Күн бүгүн

"Кудайлардын согушу"
Грециянын бөксө тоолорунун эң бийик жери "Олимп" деп аталат. Деңиз деңгээлинен 2917 метр бийиктикте болгон бул тоо массиви өзүнүн адам таң калтыраарлык бийиктиги менен эмес, байыркы Грек мифологиясы менен адамзат тарыхында кылымдардан кылымга көчүп, китеп беттеринде жазылып, ооздон түшпөй келет. Грек мифологиясы боюнча бул Олимп тоосун кудайлардын кудайы, адамдардын түпкү атасы Зевс мекендеп келген экен.

Мифология боюнча ошол доорлордо Зевс менен Тифон деген кудайдын ортосунда, андан кийин Титандардын ортосунда, тынымсыз согуш жүрүп келген. Кечээки кыргыз бийлигиндеги өзгөрүүлөрдөн улам дүйнөлүк поэзиянын улуу мурастарынын бири 18-кылымдагы Француз акыны Эварист Парнинин "Война богов" атуу поэмасы эсиме кылт эте түштү. Бул өлбөс чыгармада акын Э. Парни Олимп тоосунда байыркы грек мифологиясындагы кудайлар менен Христиандардын, Иудейлердин, Язычниктердин, Скандинавия элдеринин (христиан динин тутканга чейинки түпкү дини) дининдеги кудайлардын согушун баяндоо менен Европадагы мамлекеттердин бийлигин, алар тигил же бул динди тутушса да бийлик үчүн дин эрежелерине туура келбеген абийирсиз, ыплас кылык жоруктарын келекелеп жазат. Чыгарманын окуясы негизинен асманда, Олимп тоосунда өтөт. Бул эми салыштырмалуу иретинде.
Ал эми Кыргызстандын Олимпи болгон Ак үйдө ушу тапта "Кудайлардын согушу" түтөп , бөлмөлөр туманга айланып, мунарык басып турган кези. Бул согуш Зевс сыяктуу Олимптин чыныгы ээси Алмазбек Атамбаев 7-кабатка чыга электе эле башталган.Олимптин бир капталын ээлеген, 120 түрдүү "диндеги" "кудайларды" тейлеген Акматбек Келдибековго казынанын бир капшытын жеп койду дешип "Ата Мекен" деп аталган диндеги "кудайлардын" тобу чабуул жасап баштаган эле. Ушундан көп узабай "КСДПК" аттуу "диндин" "кудайлары" А. Келдибековду Олимп тоосунун төмөн жагына кууп таштайбыз - деп чыгышты.
Бирок, калыстык үчүн Олимп тоосундагы чатак чыгарган "кудайларга" жерде туруп айтуучу бир кеп бар. Мындан бир жыл мурда Парламенттин бюджети каралып, штаттык расписаниелер түзүлүп, профсоюз уюму менен макулдашып жаткан кезде - "айлык маяналар эбегейсиз көп болуп жатат" деп эмне үчүн айтышпайт? Ө. Текебаев фракция жетекчиси катары, Д. Ниязалиева комитетин жетекчиси катары айына 47 миң сом айлык акысынан эмнеге баш тартышпайт, чындап эле элге күйүшсө? Дагы, беттери чымырабай: пенсияларды, мугалим, медкызаматкерлердин айлык акыларын көтөрдүк деп сайрап коюшат. Көтөргөн пенсиялардын көлөму 500 сомдон 1000 сомго чейин. Катардагы бир депутатын бир айда алган айлык акысын өткөн жылда айлыктары көтөрүлгөн жаш муундарга билим берген, 30 жылдык тажрыйбасы бар мугалим жарым жыл тамтаңдап иштеп жүрүп араң табат.
Ал эми Баш мыйзамда "Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары оппозициялык фракциялардан шайланат" - деп даана, так жазылып турса да, депутаттар баш мыйзамды одоно бузуп, "Ата Журт" "КСДП", "Республика" фракцияларынан бирден депутатты төраганын орун басары кылып дайындаганын кантип танышат? Натыйжада, мыйзамдуу вице-спикерлер А. Сасыкбаева, Б. Мамырова гана болуп эсептелиш керек. Башка вице-спикердик орун конституциялык нормада таптакыр жок. "Республикачыл" Б. Төрөбаев, "КСДПчыл" Жеенбеков, "Ата Журтчул" М. Абдылдаевдер төраганын орун басарлары катары 49 миң 238 сом айлык акы алып жүрүшөт. Бул маселе боюнча кыргыз "Олимпинин" "кудайлары" эмне үчүн согуш ачышпайт?
Тобоо, десең, жогоруда салыштырган Эварест Парни "Война богов" чыгармасында Олимп тоосундагы христиандардын кудайлары жүзү каралык ыплас иштерди жасагандарын жазган эпизоддору кудум кыргыз Олимпиндеги окуяларга окшоп кетип жатканында. Кыязы, кыргыз "кудайларынын" Олимпиндеги согуш эми курчуп, эми кызыганы калды окшойт. Бул мифология эмес, реалдуу чындык! Анткени, бул "Олимпте" акча бар, байлык топтого мүмкүнчүлүк бар.
Эварест Парнинин жогорудагы чыгармасында ар түрдүү диндегилердин ортосунда айыгышкан катуу согуш жүрөт. Бейиш таланып, тонолот. Акыры Христиан дининин кудайлары жеңип чыгып салтанат орнойт… Ушул сыяктуу Кыргыз Олимпиндеги "кудайлар" кызыл кыргын, кара сүргүн болгону турат. Кимиси жеңип салтанат кураары али белгисиз. Айырмасы, мифологияда кудайлар бейишти талкалап кыйратса, кыргыздын "кудайлары" бейиш эмес эле реалдуу жашоодогу карапайым элдин ырыскысын талап, тоношуп тозокко айландырууда. Э. Парнинин чыгармасындагы Олимптеги кудайлар менен кыргыз олимпинин "кудайларынын" бир айырмачылыгы ушунда…
Жолдошбек Токоев

