Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 2

Дөөлөр тирешеби же…
Путинге каршы АКШ азоого чалма ыргыта баштадыбы?
2011-жылдын 10-декабрында Россиянын шаарларында, 4-декабрда өткөн Мамлекеттик Думанын жыйынтыгына болгон нааразылык акциялары болуп өттү. Москванын "Болотный" деп аталган аянтында 20 миңден ашык адамдар чогулушуп, анда "шайлоо бурмаланды, кайрадан шайлоо өткөрүү керек!" - деген талаптар койулду. Айрым адамдардын көтөргөн плакаттарында "Владимир Чурову в отставку!" деген жазуулар болсо, айрымдарында "Россия без Путина!" деген лозунгдар жүрдү.

Бул митинг аянтын абада вертолеттор көзөмөлдөп турду. Ошол эле күнү элдин катышы Москвадагыдай эмес, аз болгон менен, Россиянын Европа бөлүгүндөгү Архангельск, Пенза, Воронеж, Ростов на Дону, Ыраакы Чыгыш жана Сибирдин Хабаровск, Чита, Улан-Уде, Красноярск, Барнаул шаарларында да митингдер болду. Ал тургай Англияда качып жүрүшкөн Б. Березовский менен Е. Чичиваркин баш болгон топ Лондондогу Россия элчилигинин алдында митинг өткөзүштү. Барыдан да кызыгы - Е. Чичиваркин ак футболкасына "Уходите по хорошему!" - деген жазууну жазып алган экен. Ушул эле күнү президенттин алдындагы коомдук кеңеш жыйын куруп, өткөн шайлоону катуу сынга алышты. Мындай митингдер Россияда Б. Ельциндин тушунан бери өтө элек эле. Бул эмнеси? Россияны толкутууга кызыктар кайсы күчтөр болушу мүмкүн? МамДумага болгон шайлоонун эртеси эле, АКШнын мамкатчысы Х. Клинтон шайлоону сынга алса, АКШнын Республикалык партиясынын лидери Джон Маккейн: "Араб революциясынын" толкуну жакында Россияны каптайт - деп ачык билдирген эле. (Бул туурасында "Айгай-пресс" өткөн санында жазып чыккан - ред.)
Азыркы тапта АКШ менен Россиянын ракетага каршы коргонуу (ПРО) маселеси боюнча тиреш жаңы фазага көтөрүлүп олтурат. Ушундан улам океандан ары жагындагылардын ич күптүүлүгү кармап жатат окшобойбу. Деги эле АКШ Россиянын, башка мамлекеттердин өсүшүн көргүлөрү келбейт. Россия, Казахстан, Белорус бажы биримдигине, болочоктогу ЕврАзия мейкиндигинин түзүлүшүнө итиркейлери келип жатканы байкалууда.
P.S. Келээрки жылдын март айында Россияда президенттик шайлоо өтөт. Мүмкүн алдыдагы президенттик шайлоого карата сырткы күчтөр 10- декабрдагы митингдер аркылуу элди бир козголтуп, алардын психологиясын сынап көргүлөрү келген чыгаар…

Ногойбай Султанов




Карышкыр карыса да бир куйрук алы бар…
И.Каримов таарындыбы же
таарынттыкпы?
Өзбекстан президенти Ислам Каримов мындан 2 апта мурда Кашкадария областында эл менен жолугушуу өткөрүп, "Биз өзбектер эч качан тоталитардык системага кайрылбайбыз. Биз эч кандай Бажы, ЭврАзия биримдигине кирбейбиз" - деп элдин кулагын бышырып келип, кечээ жакында бул оюн Ташкент шаарында дагы бир ирээт кайталады.

