Америка бийлигинен Хиллари Клинтон менен
Джон Маккейн Россиядагы парламенттик шайлоонун өтүшүн катуу сынга алды
Ошентип, 4-декабрда Россиянын МамДумасына болгон шайлоо аяктады. Алгачкы эсептөөлөр боюнча бийликчил "Единая Россия" партиясы 50 пайыздан бир аз ашык добуш алышып азырынча парламенттеги 450 мандаттын 238не ээ болгону турушат. Экинчи орунда 20%га жакын шайлоочулардын добушуна ээ болушуп 92 мандаттын тегерегинде тегеренип турган чагы. Ал эми "Справедливая Россия" шайлоочулардын 13%ына арзып 64 мандатка ээ болушу мүмкүн. Ал эми Жириновскийдин ЛДПР 56 мандаттуу болушу күтүлүүдө. Ошондой эле, дагы 3 партия ("Яблоко", "Правовое дело" жана "Патриот России") партиялары көрсөтүлгөн 7%дык барьерди багындырышты. Булардын кимиси канча мандатка ээ болору - акыркы жыйынтык 19-декабрда аныкталат.
Айталы дегенибиз ал эмес, бир нерсе болсо биздин чоңдорубуз Москваны көздөй чапкылап калышчу эле, "бир боор энебиз" дешип. Тигинтип АКШнын лөктөрү кызылдай сындап жатса, биздикилер бир ооз унчугушпайт. Калп да болсо, Россияга болушумуш этип коюшса болмок, болбосо "уят" го...

Нурдин Асанов




  Оппей, не дейт?

Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик
инспекциянын жетекчиси Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ:
"КЫРГЫЗСТАНДЫ ЖАЗГА МААЛ ЖУТ КАПТАШЫ КҮТҮЛӨТ…"
Эгерде Кыргыз Өкмөтү чукул арада алыскы-жакынкы мамлекеттер менен алакасын тезирээк жакшыртып, саналган маселелерди жайгарууга абдан чукул киришпесе, бир кап ун 100 долларга сөзсүз көтөрүлөт. Себеби, мамлекетибизде, дагы кайталаймын, дегеле бирдиктүү агрардык саясат жок!

- Төлөгөн мырза, Кыргызстанда "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" мыйзам кабыл алынбадыбы. Дегеле Жогорку Кеңештин мындай күтүүсүз кадам жасоосуна эмнелер түрткү жасады деп эсептейсиз?
- Бул турмушта өзү терроризм жана экстремизм коркунучу быякта эле калат. Билесиздерби, согуш маалында да кургакчылылык өңдөнгөн табигый кырсыктардын алдын алуу чаралары сөзсүз көрүлүп турган. Азыр деле ошентишет. Өзү андай күтүүсүз кырдаалдарга ылайык кеминде үч жылга жеткидей азык-түлүк кору кампаларда сөзсүз турушу кажет. Мисалы, эт, буудай, кийим-кече, күйүүчү жана майлоочу заттар мындайда атайын өзүнчө бөлүнүп кармалып турууга тийиш.
А биздеги бүгүнкү резерв, чындыгында, үч айга араң жетет. Жакшылып карасаңыздар, аймактагы ун комбинаттарын жалаң чычкандар беймарал жойлоп жүрүшөт. Өкүнүчтүүсү: "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" мыйзам ушул тапта накта импотентке айланып олтурат. Мындан ары анын иштешине дегеле көзүм жетпей калды.
- Сиздердин эсебиңиздер боюнча өзү бир адам күн сайын канча өлчөмдө азык-түлүк керектейт?
- Бир адам күн сайын 320 грамм нан азыктарын, 27 грамм картөшкө, 32 грамм коон-дарбыз, 34 грамм мөмө-жемиш, 0,7 грамм кондитердик азыктарды, 0,3 грамм май, 17 грамм эт, 56 грамм сүт азыктарын, 51 грамм жумуртка керектейт.
Тилекке каршы, бүгүнкү заманда мекендештерибиз тийиштүү өлчөмдөгү азык-түлүктөрдү таптакыр жебей калышты го, чиркин. Жалгыз мисал: жердештерибиздин 90 пайызы нан азыктары менен дегеле жетиштүү деңгээлде тамактанышпайт. Себебин көрдүңүздөр го, туташ жумушсуздук жана жакырчылык кендирди катуу кесип атпайбы.
- Деги саналган көлөмдөгү азыктар быйыл алдыдагы кышка карата жетиштүү өлчөмдө камдалдыбы?
- Баары жетиштүүү өлчөмдө камдалды деп ишенчиликтүү айта албаймын! Анткени, так эсебин бир кудай, анан эл өзү билет. А мамлекеттик статистикалык маалыматтардын 80 пайызына гана ишенсе болот, а калганы кызылдай эле жалган!
Мына, акыркы маалыматка таянсак, Ош облусунда быйыл 67187 гектарга айдалган буудайдан 150834 тонна түшүм жыйналды. Ошондо ар гектарынан 22,5 центнерден айланды. Мунун 15929 тоннасы быйылкы күздө кайра эгилди. Ал эми келерки жазда сепкенге 2313 тоннасы калтырылды.
Ошентип, керектөөдөн арткан 145485 тонна буудай гана ушул тапта кампаларда сары майдай сакталып турат. Аны тегирменге тартканда, 70 пайызы гана накта унга айланат. А 30 пайызы кебек болуп, мал-калга жем сыңары бергенге жарайт. Ошондо кампаларда сакталган буудайдын 101839 тоннасын гана эл керектейт. А бул жалпы керектөөнүн 88 пайызын гана камсыз кылат. Ал эми калайык-калктын керектөөсүн толук кандуу канаттандыруу үчүн элге дагы 236 вагон ун керек! Көрдүңүздөрбү?!?
Эң кейиштүүсү: 2012-жылы 6112 гектарга гана буудай эгилиши күтүлүүдө. Бул быйылкыга салыштырганда 61075 гектар аянт кысыр калат дегенди ачык эле каңкуулап турат. Демек, эмдиги жылда быйылкыдай жетиштүү өлчөмдө буудай эгилбесе, Кыргызстанды жазга маал накта каатчылык капташы сөзсүз күтүлөт.
- Мындай кырдаалды жаратпоого көбүнчө эмнелер жолтоолук кылып жатат?
- Биринчиден, жер-жерлерде дасыккан дыйкандардын абдан таңкыстыгы көп жерлердин кысыр калышын шарттоодо. Экинчиден, күйүүчү-майлоочу заттар, үрөн, жер семирткичтер жана айыл чарба техникалары дале кендирди кесип атат. Үчүнчүдөн, айыл чарбасы жаатында биздин өлкөбүздө мамлекеттик туруктуу жана ырааттуу саясат дегеле жок! Төртүнчүдөн, айыл чарба министрлиги дагыле реанимацияда жатат. Ошондуктан, тармак өз алдынчалуулукка ого бетер муктаж. Ал эми жергиликтүү бийликтер, чындыгында, агрардык алкакта эл менен ийиндеше иштеше албай жатат.
- Демек, аймак быйылкы кышта өлкө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши толук ыктымал экен да?
- Ооба. Эгерде Кыргыз Өкмөтү чукул арада алыскы-жакынкы мамлекеттер менен алакасын тезирээк жакшыртып, саналган маселелерди жайгарууга абдан чукул киришпесе, бир кап ун 100 долларга сөзсүз көтөрүлөт. Себеби, мамлекетибизде, дагы кайталаймын, дегеле бирдиктүү агрардык саясат жок!
- Мындай кырдаалды дароо жөнгө салууга жаңыдан ишке киришкен президент Алмазбек Атамбаевдин кудурети жеткидейби?
- Кырдаалды жаңы эле ишке киришкен президент Алмазбек Атамбаев илгиртпей жөнгө салат деп мен ашкере ишенчиликтүү айта албаймын! Анткени, резервибизде жетишээрлик буудайдын өзү жок! Чындыгында, бүгүнкү күндө өлкө туташ ачкачылык абалында турат. Мындай жагдай, албетте, карапайым калкты ого бетер жакырчылыкка түртүп, жакын арада өлкөбүздө анык жут болот дегенди ачык туюндурат.
- Төлөгөн мырза, кыска, бирок, нуска жана ачык-айрым маегиңиз үчүн ыракмат! Жооптуу ишиңизди ылайым ийгилик жылоолосун!

