары,Абдырайым кары дагы бир топторду ушул медреседен окуп сабатсыздыгын жоюшкан. Молдолор куранды окуй алышкан, жаза алышкан. "Карылык" наам куранды толук жатка айткандарга берилген. Октябрь революциясынан кийин атеист болуп өзгөрүшүп, советтик мектептерде балдарды окутушуп, мугалим болуп кетишти.
Шабдан ата курдурган медреседен окуп тамга тааныгандардын бири кайыңдылык Байбото байдын небереси, тунгуч педагог Базаркул деген чыккан. Байботонун небереси деп кеттим, Байбото менен Шербото дегендер бир тууган болгон. Шерботонун балдарынан кадимки акын академик Аалы Токомбаев чыккан. Ушул жерден өкүнүү менен белгилей кетчү нерсе-Базаркул 1937-38-жылдары өлкөдө сталиндик репрессиянын курмандыгына чалдыгып, күнөөсүз репрессияланган. Кийин алардын көбү акталып чыгышкан. Ал эми аттуу-баштуу дегенден 138 адамдын аты жөнү Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" комплексинде жазылып турат. Ал тизменин арасында тунгуч педагогдордун бирден - бири Базаркулдун аты көрүнбөйт..?
Салыштырсам, адамзаттын тарыхында биринчи болуп космоско Юрий Гагарин учканы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды. Ал эми биздин доорубуздагы сабаттуулук мейкиндигине чыйыр салган "билимдин косманавты" тунгуч педагог Базаркул жөнүндө эч нерсе айтылбай, жабык калгандыгы жанды кейитет.
Тескерисинче Кыргызстандын мамлекеттик билим, илим тармагын түптөөгө катышкандар жөнүндө кеп козгогонубузда, кезекте Ишеналы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун, Петр Юдахиндин ысымдары менен бирге эле Базаркул Данияровдун ысымын да аташыбыз зарыл деп ойлойм. Ал киши биринчиден, ал мезгилинде эң бийик Кызыл профессорлорду даярдоочу курстун угуучусунун деңгээлине чейин көтөрүлгөн билимдүү адам болгон.
Экинчиден, ал мамлекеттик атайын жана жогорку жайлардын тунгучу болгон Кыргыз Агартуу Институтунун окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. (Кыргыз агартуу институту... педтехникум... пединститут... Улуттук университет)
Үчүнчүндөн, Кара-Кыргыз Илимий Комиссиясынын, кийин Кыргыз Академиялык Борбордун илимий катчысы болуп иштеген.
Илимий изилдөө мекемелерибиздин, биринчи кезекте коомдук илимдер багытынын өнүгүш тарыхын мындайча түшүндүрсө болот. Кыргыз Академиялык Борбор-СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын тил, адабият жана тарых институту- Улуттук Илимдер Академиясынын коомдук илимдер бөлүмү.
Б.Данияров, республиканын илимий тарыхына чыйыр салган, эң оболу туңгуч агартуучу- Кызыл мугалим болгон. Ошондой эле эл агартуу системасынын уюштуруучусу, араб жазмасынын латын арибин, "Манас" эпосунун түзүшкөн, "Эркин Тоо" газетасынын редколлегасынын алгачкы мүчөсү. Кыргыз совет адабиятынын, маданиятын түптөөгө, кадрларын тарбиялооого тикеден-тике катышкан, коомдук ишмер, сталиндик адилетсиз репрессиянын ак жеринен жазасыз курмандыгы болгон.