Редакциядан:
Парламент "пахмелдери"
боюнча 7-бетте




  Мактанба, мамлекетим!

Кыргызстан эмнеден аксап жатат?
21 жыл илгери эл аралык тышкы күчтөр (АКШ) СССР державасын "оксуз" талкалагандан кийин кыргыз эли эгемендүүлүк деген эйфорияга берилип, өзүнүн келечектеги жолун издөөнүн ордуна сырткы кыйраткыч күчтөрдүн жетегинде калды. Экономикада рыноктук "мамиле" деген лозунгдун алдында элдин 70 жылда жыйнаган байлыгын бир ууч ачкөздөр тоношту. Өлкөдө жумушсуздук каптап, эл тентиди. Улуттун баалуу нарк-насилдери эбегейсиз деградацияланды. Бул баалуулуктардын ордун догматикалык "адам укугу", "демократия", "жеке менчик" деген сыяктуу түшүнүктөр ээлеп алды. Социалдык теңсиздик орноду. Бийлик чөйрөсүнө мекенчил сезими, интеллектуалдык деңгээли тайкы, сырткы күчтөрдүн камчысын чапкан "бизнесмен" аталган "Алдакөсөрлөр" толуп алды…
20 жылдан бери 30-40тай адам элди жүзү каралык менен алдашып, бийлик бутактарынан кетишпей калышты. Ушундай таасирлердин кесепетинен бир кезде кең Азияда ат ойнотуп, душманына кылыч ойнотуп келген, "түгөнгөн сайын түтөгөн" кыргыз улутунун эртеңки келечеги арабөк алдында турат. Ушунун баары кыргызды жок кылуучу антиидеология экендиги талашсыз. "Айгай-пресс" гезити ар бир санында чыркырап жазгандай, бийликтин түркөй саясатынан улам М.Ганди менен М.Кемелдин катарында турчу, кыргыз мамлекетин түптөгөн, 1933-жылы улуу ачкачылыктан элин сакташ үчүн өзү өмүрүн өлүмгө сайган улуттун кеменгери Ж.Абдрахманов унута калып, уруунун деңгээлиндеги билермандарды даңазалап жатат. Чынында Ж.Абдрахманов өзүнүн кыска өмүрүндө иши, мекенчил улутчулдугу менен улуттук идеологиянын нугун салган. Кийинкилер ал нукту чаап, улап кете алган жок.
Армян эли 1915-жылкы түрктөрдүн жасаган геноцидин алигиче улуу трагедия катары жыл сайын эскерип, ошол Түркия мамлекети менен алигиче элдешпей кектеп келишүүдө. Еврейлер Экинчи Дүйнөлүк Согуштун учурундагы Холохоситогу фашисттик кыргынды жыл сайын дүйнө боюнча эскеришет. Кыргыз бийлиги жыл сайын 2001-жылы 11-сентябрда болгон теракты АКШ элчилигине барып гүл коюп аза күтүшөт. АКШ болсо 1916-жылкы Россия падышачылыгынын кыргыз геноцидине түкүрүп да коюшпайт. Демек, өйдөкүлөр канчалык өз "осуяттарын" айткан менен өлкө бийлигине Ж.Абдрахмановдун өрнөгүн улаган инсандар келмейин улуттук ийгилик жөнүндө маселе көтөрүү мүмкүн эмес…

Токо Мамбетов

Редакциядан: Улуттук кеменгер Ж.Абдрахманов жөнүндө ой-пикирлердин уландысы 11-бетте.




Аттиң, ов!

Кыргыз элинин эртеңки бактысы, бейкут турмушу үчүн күрөшүүчүлөрү Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Белек Солтоноев, Керим Кененбаев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Жайнак Саадаев, Мукаш Далбаев, Төрөкул Айтматов, Асанкан Жээнбаев, Баялы Исакеев, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев сыяктуу мыкты инсандарыбыз болгон. Алар кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү, бүтүндүгү жана кемибестиги үчүн канын-жанын аябай күрөшкөн. ХХ кылымда жарк эткен чагылгандай жаралган кыргыздын мыкты, асыл тобу болгон. 1938-жылы 6-8-ноябрда алардын баары жалган жалаа менен атылган. Эл мүңкүрөнүп, жетимсиреп калган, ошондо. ХХ кылымдын босогосунда, азаттыкка аттанган калк-кыргыз эли мына ошондой улуу инсандарга бүгүн чаңкап турат.