Өзбек бийлигинин позициясы Россия, Казахстан, Белорус, Кыргызстан бийлигинен таптакыр карама каршы болуп турат. Өткөн апталарда өзбек темир жолу аркылуу Россиядан Кыргызстандын түштүгүнө келүүчү мунайзаттар өткөрүлбөй, Ош, Жалал-Абад шаарларында мунай тартыш болуп, 92 маркасындагы бензиндин баасы 7-8 сомго көтөрүлүп, калкты кыжаалатка салды. Ушул эле мезгилде Өзбекстандан түштүк тарапка келүүчү жаратылыш газынын көлөмү 2 эсе азайды. Бул маселе эмнеден чыгып жатканына кыжаалат боло турган кыргыз бийлиги учурда бийлик талашуу менен алышып жатат.
Исламжан Каримовдун ЭврАзия, Бажы биримдигинен сырткары Кыргызстандын бийлигине негедир кабагын түйүп турганы да байкалууда. Президент А. Атамбаевдин инаугурациясына да өзбек мамлекети тараптан татыктуу делегация келбеди. Бул өзбек бийлигинин Кыргызстандын бийлигине колдун сырты менен силкүү ишаараты эмей эмне. Сыягы, "Эл аралык" деп аталган батыштын кайраштырма уюмдары, Киммо Кюьлинен сыяктуу "от жаккычтар" И. Каримовго өткөн жылкы түштүктөгү этнос аралык кандуу кагылышта күнөөлү катары бир эле өзбек улутундагылар жаза тартышып, өзбек жарандарын өлтүрүшкөн, үй жайларын, соода түйүндөрүн өрттөшкөн, талап тоношкон кыргыздар жазадан кутулуп кетишүүдө деп жатышса керек. Мүмкүн, Өзбекстандын атайын кызматтары деле бул маалыматты өз бийлик жетекчилерине сөзсүз жеткизип турушат чыгаар.
Ал эми Каримовдун кабак бүркөгөнү бул болду окшойт - мындан жарым ай мурда А. Келдибеков: "Борбордук Азиянын лидери Нурсултан Назарбаев" дей салганы бар. Бир мамлекеттин жетекчисин экинчи мамлекеттин жетекчисинен жогору койуу бул бийлик адамынын этикасына туура келбей турган жорук. "Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" демекчи, бийлик дароо эле Россия тарапка жүгүрүшпөй Өзбекстан менен да жылуу мамилени түзүшү керек эле.
Карт саясатчы Ислам Каримов кыргыз бийлигин эмес, АКШ бийлигин (2001-жылы АКШ аскер базасын айдап чыкканын эске алсак) В. Путинди, Н. Назарбаевди кыйла жылдан бери чүкөдөй калчап келет, анын ушул жагын да эске алыш керек эле… мындан ары.

Тамерлан
Кылыч




А-уу, тышкы иштер министри!
Казакпаев кай тарапты кароодо?
Соңку убакта бир катар маалымат булактарында ТИМ министри Руслан Казакпаевге байланышкан "балит" иштер болушунча эле калкып чыгууда. Андай тизменин катары кечээ жакында дагы бирге калыңдады. Алсак Казакпаевдин бакандай эки орун басарлары Айтмурзаев Нурлан менен Кемелова Динаранын кылыктары түштүк говору менен түшүндүрсөк эле "катта" кызык экен, эй!

Ошол эле Айтмурзаев ТИМдеги кадырлуу (майкөл-сүткөл) креслону уулуна "кучактатса", Динара айым Нурлан коллегасына эрегишкенби, андан кем калышпай күйөөсү Молдагазиев Рыспекти Кыргызстан ТИМинин Япониядагы кызматына дайындатканга үлгүрдү. Буларың мамлекеттик кызмат жөнүндөгү "этиканы" уруп да ойношпогондугу дал ушул жерден эле көрүнүп жатпайбы. Минте берсе ТИМ мамлекеттин кызыкчылыгын коргобой эле, чакан үй-бүлөөлүк топтун гана кызыкчылыгын көздөгөн органга айланып калбайбы? деп чочулайт экенсиң. Көрдүңүзбү, министрлик менен андагы жетекчилик өз милдеттери менен алектенбей, үй-бүлөөлүк башкарууга эчак өткөн десек ишенбейсиңер…Мырза Казакпаев кай тарапты кароодо деги? Же "Бармак басты, көз кысты саясаты" менен алпурушуудабы?

Калыбек Бейшекеев






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aig/11/1215_10.htm on line 51