Кыргызда "Жети атасын билбеген кул" деген намыс келтирген сөздөрдөн улам кай бир адамдар атасы, бабасы, бубасы, кубары, жетеси, жөтөсү, кыйлыгынын, аттарын санап айтуу менен гана чектелишкен. Алардын өмүрүндөгү окуялар жөнүндө жазып калтырбагандыктан эч кандай маалыматтарды биле алышкан эмес. Биздин кылымдан мурдагы кылымда жашаган адамдардын аттарын атай албайбыз. Алардын өзгөчөлөнгөн гана (акылман, даанышман журт башчылар, баатырлар, балбандар, манасчылар, акын-ырчылар, усталар, зергерлер, мүнүшкөр, мергендер ж.б.) адамдардын аттары айтылып калып жүрөт. Ошондуктан ушундай сабаттуулугубуз болуп, жазып калтырууга мүмкүнчүлүгүбүз болуп турганда, андагы жашаган адамдардын түптөлүшү, андагы жашаган адамдардын иш аракеттери, алардан кийинки муундарга үлгү боло турган кылык жоруктары, айылдагы мектептин ачылышы, андагы окуй биле алгандардын тагдыры жана башкалар жөнүндө аздыр - көптүр колдон келишинче эстерине алып жүргөндөй из калтырып койсомбу деген максатта ак кагаздын бетине түшүрүүнү максат кылып, колума калем кармап, гезитке макала жазганым ушул. Ал эми "Кызыл мугалим" Б.Данияров жөнүндө маалыматтарым өтө эле арбын. Анын баарын айтсам гезитке чак келбес келбес. Өтө эле көлөмдүү дегеним.
Айтайын деген пикирим бул - Б.Данияровдун үзүрлүү эмгектерин илимпоз окумуштуулар, тарыхчылар өз деңгээлинде аныктап, эл журтубузга тааныштырса акыйкат, чындык, адилет, калыс иш жасаган болушар эле. Мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилер Б.Данияровдун эл үчүн, коом үчүн жасаган иштерине Обьективдүү баа берип, анын атын эл эсинен чыкпай турган иш чараларын жасашса акыйкаттык, калыстык, адилеттик жаралган болоор эле!
Менин ой-пикиримди мударис К.Карасаевдин айткандары кубаттагандай көрүнөт. "Чындыкты айткан Базакем, Касым, Эшеналы, Белек, Юсуп сыяктуу асыл адамдар жазыксыз курман болушту. Менде да ошолордун катарында көрбөгөн кордук, тартпаган азап калбады... Толгон-токой коом ишмерлери да Базаркул агабыздын тарбиясынан чыккан. Ошолордун бардыгы да Базакем жөнүндө жылуу сөздөрдү айтып жүрөр эле. Урматтуу агабыз кыргыз элинин тарыхында агартуучу катары өз ордун алышы керек" (К.Карасаев 1989-ж. Чоң-Сары-Ой).
Окуучусу, отставкадагы генерал-майор, согуштун, эмгектин ардагери С.Самалиев: "Кыргыздын интеллигенттери, бардык жумурият калк бул кишинин эл үчүн кылган эмгегин эсинен чыгарбайт, туулган жерине же көп жыл иштеген республиканын бир шаарына эстелик ачса, туура болор эле деп ойлойм. Болбосо, өзү окуткан бир мектептин атын же көчөнүн атын "Б.Данияров" деп атаса, бул ошого татыктуу киши болчу" (С.Самсалиев 1990-ж).
Б.Данияровдун педагог усулдук ыкмаларын, илимий эмгектерин, философиялык, саясий көз карашы, уюштуруу чабыты кыргыз илиминде изилденбей келе жаткандыгы жөнүндө филолог, адабиятчы, сынчы, окумуштуу, илимдин доктору С.Жигитовдун пикири: "Б.Данияров жөнүндөгү бирин-экин макалалардан жана материалдардан анын өмүр жолуна байланыштуу таамай фактылар, адамдык сапаттарына тиешелүү жандуу элестер бар. Бирок анын так архивдик биографиясы азырынча жок. Ошон үчүн Кыргызстанда эл агартуу кыймылы кантип башталып, кантип өнүгүп өрчүгөнүн изилдейбиз деген тарыхчылар Б.Данияров жана ошого окшогон тунгуч мугалимдердин өмүр баянын, педагогдук иш аракетин, кишилик жайын нукура илимий негизде жазып чыгууга тийиш" (С.Жигитов "Жалаа курмандыгы!" Кыргыз руху 1991-жыл, 22-январь).
Азат ТОЙЧУБАЕВ
Эл агартуунун отличниги,
Кемин району,
тунгуч президенти А.Акаевдин биринчи
мугалими








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_13.htm on line 54