Кепке тарткан:
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош шаары




  Түштүктөн кат

ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ
ЭЛ ПИКИРИ МЕНЕН ЭЗЕЛИ ЭСЕПТЕШПЕЙТ...
Ош жана Жалалабат шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын баш директору-министр Жантөрө Сатыбалдиев президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясынын жетекчиси болуп ишке киришти. Бирок, бу инсан туурасында айтаар сөз али алдыда.

Мырзабек АКМАТОВ, "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин төрагасы: - Личность сыңары мыкты болушу ыктымал. А бирок, элдин үнүн угуп, ой-пикири менен эзели эсептешпейт. Маселен, Ошто губернатор кезинде миллиондогон сомдорду ашап койгондугу айтылып жүрөт, тилекке каршы, ал жоругун ашкерелөө аягына дале чыга элек. Эгерде бул сапар Сатыбалдиев үмүттү актап, таза иштебесе, катуу эскертип коеюн, эл жөн эле көтөрүлөт.
Жумакан, Ош шаарынын тургуну: - 1977-жылдан бери эки балам менен Ош шаарынын ар жеринде көчүп-конуп жашап келатам. Былтыркы коогалаңдан куп эле жапа чектик. Жантөрө Саттыбалдиев тополоң маалында жабыркагандарга бүткөн үйлөрдүн көбүн, менин угушумча, жалаң өзбектерге гана тартуулап ийди. Албетте, аны үчүн акысын алды да, болбосо антпейт эле. Бизге окшогон бей-бечараларга эмдигиче там дагы тийе элек.
Мелисбек ЭРЖИГИТОВ, Ош жана Жалалабат шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын мурдагы баш директору-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин басма сөз катчысы: - Жантөрө Жолдошевич өтө оор жана опурталдуу мезгилде иштеди. Өзбегинин да, кыргызынын да көңүлүн тегиз алып, тилин таап, жаратты абдан тез сакайтканга катуу жардамдашты. Бул аркылуу эркинин күчтүүлүгүн, ашкере сабырдуулугун, маселени илгиртпестен убагында чечкенге маш кашкайган ишбилги экендигин ашкереледи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош шаары

Редакциядан: Биз жарыялаган эл пикиринин чекеси гана. Кабарчыбыз маселени кең-кесири иликтөөгө киришти.